Султан Каназаров, КРнын Президентинин басма сөз катчысы: «ОТУНБАЕВА ТАМАШАЛАП ЖАТАТ ДЕП ОЙЛОГОМ»

Басма сөз жана маалымат күнүндө биз ажолук сапары карып бараткан президент Роза Отунбаеванын басма сөз катчысы Султан Каназаров менен маек курдук.

КЫСКАЧА МААЛЫМАТ

  • 1981-жылы туулган.
  • КУУнун чыгыш таануу факультетин бүтүргөн.
  • Комуз чертүүнү үйрөнгүсү келет.
  • Үй-бүлөлүү, бир уулдун атасы.

– Cултан мырза, чыбыктан ат минип ойноп, тентектик жактан теңдеш чыкпаган балалык курагыңыз кайда өттү?
– Мен Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун кулуну болом. Таята, таенемдин колунда чоңойдум. Биротоло багып албаганы менен, убактымдын көбү ошол жакта, кемпир-чалдын колунда өтчү. Жазда жайлоого чыгып, мал багып, боз-ала чаң болгон балалык күндөрүм ошентип айыл жеринде калды. Менин психикалык бейнемдин же адамгерчилик сапат, инсандык калыптануумдун түпкү негизи да ошол жайлоодо жүргөн учурда калыптанды го деп ойлойм. Жөнөкөй гана кыргыздын кара тору уулумун. Көп жылдан бери шаарда жашап жүрсөм да, көңүлдө ошол эле жылаңайлак чуркап жүргөн кичинекей Султан бойдонмун.
– Ата-энеңиз сиздин ким болушуңузду каалашчу?
– Мектепте окуп жүргөндө эле эл аралык мамилелер факультетинде окугум келчү. Москвада же Петербургда окусам деп кыялданчумун. Бирок жашоомдо андай мүмкүнчүлүк болгон жок. Мектепти бүткөн соң Кыргыз улуттук университетинин чыгыш таануу факультетине тапшырдым. Менден азыр да айрымдар сурап калышат "эмне үчүн врач болгон жоксуң?" деп. Анткени атам да, апам да – дарыгер. Бирок ата-энем мени кесип тандоодо эркиме койду. Менимче, ата-эне балага моралдык чектерди гана коюш керек, калганы баласынын өзүнөн көз каранды.
– Азыркы кызматыңызга алып келген жолдун чыйыры качан жана кантип башталды эле?
– Журналистикага 2001-жылы келгем. “Жаңы парламент” деген телеберүүнүн долбоорун иштеп чыгып, алпаруучу болуп калдым. Ошол долбоорду 2 жылга жакын алып бардым. Ортодо 1 жылдай тыныгуу болуп, 2004-жылы кокусунан “Азаттык” радиостанциясы өздөрүнүн жаштар редакциясын түзүп жатканын, ага сынак жарыяланганын угуп калдым. Анан ошол сынакка катышып өтүп кетип, “Азаттык+” жаштар программасынын редактору болуп дайындалдым. "Азаттык+" телеберүүсүнүн концепциясын Аида Касымалиева аттуу кесиптешим экөөбүз иштеп чыгып, биринчи алпаруучу болгонбуз. Бир топ убакыт иштеген соң ал жерде иштөө мага тардык кылгансып, форматты өзгөртүш керек болду. 2007-жылы “Репортёр Бишкек” деген гезит негиздеп, иштеп жүрдүм. Андан кийин "Азаттык" менен бирге “Фергана.ру” орусиялык маалымат агенттигинде кабарчы, кийин Апрель окуясынан кийин КТРКнын башкы директорунун орун басары болуп иштедим.
– Президенттин басма сөз катчысы болуп калышыңыздын кыскача тарыхы...
– Бир күнү жумушта отургам. Бирөө телефон чалып “сизди Роза Отунбаева чакырып жатат” деп калды. Барсам дароо эле “мага басма сөз катчы болбойсуңбу” деп сунуш кылды. Мен “жок, Роза Исаковна, колумдан келбейт го, мурда мамлекеттик түзүмдөрдө иштеп көрбөсөм. Сиз саясатчы, мен кабарчы бойдон эле калсак” деген оюмду айттым. Жарым саатча ага теледе иштеп, алдыда жеке пландарым бар экенин түшүндүргөнгө аракет кылдым. Түшүндүрө алдым го деп турсам, ал ордунан туруп, “макул, Султан, эртең 9да жумушка чык” деп колумду бекем кысып узатып койду. Мен ишенген жокмун чынында, жөн эле тамашалап койду го деп ойлодум. Эртеси бир жыйындын соңунда журналисттерге: “Бардык суроолор боюнча менин басма сөз катчым Султан Каназаровго кайрылгыла”,- деп айтыптыр Роза Исаковна. Ал учурда мен эч нерседен кабарым жок мурунку жумушумда отургам. Ошентип, бул кызматка дайындалганымды кесиптештеримден уктум.
– Жумушуңуздун катардагы күнү эмне менен башталат?
– Катардагы күнүм жаңы маалыматтарды текшерүү менен башталат. Жергиликтүү ММКлар эмне жөнүндө жазганын, чет элдик маалымат булактарында эмне жаңылык бар экенин карап чыгам. Кабарлардын баары даярдалып, аны өлкө башчы жумушка келгенден кийин киргизебиз. Бир жарым жылдын ичинде Роза Отунбаева өтө активдүү президент болду деп айта алам. Күндө эки-үчтөн коомдук иш-чараларга катышып турду, ал жакка келген журналисттерди аккредитациялоо керек.
Айтор, басма сөз катчынын жумушу абдан эле түйшүктүү. Айрымдар ойлошу мүмкүн, кабинетте эле отурат деп, чынында, андай эмес. Журналисттер кандай чуркап иштесе, мага деле ошентип иштөөгө туура келет.
– Президенттин өкүлү катары сизге кандайдыр бир саясий коркутуулар болбойбу?
– Жок. Кудайга шүгүр, Роза Отунбаева менен бир жарым жыл иштедим, бир да жолу кайсы бир саясий топ же саясатчылар менен конфликт пайда болуп, коркутуулар болбоду. Себеби биздин позиция дайыма ачык-айкын жана так. Коркутуп-үркүтүүгө негиз да болгон жок.
– Мыйзамга ылайык, мамлекет башчы ушул жылдын 31-декабрына чейин кызмат ордунда отурушу керек болчу. Бирок ал ага чейин эле ордун тапшырганы жатат дешүүдө. Мунун себеби эмнеде?
– Мен да бул суроо менен өзүнө кайрылгам. Ал: “Жок, Султан, эгер жаңы президент шайланып калса, 31-декабрга чейин тырышып отуруунун кажети жок. БШК расмий түрдө жаңы президентти жарыяласа, биз мүмкүн болушунча тезирээк кеткенибиз туура. Бул биздин бийлик үчүн тырышпаганыбыздын эң жакшы далили”,- деген аргументти айтты.
– Президент айым кызматын өткөрүп берсе, сиздин андан аркы кадамыңыз кандай болот?
– Менин ушундай сапатым бар, эч качан алдын ала өзүмдүн тагдырымды, карьерамды, жумуштук ордумду пландаштырбайм. Кудайдын буюрган бир жумушу тургандыр, анткени менин калемимди эч ким тартып ала албайт да. Журналистмин, кандай гана ММК болбосун, радиобу, гезитпи же телеканалбы, айтор, өзүмдүн нанымды таап жегенге кудуретим жетет.
– Үй-бүлөлүк очогуңузда абал кандай?
– Келинчегим Айнагүл, банкта иштейт. Ортобузда 4 жашар Умар аттуу уулубуз бар. Жумуш деп жүрүп кээде үй-бүлөгө көп көңүл бурбай калам. Ошондуктан үй жумуштарынын баарын жубайым бүтүрөт. Былтыр үй сатып алганбыз, бирок бир да жолу барып көргөн эмес болчумун. Кийин коноктор менен бирге барып жатпаймынбы. Кээде боорум ооруйт, тилекке каршы, жумуштун көптүгүнөн үй-бүлөмө жардам бере албайм.
– Кыз-келинди көргөндө көзүн тарта албай калган эркектердин тобуна киресизби же?..
– Ммм... Кандай десем?.. Келинчегим дайым урушуп калат, "кыз-келиндерге жакынсың, сулуу кыз көрсөң эле ордуңдан тура албай каласың" деп. Кээде ушул маселе боюнча үйдө түшүнбөстүктөр пайда болот. Бирок мен өзүмдү андай деп эсептебейм.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Бейне - Султан Каназаров
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
A.Almaz
2011-11-14 14:52:57
Azamat ekensin kanchalyk kyzga jakyn bolson oshoncholuk seni a9lyn kyzganat a9lyn da suluuuuuu bolush kerek eeee bankta ishtese
0
Juliana
2011-11-15 07:33:52
A.Almaz, bankta ishteenderdin baary suluu bolush kerekpi? Al emi akylduu birok suluu emes bolsochu? Bank bul modelnoe agentstvo emes da.
0
gwen
2011-11-14 23:46:41
Iygilik1 azamtsyn, baa berdim saga birok ui-bulo birinchi orunda boluw kerek. Ui-bulon bolboso sen ech kim emessin.
0
cosmopolit
2011-11-15 01:52:29
фамилиясы Каназаров эмес Канназаров болсо керек...
0
№ 471, 11-17-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан