ЖАҢЫ СЕЗОН, ЖАҢЫ КУРАМДАР...

“Тамашоу” долбоорунун 4-сезону старт алып, күлкү күйөрмандарын 22-23-октябрь күндөрү Спорт Ордосуна чогултту.
Жаңы сезондо айрым командалардын курамы өзгөрүптүр. Айрыкча алыскы аймактардан келген командалар куйкум тамашалары менен элди өзгөчө күлкү-шаңга бөлөштү. Концерт бүтө электе эле сыртка карай агылган элди алып баруучу Эрмек Нурбаев “ким аягына чейин отурбаса, ал – Шрек, Телепузик” деп тамашалап кармап отурду. Анда өнөрпоздордун тамашаларына көңүлүңүздү бурабыз.

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлер дебатта.
Журналист: – Каркыраны ким саткан?
Талапкер: – Каркыраны саткан эмеспиз. Ал өзү ошондой, күзүндө учуп кетет, жазында кайра учуп келет. Табиятынан ошондой жаралса не кылалы?!

(“Жигиттер”)

Жүргүнчү айдоочуга:
– Байке, Бөкөнбаевадан токтоп коёсузбу?
Айдоочу: – Ай, бала, кыргызча сүйлөбөйсүңбү?! Улуу гуманист, айкөл, акын, жазуучу Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн токтоп коюңузчу десең боло?!
Анда жүргүнчү: – Улуу гуманист, айкөл, акын, жазуучу Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн токтоп коюңузчу!
Айдоочу: – Улуу гуманист, айкөл, акын, жазуучу Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн өтүп кеткенбиз эчак эле.

(“NutsТан”)

Чөптү ушалаш аста-аста, чегип коюш бир паста.

(“Көлдүктөр”)

Кыргыздын макалдарын орус­чага которобуз.
Кыздуу үйдө кыл жатпайт. – Если дома нет волос, значит дома пылесос.
Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат. – Если сильный человек, то он – боксёр, если умный человек, тогда – морадёр.

(“Саяктар”)

Журналист президенттикке талапкерге суроо берип жатат:
– Сиз коррупция менен кантип күрөшөсүз?
– Мен коррупционерлердин өпкөсүн үзөм!
– А эгер коррупционер таластык болуп калсачы?..

(“УКГ”)

Сен таза болсоң, мен таза болсом, шейшеп да таза болот...

(“Позитив”)

Урматтуу кыздар, силерге пайдалуу кеңеш:
Жигиттердин кыялындагы идеалдуу кыз болуш үчүн топтомолок топко окшош болгула, жигиттер артыңардан кууп жетпей жүрө берсин. Ал эми, улуу урматтуу мырзалар, силер дарбазачы болгула, анткени “илибой” топ өзү эле келе берет. Бирок тебилген топтор да...

(“КГБ”)

Роза Исаковнанын телефону шыңгырап, “Тамшандырган, ай, таластык кыз, ай...” деп ырдап калат.
Роза Исаковна: – Алло...
Белгисиз үн: – Жети күү-ү-үн, жети кү-үү-үн!
Роза Исаковна: – Ким бул?
Белгисиз үн: – Жети күн калды...
Роза Исаковна: – Хе-хе-хе... Алмаз мырза, койсоңузчу ушундай тамашаңызды!

(“Чез”)

Билесиңерби, “олимпиада” деген сөз Баткенден чыккан. Айылдын башында Алим деген ака жашайт, ал эми “пиада” деп бизде жөө басканды айтат. “Алим каякта?" деп сураса, “Алим пиада келатат” деп айтылып, Алимпиада сөзү жаралган.

(“КГБ”)

Президенттикке талапкер БШКга келип:
– Мени талапкерлердин тизмесинен чийип саласызбы?
– Мейли, чийип салайын.
– Эми 100 миң сомумду бериңиз!
– Ой, сизге эмне болду? Бизге так сиздей татыктуу президент керек болчу.
– Жок, акчамды бергиле. Апам болбой жатат, "балам, Кыргызстанда эле жашайлычы, не кыласың?!" деп...

(“Позитив”)

Биринчи күндүн жеңүүчүлөрү:
Мыкты оюнчу – Санжар (“Достук”)
Мыкты тамаша – “Брюс Ли сүйүктүүсү менен кафеде” (“KG 77”)
жана “Кичинекей Жалилдин тамашалары” (”Вукинги”)
Мыкты команда – “Моника Белуччи”
Экинчи күндүн жеңүүчүлөрү:
Мыкты оюнчу – Самат (“Ак-Өргө city”)
Мыкты тамаша – Роза Отунбаевага пародия (“Чез”)
Мыкты команда – “Ак кеме”

Лунара Бекиева
tamasha@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
honestbek
2011-11-29 00:28:31
азаматтар КЫРГЫЗ тамашасы жашасын кылымга!!!
0
№ 469, 28-октябрь - 3-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан