Ырчы Николь Шерзингер менен автожарышчы Льюис Хэмилтон сүйүүлөрүн жыйыштырышты. “Иштер көп. Убакыттын тардыгынан чанда жолугабыз. Дос бойдон эле калууну чечтик. Бул ирет биротоло” дешет жаштар. Демек, экөө тең карьераларын сүйүүнүн курмандыгына айланткылары келбеди окшойт. Эң сексуалдуу түгөйлөрдөн деп эсептелген эки жаш 2007-жылы таанышышкан. Жыл башында экөө ажырашып, кайра табышкандыктан, бул жолу деле “аларга ишенип болбойт. Эртең эле жетелешип чыга келишет” дегендер бар. Ал эми каармандар бул жолу анык ажырашкандарын баса белгилешет.
Жылдыздар арасында мындай ажырашуу сериясын жакында эле ырчы Шакира менен футболчу Херард Пике баштаган эле. Ырчынын айтымында, 6 айлык ысык мамиленин муздашына Пикенин кыз жандуулугу себеп болгон.