Ар аптанын жума күнүн күткөн окурмандарыбыз үчүн чоң программадагы концертке аз калды. Салтка айлангандай, “Супер-Инфо” быйылкы жылдын жыл жыйынтыгын чыгарат. Кайсы ыр уккулуктуу, кайсы клип көз сүйүнтөт, ким мыкты? Булардын баарын аныктоочу күн алыс эмес. Келерки санда 2011-жылдын суперлерине талапкерлерди жарыялайбыз. Бүгүн болсо шоу дүйнөдөгү айрым инсандардын ойлорун билип көрүүнү туура көрдүк.
"СУПЕР ЫРЧЫ МЫРЗА" НААМЫНА КИМДИ СУНУШТАЙСЫЗ?
Жаныш Момунов,
аранжировкачы:
– Мен ырчы мырзалардан Омарды айта алам. Үнүнүн тембри күчтүү, таланттуу жигит. Омардай ырчылар Кыргызстандын авторитетин көтөрөт. Азыр уйкудан чочуп ойгонуп сахнага келе калганы деле, музыкалык билими жогу деле ырдап жүрүшөт. Ушулар иргелип, күчтүүлөрү чыкса дейт элем. Омар "Супер ырчы мырза" деген наамга татыктуу. Ал эми ырчы айымдардан Гүлзинат Суранчиеваны айтам. Гүлзинат экөөбүз чогуу окуганбыз, ошон үчүн мен анын профессионал ырчы экенин билем. Ырчы болом деген кыздар Гүлзинаттан ырдаганды үйрөнүшсө дейт элем.
КАЙСЫ КЛИП КУПУЛУҢУЗГА ТОЛДУ?
Сүйүн Откеев,
клипмейкер:
– Быйыл өзү сапаттуу, мазмундуу клиптер көп тартылды. Бөлүп карай турган болсок, Мирбек Атабековдун “Сага” деген ырынын клибин жакшы тартылган деп белгилейм. Анан, албетте, Султан Садыралиевдин “Эгиз жүрөгүн” мыктылардын катарына кошмокмун. "Супер клип" деген наамга жогорудагы клиптер татыктуу деп ойлойм.
БЫЙЫЛ ДА "СУПЕР ТЕЛЕАЛПАРУУЧУ"
ДЕГЕН НААМДЫ АЛАМ ДЕП ОЙЛОЙСУҢБУ?
Жанар Акаев,
2010-жылдын "Супер телеалпаруучу" наамынын жеңүүчүсү:
– Быйылкы жылы калктын калың катмарына сиңимдүү жагынан, ал тургай интернеттен, спутник аркылуу да биздин телеберүүнү көргөндөр көп болду. Анан башка телеканалдардын телеалпаруучулары кандай берүүлөрдү алып барууда, билбейт экенмин. Албетте, алардын да “Супер телеалпаруучу” наамын алганга мүмкүнчүлүктөрү бар. Наамды мен алам дегенден алысмын, баарын эл чечет.
БЫЙЫЛ “ЖЫЛДЫН ДЕБЮТУ” ДЕГЕН НААМГА КИМДИ КӨРСӨТӨСҮҢ?
Нурлан Насип,
2010-жылдын “Жылдын дебюту” наамынын жеңүүчүсү:
– Быйыл клип тартып, ыр жаздырып, аракет кылып жүргөндөр арбын. Бирок жаңы чыгып келаткан үчүнбү, эч кимиси жеке концерт беришпеди. Ошентсе да, Гүлжигит Калыковду жогорудагы наамга көрсөтөр элем. Мындан сырткары Данияр Эрматовдун ысымын атаганга болот.
КАЙСЫ АКТЁРДУ “СУПЕРЛИККЕ” КӨРСӨТӨСҮЗ?
Камчы Сарыбаев,
2010-жылдын "Супер актёр” наамынын жеңүүчүсү:
– "Супер актёр” деген наамга быйыл Азамат Арыков менен Аскат Сулайманов татыктуу дейт элем. Азамат, чынында, мыкты актёр. Өзүңөр билгендей, кино тартып, кайра өзү фильмде роль жаратты. Дегеле чыгармачылыкта тынымсыз иштеген адам.
ӨЗҮҢҮЗ ТАРТКАН ФИЛЬМДИ ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАСМАЛАРЫНА КОШОСУЗБУ?
Ырыс Жоомартова,
режиссёр:
– Мен өзүмдү да, Динараны да мактагандай болбоюн, бирок “Быйыл сөзсүз күйөөгө тием” фильмин жылдын мыкты тасмаларынын катарына кошмокмун. Анткени ушул тасма боюнча жеке мага эле канча адам мактоосун айтты. БГУда иштеген бир кыз аталган тасманы бир эмес, 17 жолу кинотеатрга барып көрүптүр.
БЫЙЫЛ КАЙСЫ ТАСМА МЫКТЫ БОЛДУ?
Гүлбара Төлөмүшева,
кино сынчы:
– Азыр так айта албайт болушум керек. Анткени жылдын аягына чейин кинотеатрда коюлчу дагы кинолор бар. Ал эми ушул айга чейин тартылган коммерциялык багыттагы тасмалардан “Бишкек, мен сени сүйөм!” жана “Гу Чжун Пёго кантип турмушка чыгууга болот?” деген фильмдерди бөлүп көрсөтө алам. Аталган кинону жараткандардын маданий-интеллектуалдык деңгээли жогору экени тарткан тасмасынан байкалып турат.
Жылдын мыктыларын бирге тандап, супер концертке күбө болосуздар!