Бир бүркүм... БАТЫРОВ ШВЕЦИЯДАН БАШ ПААНЕК АЛДЫ...
“2011-жылдын ноябрь айынан тарта Кыргыз-Казак чек арасында жайгашкан “Токмок автожолу” пункту эми 24 саат бою иштейт”,- деп УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы маалымдайт.
Алтындын баасы 6 ай ичинде рекорддук баага жетти. Учурда анын бир унциясы(1 унция = 28 граммдын тегереги) 1774 долларды түзүүдө же анын 1 граммы 2815 сом турат.
Кадыржан Батыров Швециядан баш паанек алды. Бирок КРнын Башкы прокуратурасында бул тууралуу маалымат жок.
2011-жылдын 15-октябрынан 31-декабрына дейре темир жол аркылуу кант кызылчасын “Кайыңды-Кант” заводуна жеткирүүнүн төлөмү 20 пайызга төмөндөтүлдү. Мындай мыйзамга Өмүрбек Бабанов кол койду.
“Сауд Арабияда ажылык сапар учурунда дагы бир кыргызстандык каза таап, ошол жакта сөөгү жерге берилди. Ал 64 жаштагы Базар-Коргон районунун жашоочусу эле. Ажылыксапарга кеткендердин биринчи бөлүгү 11-ноябрда кайтып келишет”,- дейт муфтий Чубак ажы Жалилов.
2005-жылдан 2010-жылга чейин өлкөдө авто- унаалардын саны 71 пайызга өскөн.
“Центерра Голд” компаниясы вице-президенттик орунга 18 талапкердин ичинен 3 талапкерди (Кылычбек Шакиров, Турат Усубалиев жана Тенгиз Бөлтүрүковду) тандап алды. Алар Торонтодо өтүүчү дагы бир сынактан өтүшөт.
Быйылкы жылдын январь айынан сентябрга чейин Орусиядан өлкөбүзгө 1,12 миллиард доллар акча которулган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 37 пайызга көбүрөөк.
“Казакстандын Кыргызстандан ташылуучу этке киргизген тыюу салуусу жакын арада жокко чыгарылбайт”,- дейт Мал жана ветеринария департаментинин башчысы Самат Алиев.
Электр жарыгын таркатуучу компанияларга анын кардарлары 1 миллиард 178 миллион сом карыз.
Марат Эшперов президенттин жарлыгы менен Аскердик прокурор болуп дайындалды.
11.11.11 деген датада Бишкек шаарында 50 жуп үйлөнөт. Эске салсак, 2007-жылы 7-июлда (07.07.07) Бишкектин Бакыт үйүнөн 65 түгөй үйлөнүү тууралуу күбөлүк алышкан. Бул борбор калаадагы эң көп жуп үйлөнгөн күн болуп катталган.
БШКга шайлоо учурундагы кемчиликтерге нааразы болгон 127 адам арыз жазды. Анын 67си өзүн тизмеден таба албагандар.
Кыргызстанда 30-октябрда президенттик шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө 215 миллион 600 миң сом сарпталды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Ош шаарында 20-ноябрда жаштарга арналган “JashtarCamp-2011” форуму өткөрүлөт. Анын негизинде жаштар жакшы идеяларын ишке ашырууга акчалай гранттарды ала алышат.
“Манас” эпосунун кол жазмалары 10 жылдын тегерегинде жоголуп кетиши мүмкүн”,- деп билдирет Кыргызпатент.
Ахматбек Келдибеков Украинанын Киев шаарынын көчөлөрүнүн бирине Ч.Айтматовдун атын берүүнү Украина парламентинин төрагасы Владимир Литвинге сунуштады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
honestbek
2011-11-17 15:37:50
“Манас” эпосунун кол жазмалары 10 жылдын тегерегинде жоголуп кетиши мүмкүн”,- деп билдирет Кыргызпатент. дейт тушунбой калдым себеби эмне?
0
bakytbek07
2011-11-20 03:43:46
“Манас” эпосунун кол жазмалары 10 жылдын тегерегинде жоголуп кетиши мүмкүн”,- деп билдирет Кыргызпатент. мен дагы тушунбой калдым
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.