Кэтрин Бигелоунун №1-террорчу Бен Ладен тууралуу тартылган тасмасынын бет ачары башка күнгө жылдырылганы айтылууда. Себеби тасма АКШда боло турган президенттик шайлоого таасирин тийгизбесин деген чочулоодо экен. Анткени тасманын чыгышына каршы болгондор "Барак Обаманын рейтингин көтөрүүнү максат кылууда" деп айыпташкан.