Ажолордон айдап ийип кутулгангабы, “экс-президент” деген түшүнүк бизге жакшы сиңе элек. Учурда депутаттар “Экс-президент жөнүндө” мыйзамынын үстүндө баш катырып отурушат. Мыйзамга ылайык, мамлекет башчы башкаруудан өз эрки менен бийликтен кеткенде “экс-президент” деген статуска ээ болуп, материалдык жактан камсыздалат. Буга КСДП фракциясынын депутаты Эркингүл Иманкожоева каршы пикирин билдирди. “Президенттин үй-бүлөсү мамлекеттин эсебинен каржыланбашы керек”,- дейт ал. Депутат Ирина Карамушкина экс-ажонун пенсиясын кыскартууну сунуштады. “Мындай көлөмдөгү пенсия өмүр бою иштебей эле мамлекеттин эсебинен жашоого мүмкүнчүлүк берет”,- деп билдирет депутат. Эми бул мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, кайрадан депутаттардын кароосуна сунушталат.