Президенттик администрациянын экс-жетекчиси Медет Садыркулов, Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Сергей Слепченко жана анын айдоочусу Кубат Сулаймановду өлтүрүү тууралуу кылмыш ишинин иликтөөсү соңуна чыкты. “Аны 20-ноябрь күнү сотко өткөрүп беришет”,- деп Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев билдирди. Эске салсак, жогорудагы чуулгандуу окуя 2009-жылдын 13-мартында орун алып, автокырсыкка күнөөлүү деп Өмүрбек Осмонов 12 жылга темир тор артына кесилген. Бирок аны былтыркы жылы Апрель окуясынан кийин мыкаачылык менен өлтүрүп кетишкен.
Мелис Турганбаевдин айтымында, баары биригип иш боюнча 30 киши айыпталууда. Алар – Мамлекеттик коргоо кызматынын азыркы жана мурунку кызматкерлери, анын жетекчилиги, чек арачылар, милиция кызматкерлери менен уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү. Көпчүлүгү колго түшүрүлсө, айрымдары үй камагында, негизгилери издөөдө.
ИИМ "үч адамды өлтүрүүгө тиешеси бар" деп Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкармалыктын начальниги, милициянын полковниги Айбек Абдыразаков, Мамлекеттик коргоо кызматынын бөлүм башчысынын орун басары Тахир Рысалиев менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Рустам Сайдуев жана Санжар Сапарбековго издөө салды. Булардын сап башында экс-президенттин бир тууганы Жаныш Бакиев бар.