КАНЫБЕК ОСМОНАЛИЕВГЕ ТААЗИМ

Быйылкы мелдештин өзгөчөлүгү “башкы күнөөкөрдүн” 55 жылдык юбилейи менен дал келгендигинде болду. Мелдешке катышууга чакыруу Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын өкүлдөрүнө жөнөтүлсө да, айрым себептерге байланыштуу орусиялык спортчулар мелдешке катышып, атактуу Олимпиада чемпионубуздун колунан сыйлык алуу бакытына туш боло алышкан жок (өткөн жылкы мелдеште казакстандык Илья Илин чемпион аталып, Каныбек Осмоналиевдин колунан калпак менен чепкен кийип, ийгилик үчүн сүрөткө да түшкөн эле. Жыйынтыгында, “Бээжин-2008де” Олимпиада чемпиону аталды). Мелдештин салтанаттуу ачылыш аземинде сөзгө чыккан коноктор Каныбек Осмоналиевди 55 жылдык юбилейи менен куттукташып, анын бул жылдары эл үчүн талыкпастан ак кызмат кылып келгендигин баса белгилешти. Чындыгында, элибиздин бактысына жаралган инсаныбыз спортто көптөгөн жеңиштерге жетишип, өлкөбүздүн эл аралык аброюн өстүрүү менен гана тим болбостон, мамлекеттик башкы спорттук мекемелерде түрдүү кызматтарды аркалап, спортту өнүктүрүүгө салым кошуп келди. Учурда Каныбек Осмоналиевич КРнын оор атлетика мектебин жетектеп, өлкөбүздө оор атлетиканы өнүктүрүү маселелери менен алектенүүдө. Ал эми элибиздин сыймыгы өз сөзүндө: “Өлкөбүздө таланттуу оор атлетикачылар көп жана мен сөзсүз Олимпиада чемпионун көрүшүм керек”,- деп оор атлетчилерибизге кайрылды. Биз өз кезегинде ата мекендик спортчуларыбыз атактуу спортчубуздун жолун жолдоп, келечекте чоң жеңиштерге жетишерине ишенебиз. Бул мелдеште Шамшиев Болот менен Ясынахунов Ариф КРнын спорт чеберинин нормативин толтурушса, Бекзат Осмоналиев эл аралык класстагы спорт чеберине айланды. Кыздар арасында кыргызстандык спортчу кыздар гана өз ара таймашышты. Катары менен 2 күн тең чоюн билек балбандардын өнөрлөрүнө күбө болууну каалагандардын саны арбын болду. Жеңүүчүлөр кубокко кошо акчалай сыйлыктарга да ээ болушту. Негизи эле 1988-жылдан бери жыл сайын өтүүчү салтка айланган бул мелдеш оор атлетика сүйүүчүлөрдүн көңүл борборунда болуп, чоң спорттук майрамга айланды.

Улан Молдодосов – машыктыруучу

Оор атлетика боюнча көптөгөн ийгиликтерге жетишкен эл аралык класстагы спорт чеберибиз Улан Молдодосов машыктыруучулук менен алектене баштады.
Жаш спортчуларды тарбиялап баштаган спортчубуз К.Осмона­ли­­ев­­дин байгеси үчүн болгон эл аралык мелдеште машыктыруучулук дебютун ишке ашырды. Ал даярдаган Камбар Токтоналиев чемпион аталды. Эми жаш чемпион жакында Чымкентте боло турган Казакстандын ачык чемпиондугунда ЭКСЧнын нормативин толтурууну пландаштырууда. “Машыктыруучулук менен алектенип баштагандыктан, спорт менен кош айтышасызбы?” деген суроого У.Молдодосов: “Максатым – эмки жылы ири эл аралык мелдешке ийгиликтүү катышып, спорт менен татыктуу кош айтышуу. Элиме жеңиш тартуулабай кетип калсам болбой калат го”,- деп билдирди.

Нурбек Эшбаев Бишкекти багынтты

13-14-октябрда Бишкекте бильярд боюнча борбор калаабыздын ачык чемпиондугу өткөрүлдү.
КРнын Бильярд спорту федерациясы уюштурган мелдешке Бишкектен тышкары өлкөбүздүн башка аймактарынан келген кий чеберлери да катышты. “Баатыр” клубунда динамикалык (невалык) пирамида боюнча өткөн мелдеште чемпиондук үчүн 40 спортчу өз ара күч сынашты. Кызыгы, чемпиондукка башкы талапкерлер Кубанычбек Сагындыков менен Нурбек Эшбаев чейрек финалда эле кезигип, ийгилик Нурбек Эшбаев тарапка ооду. Чемпионду аныктоочу чечүүчү оюнда жалал-абаддык Нурбек Эшбаев «Сан ситинин» өкүлү Владимир Намды 7:3 эсебинде жеңип, кубок менен кошо 8 миң сомго да ээ болду. Жалпысынан бул турнир айдын аягында өтүүчү Кыргызстандын биринчилигине карата генералдык репетиция болду.

Даярдаган Базарбек Абдураимов
e-mail: sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 320, 19 - 25-декабрь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан