Дүйнөнү өзгөрткөн 13 эркек. УИЛЬЯМ ЛИР

ЭНЕСИ ЖҮРӨГҮНҮН ҮШҮН АЛЫП КОЙГОН
Техника тармагында атын тарыхта калтырган Уильям Лир 1902-жылы 14-майда АКШнын Мичиган штатынын Ганнибал шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы жөн гана уста болгон. Апасы Гертруданын улуту немис эле. Ата-энеси Лир 6 жашка чыкканда ажырашып кетишет. Апасынын колунда калган Уильям 11 жашка толгондо апасы экинчи ирет турмуш жаңыртат.
Христиан дининин жаңы бир агымына мүчө болгон энеси уулун таптакыр башкача тарбиялаган. Башкача айтканда, сөз менен тарбиялоонун ордуна күч колдонуп, сабап өстүргөн. Кыздар менен такыр сүйлөштүрчү эмес. Себеби өзү үй-бүлөдөн бакыт таппагандыктан, үй-бүлөнү темир тор, ал эми эркекти кыздар азгырып жаман жолго салат деп эсептеген. Андыктан көбүнчө үйүндө жалгыз калган Уильям кичинекей кезинен техника менен электроникага кызыга баштайт. Китеп окууга да көп убакытын коротот. Мунун баары ага ийгилик алып келет. Тактап айтканда, 12 жашында радиоприёмникти ойлоп таап, Морзенин алиппесин үйрөнгөн.
Мектептен пайдалуу бир нерсеге үйрөнөм деп үмүттөнгөн Лирдин ою ордунан чыкпайт. Ошол себептүү мектептен көңүлү калып, 8-класста эле окууну таштап коёт. Энесинин ушунчалык таш боордугуна чыдабаган инноватор 17 жашында үйүнөн качып, Голливудга барып өз бактысын табууга аракет кылат. Тилекке каршы, ал жактан бактысын таба албай, 20 жашында Денвердеги деңиз флотуна аскердик милдет өтөөгө барат. Дал ошол жерден техника тармагынан жашоодогу өз жолуна түшөт.
Апасы психикасына ушунчалык таасир бергенин мындан билиңиз, 1978-жылы Лир 76 жашында өлөр алдында “Апа! Апа! Болду, токтотчу!” деген сөздөрдү айткан экен.

150 ПАТЕНТТИН ЭЭСИ
60 жашында жасаган учагы аркылуу дүйнөгө таанылган Лирге массалык маалымат каражаттары Төрө Лир деген каймана атты ыйгарышкан. Ал 8 класстык гана билими болсо да, табият берген таланты менен адам баласынын жашоосун жаңы нукка бура алды. Лир эмгек жолунда жалпысынан 150 патент алууга жетишет. Анын көпчүлүгү жогорку техникалык электроника жана авиациялык техника тармагына таандык. Алардын арасында (1924-жыл) автомобилдик радиоприёмник, авиациялык курстук система (1946), автопилот (1949), реактивдүү учак (1963) жана башкалар бар. Лирдин тапкычтыгы ар дайым айланасындагыларды таң калтырып келген. Себеби “бул нерсени жасоо мүмкүн эмес дебегилечи” деген сөздү айтуу менен көп нерсени жасаганга жетишкен.
Уильям 1939-жылы “Лир Инк” компа­ниясын негиздеп, автопилот аппаратын чыгара баштайт. Мындай аппараттарды Экинчи дүйнөлүк согушта 100 миллионго жакын чыгарып сатышат. Бул жылдары Уильям көп киреше таап, Швейцариядан аянты 27 миң чарчы метрлик Ле Ранч аттуу жер ээлигин сатып алат. Купулуна толгон ал жерде Лир көп убакытын өткөргөн.

САБАТСЫЗ КОНСТРУКТОР
Бир ирет Ле Ранчка учуп баратып эски, талкаланган истребитель учагын көрөт да, анда жаңы идея жаралат. Көп өтпөй жаңы реактивдүү учакты куруу идеясы менен компаниянын Директорлор кеңешине кайрылат. Бирок бирөө да аны колдобой коёт. Ошондо инноватор өзүнө гана ишенип ишин баштайт. Алгач “Лир Инкти” сатып, андан түшкөн акчанын баарын жаңы учак курууга жумшайт. Ошентип, АКШнын Канзас штатында “Лир Жет” компаниясын негиздейт. Профессионал инженерлер анын киришкен ишин угуп, алгач шылдыңдап күлүшөт. Алардын ою боюнча, эч кандай техникалык билими, авиация боюнча түшүнүгү да жок адамдын килейген учакты жасоосу мүмкүн эмес эле. “Лир учак жасаган күндө да, анысы учпайт” дешкен алар. "Акыркы күлгөн мыкты күлөт" дегендей, Лир швейцариялык Р-16 реактивдүү истребителин өнүктүрүп, 1963-жылы реактивдүү Лир Жет учагын жасап чыгат. Бир жылдын ичинде ал модага айланып, каалоочулардын саны абдан арбыйт. Ал анык инноватор катары дагы жаңы нерсени ойлоп табуу үчүн 1966-жылы Лир Жетти сатып жиберет. Эч нерсеге карабай өз идеяларын бапестеген Лир изденүүсүн уланта берген.
Үй-бүлөсүндө жалгыз өскөн инноватор 4 жолу үй-бүлө күткөн. Андан сырткары ондон ашык ойноштору менен таанылган. 4 жубайынан 7 балалуу болуп, 1978-жылы 76 жаш курагында дүйнө салган.

Азамат Абдраев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Jamal
2011-11-03 11:59:47
Азамат, балким дуйнону озгортконго аялдар да жардам берип журбосун? алар жонундо деле жазып койчу...
0
kyrgyzajym
2011-12-12 18:12:24
Vaaau,soz jok talantyna.
0
№ 469, 28-октябрь - 3-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан