Ырчы Азат Болотбек жакында жоокердик милдетин өтөп келген. Аскер кызматы жагып калганбы, айтор, кайра жөнөп кеткенин билдик. Көрсө, ырчы лейтенант чинин алуу үчүн аскердик кызматын улантууну чечиптир. “Келечекте аскер кызматында да иштесем дейм. Анткени ырчылык түбөлүктүү кесип эмес да. Ошондуктан лейтенант чинин алуу мага ашыктык кылбайт”,- дейт кудуңдаган Азат.