ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Италия

МАМЛЕКЕТТИН КАРЫЗЫН ЭЛ ТӨЛӨМӨЙ БОЛУП ЖАТАТ
Италиялык ишкер Жулиано Мелани өлкөнүн тургундарын мамлекеттик карызды өз чөнтөгүнөн төлөөгө чакырды. “Мамлекет жыл сайын карыздын пайызын төлөөгө бюджеттен 260-270 миллиард евро коротот. Эгер ар бир италиялык 4,5 миң евродон топтосо, мамлекеттик карыздын пайызын жаба алабыз”,- дейт ал. Италиянын карызы 1,9 триллион евро, ал ички дүң продукциядан 120 пайызга жогору. Экономикада мындай көрүнүш мамлекет банкрот болуу алдында турат дегенди туюнтат.

Франция

ҮЙҮ ЖОК КИШИ СУУГА АГЫП КЕТТИ
Өлкөнүн түш­түгүндө нөшөр­лөп жааган жамгырдан улам 600гө жакын адам башка жакка көчүрүлдү. Анда үч адам каза тапкан. Эро департаментинде (административдик бөлүнүш) 51 жаш курагындагы үйсүз адам уктап жаткан абалында сууга агып кеткен. Ошондой эле картайган эки киши сууга чөгүп каза тапты. Вар жана Корсик департаментинин 16 миңге чукул тургуну электр жарыгысыз калган. Франциянын 83 департаментинин 12синде суу каптоодон улам кооптуу кырдаал бар.

Орусия

МИГРАНТТАР ОРУС ТИЛИН БИЛҮҮГӨ МИЛДЕТТҮҮ
Мигранттар боюнча мыйзамга “Орусияга жашаганы, иштегени келген ар бир адам орус тилин билиш керек” деген өзгөртүү киргизилмекчи. Анын негизинде 2012-жылдан тарта мигранттар орус тили боюнча сынак тапшырышат. Мындай сунушту Федералдык миграция кызматы киргизди. Алардын айтымында, Орусияда 9 миллионго жакын чет элдик жашайт, анын 29 пайызы гана орус тилин билишет. Ошондой эле эмгек мигранттарынын орус тилин билбегендиги улуттар аралык мамилелерди оордото тургандыгы белгиленет.

Беларусь

МАМЛЕКЕТТИ 120 МИҢ АСКЕР КОРГОЙТ
"Биз өз үй-бүлөбүздү, үйүбүздү жана жерибизди эркек катары коргой алышыбыз керек. Бул – милдетибиз”,- деп Беларустун президенти Александр Лукашенко билдирди. Кептин учугу өлкөдөгү 50 миң куралдуу күч аскерлери бар болгонуна карабай андан тышкары дагы 120 миң аскерден турган аймактык аскерликти түзүү чечими чыгарылганына барып такалат. Чечимдин негизинде губернаторлорго генералдык наам берилет. Губернаторлор башкарган аймагын толук кандуу көзөмөлгө алып, коопсуздукту камсыз кылып турушу кажет. “Жаңы аймактык коргоо аскерлеринин ар бирине курал-жарактар бекитилсин” деген чечим да чыгарылган.

Түркмөнстан

ТҮРКМӨНБАШЫНЫН ЭСТЕЛИГИ КАЙТТЫ
Туңгуч президент Сапармурат Ниязовдун алтын менен жалатылган айкели кайрадан Ашхабад шаарына орнотулду. Эскерте кетсек, 1998-жылы орнотулган айкел 2010-жылы Гурбангулы Бердымухамедов президенттик такка келгенден кийин алынып салынган эле. Анткени Түркмөнстанда Ниязовдун бийлигинин учурунда бир адамга сыйынуу күчөп кеткен. Эстелик мурункудай эле 95 метрди түзүп, күндүн жылышы менен монумент да күн карамадай айланып туруучу механизмге ээ болот.

Япония

КАЙРАДАН ЖЕР ТИТИРӨӨ
8-ноябрда Японияда күчү 6,9 баллга жеткен жер титирөө болду. Жер титирөөнүн очогу өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан Окинава аралынын жээктеринен 220 чакырым алыстыкка туш келди. Жабыр тарткандар жана бузулган имараттар тууралуу маалымат жок. Цунаминин коркунучу жок экенин да сейсмологдор кабарлашууда. Эске салсак, Японияда соңку кыйратуучу жер титирөө 2011-жылдын 11-мартында болуп өткөн. Артынан цунами каптаган бул кырсыктан 20 миңдей адам набыт болгон.

Турдугүл Каримова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
monchok
2011-11-14 14:30:40
Италиянын президенти кетет окшойт эми
0
jankakg
2011-11-14 15:30:01
Berlusconi uje kyzmattan ketti!
0
nurstudentt
2011-11-15 18:57:02
россия орус тили боюнча маселе карабай эле койсо болот андан коро биздин киргизия карабайбы кыргыз тилди,орус тили ансыз деле дуйнодо орду норм а кыргыз тиличи .....Биздикилер болсо бийлик болуштурушуп эле отурушат,Бели баш орубай .адамга биринчи уят керек.Уялбагандан озун уял.Биздикилер эч теке болбогондой сулойберишнт........
0
Rostov-on-Don
2011-11-15 23:37:18
nurstudentt, Кыргызчаны суйлой алат экенсин,грамматика б-ча деле туура жазчы!
0
№ 471, 11-17-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан