“Кыргыздын эски ырларын комуздун, аккордеондун коштоосунда укканды сүйгөн казактын бир бай мырзасы эми кыргыз ырларын домбранын коштоосунда угууну каалаган экен. Мага күмүш жана эликтин мүйүзү менен кооздолгон домбраны белекке берди”,- деп Айнура Салахидинова кубанып жүрөт. “Ал мырза жума сайын туугандарын, досторун чакырып тамак берип турат. Анан “кыргыз ырларын ырдап бергиле” деп бизди чакырат. Ушул жолу барганымда мага ушундай кооз домбраны белекке берди. Мен эмкисинде домбра менен ырдап, ал кишини кубантайын деп даярданып жатам”,- дейт. “Күздө күйөөгө кетем” деп жатты эле Айнура. Күз деле бүтүп баратат, ким билет, балким, казак байы келин кылып алайын деп күмүштөн домбра белек бергендир. Дегенибиз, кыргыздын ырчы кыздары казактарга кетип жатпайбы...