Өз чүрпөсүнөн айрылган эненин кайгысын сөз менен жеткирүүгө мүмкүнбү? Менимче, жок. Ал түгөнбөс арман. Тилекке каршы, таш боор тагдыр алдында баарыбыз тең алсызбыз. 27-август күнү Ош-Бишкек жолунда келе жаткан эки унаа сүзүшүп, 11 адам көз жумган. Алардын арасында биздин каарман Махбурат апанын кызы Атыргүл жана небереси Розакан бар болчу.
Атыргүл кызы Роза менен
өмүрүнүн акыркы күндөрүндө.
АКЫРКЫ ЖАЙ
– Кызым 23 жашында, гүлдөп турган учурунда каза болуп калды. Беш жашар неберемди да жоготуп отуруп калдым. Бардыгынан жаманы, кызымдын эки айлык боюнда да бар эле. Кызым окуусун аяктаган соң каада-салт менен узатып, турмушка бергенбиз. Бир кыз, бир уулдуу болушкан. Жолдошу, балдары менен Бишкекте турчу. Бири-бирин сыйлап, жаман сөздү ыраа көрбөй турган жуптарга биз да, кудаларыбыз да чексиз кубанар элек. Алар бизге конокко келгенде үйдө майрам болчу. Эки неберемди жетелеп алып кызым Баткенге конокко келип турчу. Мен да неберелеримди сагынганда шаарды көздөй жөнөчүмүн. Бул жайда конок болуп, үйгө кетеримде кызым “биз да үйгө барып, өрүк теришип, жеп келели” дегенинен чогуу Баткенге жөнөгөнбүз. Мындай болорун билгенде аны Баткенге алып келбейт элем. Аттиң, кайдан билдим?! Ошентип, август айынын башында Роза менен Бекзатты алып, кызым менен айылга жөнөдүк. Ошол жайда негедир кусалыгым жазылбай бир башкача болуп жаттым. Көрсө, ал жай кызымдын жашоосунда акыркы жай турбайбы.
“Уулумду апама (кайненеме) таштайын деп жатам, кызымды бала бакчага берип, иштейин деп чечтим, апа” деп мени менен пландарын бөлүштү эле.
“ деп биз деле каршылык кылбадык. Шаарга кетер күнү кудагыйларым неберем Бекзатты алып калып, Атыргүлдү шаарга узатышты. “Кечинде үйүнө жетип калат” деп биз бейкапар өз оокатыбыз менен алектенип кала бердик.
АЖАЛГА ШАШКАН АЙДООЧУЛАР
– Оштон келе жаткан унаа менен Бишкектен келе жаткан унаа Токтогулдан сүзүшүп, эки машинадагы кишилердин баары каза болуп калышты. Унаада үч студент кыз, айдоочу, кызым, неберем, дагы бир жети жашар бала шаарда күтүп жаткан ата-энесине жетпей калышты. Экинчи унаадагы үч жүргүнчүсү, айдоочусу да мүрт кетиптир. Эки айдоочу тең каза тапкандыктан, бул жерде кимди күнөөлөйм?! Эртең менен эле күлүп-жайнап кеткен кызымдын, неберемдин жанчылган өлүгү күүгүмдө келди.
Кызымсыз күндөр өтүүдө. Эмне кылам? Кантип жашайм? Билбейм... Бул окуядан кийин ооруканага жатып дарыланып чыктым, жүрөктөгү өксүктү эч бир дарынын күчү жеңбейт экен. Жүрөгүмдүн күйүтү дале жалбырттап, кызым менен неберемдин жанчылган денеси көз алдыман кетпей, кыйнап келет.
Канча адам мендей жүрөгү сыздап, жүлүнү какшады экен?! Айланайындар, машина айдап баратып шашпагылачы! Өмүр бизге бир келген белек. Эгерде айдоочулар шашпаганда, жол эрежесин сакташканда мындай кырсык болбойт беле деп ойлоп кетем. Мендей бир да эне зыркырабасын, бир да наристе апасын жоготуп томсорбосун! Айдоочулар, адамдын өмүрүнө кайдигер карабагылачы. Эне катары, аял катары ушуну суранам.
Мальвина Уметбекова
koom@super.kg