Өткөн аптада айтылуу Жо Фрейзердин айыккыс илдетке кабылып, өлүм төшөгүндө жатканы тууралуу суук кабар тараган. Жакындары канчалык Жаратканга жалбарып, кереметти күтүшсө да, андай болбоду. Фрейзер дүйнө салды. Атактуу ринг падышасы Мухаммед Алини жеңген биринчи мушкер Жо аксакалды 67 жашында бөйрөк рагы о дүйнөгө алып кетти. Оор салмакта дүйнөнүн экс-чемпионунун мезгилсиз өлүмү бүтүндөй бокс дүйнөсүн кайгыга салды.
ЖОЗЕФ УИЛЬЯМ ФРЕЙЗЕР
Туулган жылы – 1944-жыл, 12-январь.
Туулган жери – АКШнын Түштүк Каролина аймагы.
Лакап аты – Түтөгөн Жо.
Жетишкендиктери – Олимпиаданын (1964) чемпиону, WBA, WBC версиялары боюнча Дүйнөнүн абсолюттук чемпиону.
Профессионалдык рингде 37 беттеш өткөрүп, 32син жеңип, 4 ирет жеңилүү ызасын тарткан. Бир ирет тең чыккан.
Артында бир уул жана бир кызы калды.
"ЭЛ МЕНИ АЛИ МЕНЕН БОЛГОН БЕТТЕШИМ ҮЧҮН СҮЙӨТ"
Жо Фрейзер бокс тарыхында улуу мушкерлердин бири болуп эсептелет. Ал 1964-жылы Токио Олимпиадасынын чокусун багынтып, 1970-жылы профессионалдар арасында супер оор салмакта Дүйнө чемпиону болгон. Ошол жылдары Фрейзердин атын оозуна албаган бокс сүйүүчүсүн жолуктуруу мүмкүн эмес эле. Көп өтпөй 1971-жылы Мухаммед Алини жеңген биринчи мушкер болуп калган. Америкалык ММКлар тарабынан “Миң жылдыктын беттеши” деп аталган айтылуу Фрейзер-Али беттешин ким билбейт? Ошондо 15-раундда Жо жеңилбес Алини нокаутка учураткан. Беттеш тууралуу Али: "Өмүрүмдө өлүмгө мынчалык жакындап көргөн эмесмин",- десе, Фрейзердин: “Эл мени Али менен болгон 3 беттешим үчүн билет жана сүйөт. Менин андан да кызыктуу беттештерим бар. Дүйнө менин жеңилбести жеңишимди каалаган. Жеңип чыгуу менен атым тарыхка жазылды. Бирок ошол эле учурда менин атымдын жанында Алинин аты да катар жүрөрүн билем”,- деп айтканы бар. Кошумчалай кетсек, андан кийин Али Фрейзерден реванш алып, чечүүчү 3-беттеште да жеңип алган.
Фрейзер үч ирет америкалык “The Ring” басылмасынын версиясы боюнча “Жылдын мыкты мушкери” болсо, анын Жерри Куори, Мухаммед Али жана Жорж Форманга каршы беттештери “Жылдын беттеши” деп табылган (1969, 1971 жана 1973-жылдары). 1990-жылы анын ысымы мушкерлердин эл аралык атак-даңк сарайына киргизилген. 1998-жылы ошол эле “The Ring” Түтөгөн Жону бокс тарыхындагы супер оор салмактагы мушкерлердин мыкты сегиздигине киргизген.
ОБАМАГА ЖОЛУГА АЛБАЙ КЕТЕ БЕРДИ
Фрейзер бокс менен 10 жашында машыгып баштаган. Ал жашаган аймакта кара түстүүлөргө басым күчтүү болуп, алар үчүн сабактан тышкаркы секциялардын эшиги жабык болгон. Кийин бокстун казаны кайнаганжер – Нью-Йоркко көчүп келгенде бокс менен машыгууга кенен мүмкүнчүлүк түзүлүп, олуттуу түрдө алектене баштайт. Кызыгы, үй-бүлөдө 11 бир туугандын кичүүсү болуп, агаларынан бирөө да колуна мээлей кийбептир. Ата-энесинин карапайым жумушчу экени айтылат.
Фрейзер акыркы маектеринин биринде бокстун учурдагы абалынын начардыгын жана анын сүйүктүү спортун куткарса, АКШнын учурдагы президенти Барак Обама куткарарын айткан. “Бокс ардагерлеринин атынан президент Барак Обама менен жолугуп сүйлөшкүм келет. Ал боксту сактап калууга аракет кылышы керек. Бир кезде бокс көрктүү болуп, бир гана чемпион болчу. Аны эл мыкты жана жалгыз чемпион катары таанып, кабыл алчу. Бүгүн ал көрктөн дайын жок. Чемпиондордун саны көп. Бокстун эрежелери өзгөрбөсө, жаңы Фрейзерлер, Алилер жана Формандар эч качан жаралбайт”.
КЫЗЫ АТАСЫНЫН ӨЧҮН АЛАМ ДЕП...
Фрейзер 15 жылдык профессионалдык карьерасынан кийин 30 жыл машыктыруучу болду. Анын колунан көптөгөн мушкерлер чыкты, бирок анын ордун эч кимиси баса албады. Ажалдын жакындап келатканын сездиби, айтор, жакында машыктыруучулукту жыйыштырып, калган эчкинин жашындай өмүрүн дүйнө кыдырып, жер-жерлерде күйөрмандары менен жолугууга бөлүүнү туура көргөн. Бирок ага да жетише алган жок. Алма сабагынан алыс түшпөйт эмеспи, анын жолун жолдоп уулу Мэрвис жана кызы Жэкки да мушкер. Кызы Жэкки атасынын өчүн алам деп Мухаммед Алинин кызы Лейла Али менен беттешкенин билсеңиз керек. Бирок Лейла даңазалуу атасынын кызы экенин далилдеп, жеңилген эмес.
ОШОНДОЙ ЭЛЕ...
Жо Фрейзер 1994-жылы режиссёр Ника Стаглианонун “Периштелердин жайы” тасмасында башкы ролдордун бирин ойногон. Баалаган актёру Стивен Сигал болчу.
Рок-музыканы сүйүүчүлөрдөн эле. Түнкү клубда ырдаган “Нокауттар” деген топ түзгөн.
Али менен Фрейзер алгачкы беттешинен кийин 13 жыл дегенде элдешишкен. Алинин өзү тууралуу тартылган “Али” аттуу тасмасына тартылуу сунушун четке кагып койгон. Али Фрейзердин өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүндө жанында болгону маалым болду.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg