Куудулубу, ырчысыбы, дегеле артистмин дегендин баары кайгы-кубанычын биринчи бизге айтып келишет. Капа болсо көз жашын төгүп кайрылса, кубанса көкүрөгүнө батпай, бизге төгүшөт. Биз аркылуу кубаныч-кайгысын эл менен бөлүшкүсү келет.
Рахман Разыков «балдарым сыйлык алышты» деп келди. Тагыраагы, Рахман Разыков түптөгөн “Бешиликтен” Каныбек Разыков, “Беш кемпирден” Гүлжайна Атаканова, “Беш тапандан” Болсунбек Стакеев “Маданияттын мыкты кызматкери” наамын алышыптыр. Эмне дейбиз, Рахман агай сүйүнгөндөй күлкү менен элди сугарып жүрө бергиле, көп иштегиле.