Быйылкы жыл Бек аттуу ырчыларга жемиштүү болуп жаткан өңдөнөт. Бири (Борбиеви) кино тартып элге тартууласа, экинчиси (Исраилову) «Ысык-Көл-2011» Эл аралык сынагынын баш байгесин жеңип, андан көп узабай Украинада өткөн «Чыгыш базары» Эл аралык сынак-фестивалында кыргыз маданиятын даңазалап кыргызча ырдап, лауреат болуп кайткан. Эми ошол эле Бек Исраилов Казакстандын борбор калаасы – Астанада чыгармачыл жаштардын 14-эл аралык «Шабыт-2011» сынагында эстрада жанры боюнча баш байгени жеңип олжолуу кайтты, азамат экен!