ТАШИЕВ МИНИСТР, МАДУМАРОВ МЭР БОЛОТ ДЕШҮҮДӨ

Өткөн аптанын аягында президенттик шайлоодо 2-3-орундарды ээлеген талапкерлер Камчыбек Ташиев менен Адахан Мадумаров өлкөнүн туруктуулугу үчүн нааразычылык акциялардан баш тартарын жар салышкан. Антпесе Ош менен Жалал-Абад облустарында күн сайын митингдер уюштурулуп жаткан эле. Жеңилген тараптын билдирүүлөрү таркалары менен Алмазбек Атамбаев экөөнүн эбин тапканы айтыла баштады.
Ак үйдө айланып жүргөн ушак сөздөргө ылайык, Камчыбек Ташиев Коргоо министрлигине, ал эми Адахан Мадумаров Бишкек шаарынын мэрлигине дайындалганы жатыптыр. “Тынчыбайм” деп демитип жаткандар “элим-жерим” деген чакырыктарын жыйыштырып, майлуу-сүттүү орундарды ээлеп калууга киришкен өңдөнөт. Эр-азаматтар го кызматка макул болушсун, бирок баягы эле элдин шору өз мойнунда, алар мурункудай эле саясатчылардын ширин сөздөрүнө алданган сыяктуу.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (125)
Zarina.S.1998
2011-11-18 12:14:57
мадумаров менен ташиевден коркуп жумуш бергени аткан жок.алар 2-3-орунду алганы учун.мэр министирликке да татыбайт бул экоо эски болтуруктор борулордон калган...атамбаев алга!!!!!!!!!!
0
Moskvagul
2011-11-18 14:14:33
Супер kg супер ушакчы. Кайран убакыт силердин жанылыгынарды уканга.
0
ALBIKA
2011-11-18 14:37:50
Алмазбек Атамбаев ушул кезге чейин кандай адам болбосун,кандай максат менен президент болбосун,элдин ага болгон ишеничи бул адамда жаны ой максаттарды пайда кылып ынсап берсин демекчимин.курошто бири утулат,бири утат.жыгылган курошко тойбойт болуп,женилгендери ар оюндун башын баштап бейкуноо элдин убалына калбасынчы.
0
sach
2011-11-18 15:38:52
Тундук туштуш деп болунгондун себеби эки жактын менталитети башка. Туштук жакта озбектер коп болгон учун кобунчосун ошолордун салты менен жашашат, ошолордун тилдеринде суйлошот. Тундук жакта накта кыргыздын салтын кармашат. Менин Оштон, Баткенден,Жалал-Абаддан досторум бар, озум Нарындыкмын. Айтайын дегеним суйлошуп отурсак алардын салтын айтса биздикинен башка =)
Алар уйдогулору менен телеф-н суйлошкон уксан тушунбойсун тушунбойсун.
0
ELTYN
2011-11-18 19:13:33
sach, Тобо кылдым дечи.Айырмасы жок бирдей, болсо азыраак айырмасы бардыр,туштук жакта кобунчосу кыргызча суйлойт тундуко караганда,а тундукто болсо кайдагы кыргызча кайран тил кыргызча суйлогондон уялышат кобунчосу жаштар,орусташып кеткен баары.Сен тундуктон экенсин жазганын накта кыргыздардай эмесго.Сен бул жерде жазганынын баары жомок мындайча айтканда калп.
0
solnyshko
2011-11-19 20:17:30
ELTYN, туура айттын,Бишкекте кыргызча суйлогондон уялышат,анан кыргызча суйлосон,орусча начар билет экен деп суйлошот...точно эле Тата Уландын ырындай да:"Орусча суйлобосон мырк дейт"....
0
ELTYN
2011-11-18 19:40:19
sach, 1.Ошолордун салты менен жашайт,ошолордун тили менен суйлошот деп жазып кетипсин-сен туштукто болгонсунбу?Бул жерде сен 100%баарын озун ойунан токуп жазгансын.Анан да тема тундук-туштук маселеси боюнча эмес болчу сен бул жерде болуп жарып жатасын.Анан да маскара кылып жатасын туштук жакты.Тундук-туштуктун салты бирдей айырмасы жок.Менин сага айтаарым жазганда абайлап жазчы.Озу ушуга окшогон саясий темаларды кереги жок болуп калды.Кайсыл жакты караба ушак баары.Газета окуйсунбу,телевизор,р
0
ELTYN
2011-11-18 19:51:33
sach, Газета окуйсунбу,телевизор,радио угасынбы баары ушак айтышат.Биримдикте бололучу кыргызым кичине нерседен чон конфликт чыгып кетиши мукун.Бийликтегилер кетет бирок карапайым эл калат.Тундуктон болобу Туштуктон болобу биз кыргызбыз,бир бутун элбиз.Биримдикте болсок алга карай умтулабыз онугобуз!
0
REKETIR
2011-11-18 23:30:04
sach, тарых ото начар турбайсынбы нукра кыргыз ким болгон?анын корунушу кандай?азыркы кыргызстандыктар кайдан келген?качан?озбек кайдан пайда болгон?ким кимдин салты менен жашаганын билбесен антпе сен озун изилдеп корсон канында кытайдын же монголдун каны чыгат ошондуктан бир нерсени билип суйлош керек адам баласы
0
zamir
2011-11-18 19:40:57
Ээх олуп эле кетишпейби ушулар колдорунан эч нерсе келбейт. Кыргызстанга жаны муун келиш керек, Эски муун кетмейин Кыргызстанда эч кандай онугуу болбойт себеби булар эскиче тарбия алып жана эскиче ой жугуртушот, Ал эми азыркы жаны муун бардык жактан ой жугуртуусу жакшы онуккон.
0
nuni
2011-11-19 08:46:21
ар бир коомго жараша башчысы болот деп айтылган ошого ар бирин созунорду анализ кылып корсонор ушул бийликтеги башчылар биздин пейилге жараша берилгенин билесинер
0
Lui
2011-11-19 10:04:30
Макала боюнча, дискуссия жургузсонор болмок экен, форумчулар. Ушул жердеги 10 киши ушунчалык болунуп ,жарынып жатасынар, окуп отуруп зээним кейип кетти. Жеке адамга(форумчуга) тиешелуу жаман создордун эмне кереги бар бул жерде? А макала б-ча; мунун баары саясат,канча чырылдап чыркыраган менен Бийлик башындагы "макул"деп коюп, оз каалоосун аткарат....................
0
Omur
2011-11-19 10:39:31
Чындап эле болунуу бар болбосо эмнеге чиновниктер тундук-туштук деп болушот. Жон эле Ош же жалал-Абад деп суйлошсо болбойбу?
0
kino_xxi
2011-11-19 20:13:00
Eric-81 se4n emnesin bylar sart bolso sen satkunsun tak shto oilonyp ait sozyndy je taruxtagu satkundugundu aitup bereiiinbi
0
kattoo
2011-11-20 01:21:05
Анегдот:Нарындык апасы менен кызы шаарга тушот,шаардагы элдин орусча суйлогонун коруп апасы кызына айтат:кызым шаарда элдин баары орусча суйлойт экен,экообуз дагы бири-бирибизге орусча суйлоп уйронолу дейт.Экоо маршруткада баратса апасынын далындагы жоргомушту коруп калып орусча кыйкырат"ОЙ МАМА ЖУРГААМЫШ"десе,апасы"ГАНАА"дептир... sach
0
senchi
2011-11-20 01:52:19
туштук дуп болуп туштуксуз колунардан не келет абайлап суйлоп ойлонуп жазгыла да!!! тундук баш болсок туштук журок болот!!! журоксуз жашооо жок !!! ойлон кыргыз келечек жаштардын колунда !!! ушинтип болунуп жатса бийлик колго тийсе 4ко болосунор го кыргызды!! эмне учун улуттар бирин бири которот да кыргыздар бирин бири буттан тартат !! Неге !!! ушунчалык артта калган элбизби!!!
0
Almazbek79
2011-11-20 23:50:59
Тоо Ашууну жер менен жер кылып таштап, Даагы бир область курсак ошондо болунбой калабызбы дейм?
0
Kyzyltuu
2011-11-21 05:11:03
Atambaebynar chek arany orustarga berem deptir eleder.biagy ne bolot emi.
0
bapa
2011-11-21 09:13:53
Ээ,туугандар эстесенер Акаевдин убагында жонокой эле мисал кайсыл жерде болбосун тундук туштук дебей эле суйлошо беручусун, Бакиев келегенде башталды, бирчи жерлигин билип алып анан суйлошосун.Отунбаевада коп деле эч нерсе билинген жок. Азыр коментарий окуп жатып президент тундуктон же туштуктон дешуудо, эгер туштуктон болуп калса тундуктун эли которулбосун деп тундуктун элине жакшшы иштейт эгерде президент тундуктон болсо анда наборот туштукко иштейт. Тундук Туштук деп болунбойлу! Бир элбиз!
0
makkg
2011-11-21 22:03:53
тундук-туштук деп эч ким болбойт. Буларды мына азыркы кошоматчы прессалар болуп жатышат. Былтыркы июнь окуясынан кийин озбекстанда сен кыргызсын, же сен озбексин дегендердин бардыгын камайт экен. Ошондоц кылып бир экоону камаганда эле эч тундук-туштук дебей калышабы дейм.
0
№ 471, 11-17-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан