“Ата Мекен” фракциясынын отурумунда кээ бир депутаттардын иш сапарларга жардамчыларын, жадакалса бара турган топко айдоочуларын да кошуп жөнөтөрү тууралуу айтылды. Ушундан улам эл өкүлдөрүнүн ар биринин иш сапары 10 миңден 100 миң сомго чейинки каражатты чапчыры маалымдалат. Эми ушундай көрүнүштү тизгиндөө үчүн ар бир фракциядан бирден өкүлдү камтыган комиссия түзүлдү. Анын мүчөсү, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Равшан Жээнбеков ар бир депутатты камсыздоо үчүн мамлекет 4 миллион сом, парламенттин унаа коюлуучу жайын тейлөөгө 200 миллион сом сарпталарын айтты. “Парламенттин бюджети 2012-жылы 1 миллиард сомго көбөйгөн. Бул каражат аппаратты камсыздоо жана айлык акыларды жогорулатуу үчүн керектелет. Бирок муну 20-30 пайызга кыскартышыбыз абзел”,- дейт депутат.