РОЗА ОТУНБАЕВА ОРДУН МӨӨНӨТҮНӨН ЭРТЕ БОШОТОБУ?

Былтыр болуп өткөн референдумга ылайык, президент Роза Отунбаеванын мөөнөтү 2011-жылдын 31-декабрында аяктамак. Бирок шайлоонун расмий жыйынтыгы канчалык эрте жарыяланса, ажо айым ошончолук батыраак такты бошотуп берери айтылууда. Бул ноябрдын ичинде болуп калышы толук ыктымал.
БШК президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын бул аптанын аягына чейин жарыялай тургандыгын билдирди. Демек, бир жарым жыл мурун Роза Отунбаеванын мойнуна илинген каамыт жакынкы күндөрдө жаңы кожоюндуу болуп калат. Шайлоонун жыйынтыгы жарыяланган соң Отунбаева президенттикти өткөрүп бергичекти Алмазбек Атамбаев өкмөт башчылык жумушуна киришерин КСДПнын штабы кабарлады.
Эске салсак, премьер-министр шайлоого катышуу үчүн кызматтан убактылуу кеткен. Андыктан инаугурациялык салтанатка чейин Алмазбек Атамбаев өкмөт башчынын кызматын ээлей турат. Президенттикке киришкенден кийин деле жаңыдан парламенттик коалиция түзүлүп, кайрадан өкмөт башчы шайланганга чейин Алмазбек Атамбаевге эки тизгинди бирдей алып кетүүгө туура келет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
anonim
2011-11-14 13:43:04
эртерээк качыш керек Роза, а то акчаларды жок кылгандарын билинип калат
0
zulya
2011-11-19 02:36:35
anonim, мен да сага кошулам эми Розанын касяктары чыгат
0
monchok
2011-11-14 14:14:16
Башка президент шайланды болдуда кетишин керек адашып эле президент болуп калган озу
0
2011-11-15 14:17:45
чынында чон тамга менен жазганга да ылайыктуу адам эмес ош окуясы эсимден кетпейт ошого президент жана анын кошаматчылары кунолуу эртераак кач эми ато бирин биринди чукуп калбагыла
0
Zarina.S.1998
2011-11-15 14:43:15
роза коп жей элек да акайчик бакиевче ыймандуу экен
0
Kyrgyz_jigit
2011-11-16 18:20:32
Роза Исаковнага мен Рахмат айтат элем. Акыркы 1.5 жылда кылган иши, баскан турганы менен башкаларга улгу болуп урмат сыйга татыктуу болду деп ойлойм. Роза Исаковно мен учун саясатчыдан да биринчи кезекте жон гана татыктуу адам жана коомдук-ишмер.
0
sambo
2011-11-17 10:26:27
Мен КР жарааны катары убактылуу окмотту сыйлабайм.Булардын куноосу кийинчереек билинет,Роза апчебибиздин суйлоо речи абдан начар!
0
zulya
2011-11-19 02:38:44
sambo, мен да сыйлабайм
0
monchok
2011-11-17 15:20:59
ото эле начар суйлойт ым ан ун ым нн аа аа эле дей берет суйлогонун корсом башка каналга откоруп жибермей адатым бар
0
№ 471, 11-17-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан