ФИФА ЖӨЖӨЛӨРДҮ САНАЙ БАШТАДЫ

"Барсанын" оюнчулары шампан ичүүчү күн алыс эмес дешет.

Ошентип, чоң футболдо да жөжөлөр санала баштады. Жакында 2011-жылдын “Жылдын мыкты футболчусу” наамына 23 жана “Жылдын мыкты машыктыруучусу” наамына 10 талапкер жарыяланды. Тизмеге бразилиялык Кака, англиялык Стивен Жеррард жана голландиялык Робин Ван Персинин кирбей калганы жана орусиялык “Анжинин” футболчусунун киргени таң калтырды. Башкы сыйлыкка талапкер 23 футболчунун 8и “Барсанын” оюнчулары экенин эске алсак, “Алтын топтун” Каталонияда калуусу толук мүмкүн.
“Жылдын мыкты футболчусу” наамына талапкерлер: Э.Абидаль, Л.Месси, С.Фабрегас, А.Иньеста, Х.Пике, Д.Вилья, Хави, Д.Алвеш (баары “Барселонанын” оюнчулары); И.Касильяс, К.Бензема, Х.Алонсо, К.Роналду, М.Өзил (“Реал”); Нани, У.Руни (“МЮ”); Д.Форлан, У.Снейдер (“Интер”); Т.Мюллер, Б. Швайнштайгер (“Бавария”); С.Агуэро (“Ман. Сити”); Неймар (“Сантос”); Л.Суарес (“Ливерпуль”) жана С.Это`О (“Анжи”) бар.
Аталган номинация боюнча үч финалчынын аты 5-декабрда белгилүү болуп, жеңүүчү 2012-жылдын 9-январында аныкталат. Эске салсак, соңку эки жылдын “Мыкты футболчусу” аргентиналык Лионель Месси болсо, былтыр алгачкы жолу уюшулган “Мыкты машыктыруучу” наамы Жозе Моуриньюга буюрган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
leo10
2011-11-15 01:05:26
Однозначно Лео Месси 2.Хави 3.то же Барселонец Иньеста. 16 роналду
0
Baha.kg
2011-11-16 03:19:41
терек топ, билип болбойт, мында м.озил, д.форлан, л.суарес, у.руни да бар аларды эстен чыгарба ЛЕО.!
0
aLi.kg
2011-11-16 05:57:05
ван перси, джеко, фалькао ушуларда болуш к.к эле (((((:
0
Baha.kg
2011-11-18 17:51:23
тууру айтасын аli.kg, роббен ван перси кирбегени окунтту го адамды!
0
omurbekov1991
2011-11-28 23:27:48
kone4no #1- leo messi,#2haviniesta,#3c.fabregas
0
№ 471, 11-17-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан