Кайсы кесиптин ээси болбойлу, башаты мугалимден башталат эмеспи. Андыктан мугалимдик кесип тууралуу сөз кылгыбыз келди. Биздин каарман Талас өрөөнүндөгү Кең-Арал айылынын орто мектебинде кыргыз тили жана адабиятынан сабак берген Рахматилде Рысбаев болмокчу. “Менин мугалим болуп калуума ушул кесипти жүрөгүмдө ыйык тутуп келгеним себеп болду”,- дейт ал.
“КЛАССТАШТАН ТАЯК ЖЕП...”
– Класста жакшы окуган жана начар окугандар болуп бөлүнөт го. Мен ошол жакшы окугандардын катарын толуктап калдым. Бул үчүн мугалимден алкыш уксам, классташым Анарбектен сөгүш алчумун. Сабакта канчалык жакшы жооп берсем, ошончолук мени төпөштөйбүз деп Анарбек өзүнө бир топ балдарды кошуп алып тегеректеп, таяк менен “эмдеп” турушчу. Бирок буга баш бербедим. Ансайын көшөрүп, жакшы окуп жүрдүм. Жаман окусам, мен сүйүктүү мугалимим Абдрахман Сапаралиев агайымдай мугалим боло албай калам деген коркунуч бар эле. Агай мен үчүн мугалимдердин идеалы катары сезилчү. Ошентип, бул кесипке болгон сүйүүм кичинемден башталды. Башка кесипти тандоо оюма да келген жок.
Мектепти аяктап, Таластагы педагогикалык орто окуу жайына тапшырдым. Аны бүтүрүп, Ош педагогикалык институтунан билимимди жогорулатып, кыялыма жеттим. Жогорку окуу жайды сырттан окуганыма байланыштуу орто билимим менен башталгыч класстарга мугалим болуп иштеп баштадым. Өзүм жаш болуп туруп жаш балдарды тарбиялоо мен үчүн өтө оорураак эле. Бирок ошого карабастан, балдарга болгон билимимди, тарбиямды берүүгө бүт аракетимди жумшадым.
“ЭНЕРГИЯНЫ ОКУУЧУЛАРЫМДЫН КӨЗҮНӨН АЛАМ”
– Мугалим болуп жүрүп бир нерсени түшүндүм. Мектеп босогосун аттап жатып, мугалим өзүнүн капачылыктарын дарбазанын сыртына таштап, балдардын арасына ички дүйнөсүнөн нур чачырап тургандай кириши керек экен. Мугалимде бир өзгөчө дем болот. Күн сайын мындай демди, энергияны балбылдаган, суроолуу, кызыгып күткөн окуучулардын көздөрүнөн алат.
Балдар менен иштеп жан дүйнөмдү байытып жатканым менен, күнүмдүк жашоомдогу абалды байыта албадым. Ошол кезде алган айлыгым 30-50 сомдун тегереги эле. Ал мендей студенттин, анан да үй-бүлөлүү адамдын жашоосуна жетчү эмес. Атам кичинемде каза болуп калгандыктан, өз түйшүгүмдү өз моюнума алгандардын катарында элем. Бирок бул кырдаалдан жалгыз чыккан жокмун. Үйдө жубайымдын, жумушта кесиптешимдин ролун аткарган келинчегим экөөбүз биргелешип жеңип чыктык. Карызга батып жүрүп окуумду бүтүп, аны менен катар жеке жашоомду да четте калтырбай бирдей алып кеткениме сүйүнөм. Учурда 4 уул, 1 кыздын атасы, 10дон ашык неберенин чоң атасымын.
“ОКУУЧУЛАРЫМ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНАМ”
– Азыр мен айтчу сөз көнүмүш сезилер. Бирок МУГАЛИМДИК кесипти тандаганыма өкүнбөйм. Кайсы бир адамга жарык берип, ырыскы чачып, сүйүүңдү арнап, туура жолго салып, анын адам болуп калыптанышына өз салымыңды кошуп тургандан артык нерсе барбы? Менин окуучуларымдын арасында бүгүнкү күндө Кыргызстандын өнүгүшүнө өз салымын кошуп жаткан инсандар бар. Мен тарбиялаган балдар мугалимден баштап министр болууга чейин жетишти.
Министр демекчи, учурда мени айылдагылар Рахматилде атымды унутуп, “министрдин агайы, оо, министрдин агайы келе жатат” деп калышат. Учурда Жаштар иштери боюнча министр Алиясбек Алымкулов – менин окуучум. Аны мен 1-классынан баштап 10-класска чейин окутуп, класс жетекчиси болдум. Учурда мындай окуучуларымдын өзүн, ийгилигин көрүп, кубанганымдан көзүмө жаш алам. Эгер окуучум жаман чыгып, турмушу оор болуп, көчө таптап калганын көрсөм, ал көрүнүшкө өзүмдү күнөөлөгөн адатымды да таштай албай келем. Балдар менен иштешүү менин жүрөгүмөн түнөк тапкан. Андыктан кайда жүрбөйүн, окуучуларым, мектебим оюмдан алыстабайт.
Учурда ардактуу эс алуудамын. Эс алууга деле чыкпайт элем, көрүүмдүн начарлашына байланыштуу чыгып калдым. Бирок көзүмө операция жасатып, ийгиликтүү болсо, кайра мектепке кайтам деген оюм бар.
Бактыгүл Сокушова
koom@super.kg