Түндүк Ирландиянын Белфаст шаарында болуп өткөн “MTV Europe Music Awards” аземинде америкалык ырчы Леди Гага 4 сыйлыктын ээси болду. “Эң мыкты аткаруучу”, анан “Ушундай жол менен төрөлүү” (“Born This Way”) ыры “Жылдын эң мыкты ыры” деп табылса, ал ырга тартылган клип “Жылдын эң мыкты видеосу” болуп калды. “Фанаттары эң мыкты колдогон ырчы” категориясында да жеңүүчү аталды.