7-ноябрда Бишкек шаарындагы "Арал" кафесинде тамактангандар массалык түрдө ууланышып, 33 киши ооруканага жаткырылды. "Уулануу үйдөн алынып келинген тамак-аштан болду" деп айтылууда. Эми Саламаттык сактоо министрлиги коомдук тамактануу жайларына үйдө жасалган тамак-аштарды алып келүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун даярдамай болду. Санитардык-гигиеналык нормаларды сактабаган кафе-ресторан жана башка тамактануу жайларынын ээлери үчүн айыптардын суммасы 10 эсеге жогорулатылды. Учурдагы айыптын көлөмү 1-2 миң сомду түзөт.