ТҮРКТӨР «УЧТУ», ХИДДИНК АЙДАЛДЫ

Аптанын башкы спорттук жаңылыгы эмки жылы Украина менен Польшада өтүүчү Европа биринчилигине катышуучу акыркы 4 команданын аныкталганы болду. "Евро-2012ни" көздөй бараткан поездге Ирландия, Португалия, Хорватия жана Чехия жетишип калышты. 11-15-ноябрда өткөн ыргымай оюндары, негизинен, сенсациясыз өтсө да, Гус Хиддинк машыктырган Түркиянын хорваттарга ири эсепте жеңилишин күтүлбөгөндүк десек болот.
Оюндан кийин сыйкырчы атка конгон Хиддинктин Түркия Футбол федерациясы менен келишимди үзгөнү маалым болду. “Карылык деген карылык экен. Машыктыруучулук менен алектенүүнү токтотом го... Бирок баарын убакыт көрсөтөт. Азыр эс алуум керек”,- деди голландиялык адис. Эми 2-декабрда Киевде чүчүкулак ташталып, 16 команда 4 тайпага бөлүштүрүлөт. Оюндардын жыйынтыгы төмөнкүчө.

Португалия-Босния – 6:2 (биринчи оюн 0:0)
Хорватия-Түркия – 0:0 (3:0)
Ирландия-Эстония – 1:1 (4:0)
Черногория-Чехия – 0:1 (0:2)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 472, 18-24-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан