«КАЗАКТЫКЫ» ДЕГЕНДИ «КЫЛМЫШ» АЧЫЛГАНДАН КИЙИН ҮЙРӨНДҮК
Темир Назаров сахна төрүндө пайда болгондон тарта кыргыз эстрадасында жаңы толкун башталып, Урмат Усенов, Мирбек Иманбеков, Султан Садыралиев, Акбар Сүйүнбаев, Ильяз Абдыразаков, Мирбек Атабеков өңдүү эл сүймөнчүгүнө ээ болгон ырчылар пайда болду. Алардын көпчүлүгү азыр мыкты ырчылар. Ошол жаңы толкундун келиши менен кыргыз эстрадасында бир «залалсыз оору» да пайда болгон, башка элдин ырларын уурдамай деген. Ар бирин санап отурбай анча-мынчасына гана токтололу.
Султан менен Акбардын багын казактардын «Махабатым» деген ыры ачса, Мирбек Иманбековдун багын казактардын «Жаным» аттуу ыры ачпады беле. «Уурдады дейт» деп ырчылар чычалабай эле коюшсун, анткени андай «кылмыштары» ачыла баштаганга чейин «сөзү-обону Эшмат, Ташматтыкы, айтор, өзүбүздүн ыр» деп ырдашчу. Кийин гана үйрөнбөдүкпү, «казактыкы, өзбектики» деп ачык айтканды. «Манастан Чубак кем бекен?» деген кепти кошуна казак баурдастар деле жакшы билишет экен. Айтор, акыркы жылдары кыргыздын, ошол эле баарыбыз сүйгөн Мирбектин, Ильяздын ырларын которуп ырдап, атүгүл ошол ырлардын арты менен жылдыз боло башташты. Болгону, казак туугандар «менин ырым» дебестен, «кыргыз туугандарыбыздыкы» деп ырдап жатышат.
ИЛЬЯЗДЫН «ЖАНЫМ АЙЫ» «ШОК КЫЗДАРГА» АЙЛАНДЫ
Котормо ырлар тууралуу сөз козгогонубуз жөн жеринен эмес. Учурда Казакстандын белгилүү телеканалдарынын биринде «Саз алеми» деген аталышта телесынак жүргүзүлүүдө. Кыскача айтканда, сынактын максаты – жылдын хит ырын аныктоо. Калыстар тобунда музыка дүйнөсүнүн мен деген кыйындары, атактуу ырчылар. Бул жылы чыккан ырларды сындан өткөрүп, баа берип, көрүүчүлөр тарабынан СМС-добуш берүү да жүргүзүлүүдө. Ар жекшембиде берилип жаткан сынакка үч жумадан бери кыргыз ырлары сунушталып, калыстар тобунда отургандардын куйкасын куруштурушууда.
Алгач Бейбит Корган катышты, биздин Ильяздын «Жаным айы» менен («Шок кыздар» деп атап ырдап жүрөт). Элдин ышкырык-чууга түшкөн колдоосуна карабай калыстар бул ырга төмөн баа коюп салышты. Көрүүчүлөр нааразычылык билдирип чуулдай башташса, «бул кыргыздын ыры» деп кабак түйүп отуруп калышты.
Бейбиттен кийин эле Акылбек Жеменей аттуу ырчысы кайсы бир ыры менен чыгып калды. Анда байкоочулар тобунда отурган бирөө «мен бул ырды жылдын хити деп эсептебейм. Эгер «Кара көз» менен чыксаңыз, анда башка кеп болмок. Неге ал ыр менен келген жоксуз?» деп суроо узатпаспы. Алпаруучулардын бири ошол жерден жарылды, «Бейбиттин ырын «кыргыздардыкы» деп начар баалап жатпайсыңарбы, «Кара көздү» да ошентмексиңер да» деп.
Сынактын дагы бир чыгарылышында кыргыздын илгерки ырын ырдап чыгышты. Ата-энелерибиз отуруштарда созуп калышат го, «айылдын ары жагында, алмалуу колхоз багында» деп, ошол ырды. Мына ошол жерден калыстардын бири чыдабай кетип «кыргыздын ыры эч качан казактын ырынан үстүн болбошу керек!» деп салды. Мына сага! Аны түшүнсө болот, «өзүбүздүн ыр жокпу?» деп күйүп жатат да. Бирок ичимден сыймыктанып алдым, Казакстанда «Жылдын хит ыры» деген ардактуу наамга кайра-кайра кыргыздын ырлары көрсөтүлүп жатканы үчүн.
ЫРДЫН «КАЛЫҢЫ» БЕКЕРБИ?
«Атаңыз Чубак Сатаевдин көп эле ырларын казак ырчылары которуп ырдап жүрүшөт. Алар сизге гонорар төлөп беришеби?» деген суроого Кубаныч Сатаев мындай дейт: «Ооба, «МузАрт» тобу атамдын «Арман ай», «Неге сени сүйдүм ай?» деген ырларын ырдап жүрөт. «Арно» деген топ болсо «Сыйлай жүр» деген ырын аткарат. Мен алардан эч кандай деле акча албайм. Дос катары эле атамдын ырларын берип жатам. Негизи, патент алып туруп, анан ырлар үчүн акча алсам болмок. Анткенге убактым жок болуп жатат. Буюрса, жакын арада ал нерсени ишке ашырам».
Ал эми ырчы Мирбек Атабековдун «Кыргызстаным» менен «Күндөр жаңыратын» казактарга бергенин билебиз, бирок канча теңгеге бааланганы сыр бойдон калган. Ильяз Абдыразаков казактын Кайрат Нуртасы менен жакын дос. Ал тургай Кайратты кыргызча ырдатып да алган. Ильяздын «Лейлисин» казактардын «Каспий» тобу, «Жаным айын» Бейбит Корганы, «Азабын» «Самал» тобу ырдап жүрүшөт. «Казак чек арасынан өтүп баштаганда эле мени таанышат, мен ошого сүйүнөм» деген Ильяз, сыягы, ырларын бекер эле берет өңдүү...
Айбек Нурадилов
star@super.kg
ЧЕТ ӨЛКӨЛӨРДӨ ШОУ ДҮЙНӨНҮН КАЙСЫ ӨКҮЛҮ ПОПУЛЯРДУУ?
(www.super.kg сайтынын чет өлкөдө жашаган колдонуучулары)
Акжол Зулпукаров,
Орусия, Москва шаары, бармен:
– Өзгөчө үндүү Каныкей менен Ильяз Абдыразаков.Каныкейдин ырларын орустар, кавказдыктар да сүйүп угушат. Ильяздын ырлары түнкү клуб, кафе-ресторандарда жаңырат. Биздин ырчылар деп сыймыктанып калабыз.
Айгүл Чотбаева,
АКШ, Нью-Йорк шаары, студент:
– Мен Бек Борбиев, Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабековду айта алам. Мирбектин ар бир жаңы ыры бул жакта да хит болот. Тааныштарга жолукканда баарынын телефонунда Мирбектин ыры бар экенин байкайм.
Сүйүн Аданбаев,
Корея, Пусан шаары, жеке ишкер:
– Биз көбүнчө Мирбек Атабеков менен төкмө акын Жеңишбек Жумакадырдын ырларын кайра-кайра кайталап угабыз. Концерт коюп келсе жакшы болмок, жумушту таштай салып, барып чер жазып келет элек.
Зияда Кебекбаева,
Казакстан, Алматы шаары, эсепчи:
– Менимче, Ильяз Абдыразаков популярдуу. Анын көптөгөн ырлары казакчага да которулуп ырдалып жүрөт. Ушунун өзү эле анын бул жакта популярдуу экенин көрсөтүп турат. Башкалары анча популярдуу эмес.
Дастан Кадыркулов,
АКШ, Чикаго шаары, жеке ишкер:
– Мен Курмангазы Азыкбаевди айтар элем. Курмангазы Азыкбаевдин күүлөрүн көп угуп, кадимкидей сыймыктанам. Анткени америкалыктарга угузсам, «кандай гана жагымдуу музыка» деп берилип уккандарына көп күбө болом.
Айтурган Ажыкулова,
Орусия, Москва шаары, студент:
– Бул жакта Мирбек Атабеков, Ильяз Абдыразаков жана Омардын популярдуулугу жогору дейт элем. Алардын ырларын көптөр телефондоруна жаздырып алып угуп жүрүшөт. Мен өзүм да ушул ырчылардын күйөрманымын.
Азамат Кенжебаев,
Сирия, Дамаск шаары, студент:
– Эмил Балтагулов, Гүлнур Сатылганова жана Ильяз Абдыразаков. Чынында, алардын ырлары аябай уккулуктуу жана маанилүү. Интернеттен, дисктерден клиптерин көрүүгө шашабыз.
Автандил Добулбеков