Гезитибиздин өткөн сандарында “Супер сулуу-2011” сынагында 1-турга өтпөй калган кыздардын сүрөттөрү www.super.kg сайтына жүктөлүп, сайтыбыздын колдонуучулары добуш берип жатканын эскерткенбиз. Добуш берүү соңуна чыгып, алдыңкылар аныкталды. Эми бул бийкечтер да финалга катышып, өзүн көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Финал декабрь айында өтүп, “Супер сулуу-2011” сынагынын жеңүүчүсү аныкталмакчы. Интернет добуш берүүдө жеңген бийкечтер төмөнкүлөр:
ТУМАР БЕГМАТОВА, КРСУнун студенти.
– Сен үчүн кыргыз мырзаларынын секс-символу ким?
– Ой, азырынча андай адамды билбейм бизден. Секс-символ деген нерсеге толук жооп берген адам бизде али чыга элек, андайга али жетише элекпиз го...
– Кимди сулуулуктун эталону деп эсептейсиң?
– Актриса, фотомодель жана коомдук ишмер Одри Хепбёрнду айтар элем. Ал назиктиги жана сулуулугу менен кыздарга сабак болчудай. Одри учурунда көпчүлүктүн музасы болгон.
АЙСУЛУУ ӨМҮРАЛИЕВА, Бишкектеги Юридикалык колледждин студенти.
– Сексуалдуулук дегенди кандай түшүнөсүң?
– Сексуалдуулук дегенде сырткы келбетти түшүнөм. Сулуулугу менен өзүнө тарткан, чектен чыкпай кийинип, өзүн жарашыктуу алып жүргөн адам. Болгону, сексуалдуулукту эч убакта “вульгарность” менен чаташтырбоо керек!
– “Сулуунун болбойт жүрөгү” дешет...
– Андай эмес, сулууларда деле жүрөк болот. Алар деле эл катары жүрөгүн бир адамга арнап, туруктуу сүйүүнү каалашат.
АЙТУРГАН ИСРАИЛОВА, КУУнун студенти.
– “Эркек маймылдан бир аз сулуу болуш керек” дегенге кошуласыңбы?
– Ооба, кошулам. Эркектердин чырайына караганда ички дүйнөсү кызыктырат мени.
– Сынакта жеңип чыгуу үчүн кандай курмандыкка бара аласың?
– Колумдан келген аракетимди жумшайм.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg