СЫЙЛЫГЫҢЫЗДАР КУТ БОЛСУН!

Ноябрдын төртүндө президент Роза Отунбаева маалымат майданында иштеген алдыңкы журналисттерди чогултуп сый көрсөтүп, кесиптик майрамы менен куттуктап, айрымдарына Ардак грамоталарды берип узатты.
“Башка өлкөлөрдө гезиттерди жаап салышып, журналисттерге каршы күрөшүп жаткандарын угуп-көрүп жатабыз. Биз мындай жолду басып өттүк. Ал биздин кечээкибизде гана калышы керек жана андай күндөрдүн кайрылып келишине жол бербешибиз керек. Былтыр Кыргызстан үчүн абдан оор жыл болду. Ошондой оор кырдаалдарда, абал абдан курч аймактарда сиздер биз менен бирге болдуңуздар. Биз сиздер менен сыймыктанабыз!”- деп билдирди өз ыраазычылыгын ажо айым.
Президенттик мөөнөтү бүтүп бараткан ажонун колунан Ардак грамотасын алуу биздин гезиттин негиздөөчүсү Кылычбек Султановго да буюрду. Ал эми Маданият жана маалымат министринин колунан башкы редакторубуз Шаиста Шатмановага “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси ыйгарылды. Бул биз үчүн ийгиликтин башы гана.
Жалпы жамааттын атынан Кылычбек Камчыевичке, Шаиста Рахманбердиевнага “сыйлыгыңыздар кут болсун, дагы далай ийгиликтердин чокусун багынтыңыздар, бар болуңуздар, аман болуңуздар! Буюрса, биз далай чокуну багынтабыз биргеликте” деп куттук айтып кубанып турабыз!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
jaina
2011-11-14 11:06:20
Урааа, сыйлыгыңыздар кут болсун! Биз силер менен сыймыктанабыз!!!
0
snejinka
2011-11-14 12:20:20
Сыймыгыныздар кут болсун!!!!! алдыда да чооооон ийгиликтер тосуп алсын сиздерди))))
0
nejenka
2011-11-16 00:37:28
Silerdin silyliginizdar bizdin siymigibiz,chin jurokton kuttuktaym.Iygilik .
0
№ 471, 11-17-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан