ТЕРИДЕН ТИГИЛГЕН КЫШКЫ БУТ КИЙИМДЕР

Кышкы бут кийим тандоо боюнча пайдалуу кеңештерди сунуштайбыз.

ЖАСАЛМА ТЕРИ МЕНЕН ТАЗА ТЕРИНИН АЙЫРМАСЫ ЭМНЕДЕ?
Базарданбы же дүкөндөнбү, айтор, кышкы бут кийим сатып алууда колдон келсе териден тигилгенин тандаганыңыз туура. Жакшы иштетилген тери бут кийим ысык-суукка чыдамдуу келип, бутта жагымсыз жытты да пайда кылбайт. Бирок көп учурда жасалма териден тигилгендерин таза териден деп сата беришет. Көпчүлүк сатып алуучулар да алардын айырмасын билбегендиктен, ишенип, сатып алышат. Андыктан төмөнкү кеңештерди окуп, таза терини жасалма териден айырмалоону билип алуу оң.

КАНТИП АНЫКТАСА БОЛОТ?

  • Бут кийимдин үстүнө бир аз суу тамчылатыңыз. Эгер суу материалга сиңип кетсе, анда ал таза тери. Жасалма териге болсо суу сиңбейт. Себеби анын тыгыздыгы жогору болгондуктан, сууну жакшы өткөрбөйт.
  • Алаканыңызды бут кийимдин материалына тийгизиңиз. Эгер материал жылый баштаса, демек, ал таза тери. Себеби алакандагы нымдуу жылуулукту таза тери өзүнө сиңирип алат дагы, кайра жылуулук берет. Ал эми жасалма тери нымдуулукту өзүнө сиңирип ала албагандыктан, кайра жылуулук берүүгө мүмкүнчүлүгү жок.
  • Ширеңкени күйгүзүп, материалга тийгизип көрүңүз. Таза тери отко чыдамдуу болгондуктан, эч кандай өзгөрүү байкалбайт. Эгер жасалма болсо, ширеңкенин жалыны тийген жерде күйүктүн тагы калып калат.
  • Материалдын чет жагын, тактап айтканда, кесилген жеринин кырын караңыз. Бул үчүн сыдырмасы же боосу тарабына көңүл буруу кажет. Аталган жерлерде материалдын жиптери байкалса, анда ал жасалма.

ҮСТҮҢКҮ БӨЛҮГҮ
Бут кийимдин үстүңкү бөлүгүнүн ички бети толугу менен мехтен болуусу абзел. Ошондой эле үстүңкү бөлүк таман бөлүккө кошо тигилгени (клейдин ордуна жип колдонулуусу) жакшы.
Бул бут кийимге жабышкан кар эригенде кошулган жерлердин ажырап кетүүсүнө жол бербейт. Ал эми клей менен чапталса, суу тийгенде клейи чыгып, бат эле жараксыз болуп калат.
Үстүңкү бөлүктүн материалынын сапаттуу экендигин билүү үчүн бут кийимдин баш жагын жана согончок тарабын манжаңыз менен басып көрүңүз. Эгер манжа менен басылган жердеги чуңкурча кайра калыбына келсе, демек, ал сапаттуу жасалган. Ал эми чуңкурча түзөлбөгөн бойдон калса, анда сапаты начар.
Кээде өзгөчө башы учтуу келген бут кийимдердин уч жагында мех жок болот. Мындайлар муздак тартып тургандыктан, аларды алуудан баш тартканыңыз туура.

ТАМАНЫ
Кыштын күнү көчөлөр күнүгө тазаланып турбагандыктан, кар менен музду эске алып, таман бөлүгү жылмакай эмес бут кийим тандоо зарыл. Мындан сырткары таманы канчалык калың болсо, жылуулук да ошончолук сакталат.
Сатып алып жаткан учурда таманын болушунча ийип көрүңүз. Жакшы иштетилген материалдан жасалган бут кийимдин таманы ийилчээк келет. Ийилчээк болсо, суукта анын тоңуп жана сынып калуу коркунучу жок. Эгер ийип жатканда көп күчтү талап кылса, андай тамандар суукта тоңуп, сынып калат.

ӨЛЧӨМҮН ТУУРА ТАНДОО – БУТ КИЙИМДИН ӨМҮРҮН УЗАРТАТ!
Бутубузга чак, туура келе турган өлчөмдү тандоо эң маанилүү. Себеби өлчөмү тар болгон бут кийимдин тигилиштери сөгүлүп, чоюлуп, тез айрылат. Мындан сырткары бутту кысып, ар кандай ооруларды пайда кылат.

  • Бутуңузга ыңгайлуу экендигин билүү үчүн кийип көрүп, ары-бери басыңыз.
  • Жарым өлчөм чоңураак алганыңыз жакшы. Себеби кыштын күнү калың байпак киебиз. Мындан сырткары бутту кысып турса, ал эч качан бутту жылуу кармай албайт. Андыктан бут жылуу болсун десеңиз, бутту кысып жаткан фасонду алуудан качыңыз.
  • Бир аз кийгенден кийин чоюлуп, бутка туура келип калат деген туура эмес. Бут кийим чоюлуп, бутуңузга ыңгайлашканча, биринчиден, бутту кысып, оорутат. Экинчиден, чоюлган бут кийим өзүнүн баштапкы формасын жоготуп, көрүнүшү бузулат.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Jaigz
2011-11-14 11:43:52
Рахмат кенешинерге, туура бут кийим чоюлат деген туура эмес, чоюлат деп сатканда алып алып аябай кыйналдымда
0
bakutboy
2011-11-14 16:17:20
озу негизи бут кийим саткандардын териси деле начар болуш керек (кээ бирлериники)жакында бир туфли алдым сатуучуга кичинирээк болтат десем кийгенден кийин бир- эки сууга бассаныз калыбына келип калат дейт тооба
0
Tokmok
2011-11-14 17:24:59
jakshyken kenesh paidaluu, rahmat
0
19zamir87
2011-11-14 21:18:41
Кыш келди , бут кийим тандоо керек.Сиздердин кеңешиңиздерге таянып бут кийимдин таманын 90 градуска ийип,кийип нары-бери чуркап,жада калса топ тээп көрүп,ширеңке менен күйгүзүп отко салса күйбөс,сууга салса чөкпөй турганын аламын!
Рахмат кеңешиңиздерге!!!
0
gwen
2011-11-14 22:38:07
Super rahmat kenewinerge, abdan paidaluu eken.
0
Cyldyzka
2011-11-15 11:56:05
da sonun paydaluu keneş rahmaaaat
0
aku
2011-11-15 12:30:38
Ширеңкени күйгүзүп, материалга тийгизип көрүңүз. Таза тери отко чыдамдуу болгондуктан, эч кандай өзгөрүү байкалбайт. Эгер жасалма болсо, ширеңкенин жалыны тийген жерде күйүктүн тагы калып калат.))))) satuuchu ele kuiguzup karap turat deit.
0
elkerez
2011-11-16 02:11:43
jakshy but kiyim baasynan ele bilinet
0
Kyrg
2011-11-18 13:58:19
elkerez,

Баасы мынча деп кымбат сата берсе, жакшы экен деп ала берген деле болбойт. Мин сомдукту беш минге сатып жатышпайбы. Таанып билуу керек качествосун.
0
Kyrg
2011-11-18 14:05:51
Откон эле жумада алдым эле сапоги. Каап!!! таманы тигилгенин алсам болмок. силерди окуп алып таманын карасам клей менен чапталыптыр, ажырай баштаптыр бат эле. Ошондо да кожа деп бироону алып 5000 сомго кубанып эжеме корсотсом. Иий кожаны тааныбайсынбы коп болсо 1500 эле турат деп бул жакта жазылган кенештерди берди да. Откоруп кожанный ал деп урушкан. Откоруп анан чын эле карасам айырмасы коп экен. Беш мин десе эле кожа экен деп ойлодум да мен.
0
Аида
2011-11-19 02:34:26
Чоооооооооон рахмат как раз ушуларды билгим келип жургон эле.Азыр эле текшерип коройунчу .
0
№ 471, 11-17-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан