Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматов: «БИРИНЧИ АКЧАМДЫ СКРИПКА ОЙНОП ТАПКАМ»

Кыргызда атадан артык уул, атага тең уул, атадан кем уул болот дейт. Биз залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кенже уулу Элдар тууралуу сөз учугун улайбыз.

ЭКИ ООЗ КЕП

  • 1979-жылы 1-декабрда Москва шаарында төрөлгөн.
  • Эки дипломдун ээси: “Бизнес жана менеджмент”, “Сүрөтчү жана дизайнер”.
  • Кыргыз, орус, немис, француз тилдеринде эркин сүйлөйт.
  • Бош убактысында достору менен жолукканды жана кино көргөндү жактырат.
  • Хоббиси – мылтыктан ок атуу спорту.
  • Скрипка жана фортепианодо ойной алат.
  • Жеке турмушу тууралуу коомчулукка кеп чыгаргысы келбөйт.

«ЖАКЫНДА СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨМДҮ УЮШТУРАМ»
– Элдар, сөзүбүздү сиздин балалык кезден баштасак...
– Үйдө абдан эле эрке болуп чоңойгом. Эс тарта баштаганда эркелеткенди да токтотушкан, тескерисинче, чоңоюуга мажбур болгом. Балалык кезди эстегенде дароо эле бир окуя эске түшөт. Бир жолу атам, апам мени жана Ширинди Ала-Арча капчыгайындагы альпинисттердин мүрзөсүнө алып барган. Ширин экөөбүз мүрзөлөрдүн арасында жүрүп адашып кеткенбиз. Мен анда жаңыдан эле 1-класска барган элем. Эки сааттан кийин атамдар бизди араң таап алышкан.
– Көпчүлүк учурда ата-эненин каалоосу менен болууга туура келет эмеспи. Маанилүү кадамдарыңызда бул нерсе таасирин тийгизгенби?
– Кичинемден эле сүрөткө кызыкчумун. Ал эми үйдөгүлөр архитектор болуумду каалашкан. Бирок мен чыгармачылыкка жакын болгондуктан, сүрөттү тандадым. Ошондон улам Бельгиядагы Ханышалык көркөм өнөр искусство академиясынын сүрөтчү жана дизайнер факультетине тапшырдым. Андан кийин бизнес жана менеджмент факультетин бүтүрдүм.
– Ата-энеңизге кайсы сапатыңыз окшош?
– Мен алардын эң жакшы сапаттарын алууга аракет кылам. Өзгөчө атамдын эртең менен таңкы саат беште турганы жакчу. Атам бул убакытты чыгармачылык менен алектенүүгө эң ыңгайлуу деп эсептечү. Анткени бул убакта эч ким телефон чалып же башка нерсе менен тоскоолдук кылбайт.
– Учурда эмне менен алектенесиз?
– Көп убакыт бою эргүү келбей, сүрөт менен көп алектенген эмесмин. Кайрадан сүрөт тарта баштадым. Эми өз көргөзмөмдү уюштурууну самап жатам. Көргөзмө алгач Бишкекте өтүп, анан Алматыда жана Москвада уланат. Анын негизги бөлүгүн табият тууралуу сүрөттөр түзөт. Өз көз карашым менен табияттын кооздугун чагылдыргым келет. Албетте, көргөзмөм башка тематикадагы сүрөттөрдөн да куру эмес.
– Чыңгыз Айтматов фонду кандай иш-чаралардын үстүндө иштеп жатат? Аны сиз жетектейт эмессизби...
– Атам жашаган үйдү музейге айландыралы деген ой-тилегибиз жакында ишке ашат. Ошондой эле “Айтматов борбору” аттуу чоң комплекс курууну пландаштырып жатабыз. Азыр долбоор боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. 2012-жылы Ысык-Көл форуму Бишкекте же Ысык-Көлдө өткөрүлөт. Ага атамдын пикирлештери, Михаил Горбачёв жана белгилүү жазуучулар катышат.
– Фондду башкарууда кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуз?
– Атам өтө ак көңүл болгондуктан, көптөгөн адамдарга китептерин басып чыгарууга уруксат берген. Ошондон улам Европа, Түркия, Кытай жана КМШ өлкөлөрүндөгү басмаканалар атама автордук укукка эч кандай акча төлөбөй, китеп басып, пайда табышкан. Учурда юрист жана адвокаттардын жардамы менен териштирип жатабыз. Кээ бирлери атамдын колун жасалма кылып коюп, «атаң уруксат берген» деп чыгышууда. Бул өтө чоң жумуш. Атамдын адабий мурасын сактап, өнүктүрүп, урпактарга берүүнү милдетим деп эсептеймин.
– Атаңыз Чыңгыз Айтматовдун эстелиги тууралуу кандай комментарий бере аласыз?
– Биринчиден, улуу инсандын эстелиги коюлганына ыраазымын. Сүрөтчү катары жакшы жасалганын айтар элем. Бирок айкелин жасоо боюнча сынакка башка өлкөлөр да катышса, эстелик мындан да жакшы болмок деп ойлойм.

ГЕНИЙ...
– "Генийлердин балдары гений болбойт” деген сөзгө кошулбайм. Эгерде ата-энеси белгилүү бир тармакта озуп чыкса, анда анын баласы башка тармакта ийгилик жарата алат. Алсак, атасы кыйын экономист болду дейли, анын уулу музыка чөйрөсүндө атактуулукка жетиши мүмкүн. Тарыхта мындай мисалдар көп эле кезигет.

ЖЫЛМАЮУ...
– Жаш балдарды көрүп калсам, себепсиз эле маанай көтөрүлүп, жүзүмдө жылмаюу пайда болот. Балдарды тазалыктын символу, жакшылыктын жышааны дейм. Алар эч кандай жамандык кылышпайт.

АК КӨҢҮЛ...
– Ак көңүлмүн. Эгерде сыналгыда бир мезгилде жубайымдын сериалы менен мен жактырган тасма башталып калса, сериалга жол бошотмокмун. Өзүм күткөн тасманы экинчи көрүүгө мүмкүнчүлүк болбосо да, бирөөнүн көңүлүн оорута албайм.

ОПТИМИСТ...
– Столдун үстүндө жарым стакан суу турса, бош жагын эмес, толуп турганын көрмөкмүн. Жашоо кыска. Андыктан ар бир нерсеге оптимисттик көз караш менен карап, улам алдыга умтулуу керек.

АЛГАЧКЫ АКЧА...
– Бир жолу үй-бүлөбүз менен Грецияга бардык. Анан бизди конокко чакырып калышты. Ал жакта бир бала ортого чыгып, скрипка ойноп кирди. Ага баары акча бере баштады. Бир аздан соң ата-энем мени да ойно деп мажбурлай баштады. Каршы болдум, бирок баары бир ортого чыгып, скрипка ойнодум. Мага да көп акча беришти. Ошол биринчи тапкан акчама Италияда жасалган скрипка сатып алганмын.

САНДЫК...
– Үйдө чоң энемдин оймо-чиймелер менен кооздолгон эски сандыгы бар. Ал чоң энеме анын апасынан, ага да анын апасынан өтүптүр. Сандык үйдө көргөзмө катары турат.

КАРА МЫШЫК...
– Табияттын өзгөчө кубулуштарына ишенем. Бир сапар Ысык-Көлгө жөнөп жатсак, жолдон кара мышык өтүп кетти. Кийин орто жолдон машинамдын дөңгөлөгү жарылып калды. Аны алмаштыруу да көп убакытты алды. Кара мышыктын айынан кечиктик деп ойлой берем.

МЕКЕН...
– Азыр 31 жаштамын, анын 22 жылын чет өлкөдө жашап өткөрдүм. 2007-жылы гана Кыргызстанга кайтып келдим. Буга чейин дайыма Кыргызстанга келип жашоону кыялданчумун. Мындан ары өз мекенимден башка өлкөгө кетейин деген ниетим жок. Алгач Бишкекке келгенде анча көнө албадым. Анткени бул жерде жол эрежелерин сакташпайт экен, жашыл түс күйбөй жатып эле унаалар жүрүп кетет. Убакыттын өтүшү менен андан башка нерселерге көнүп кеттим.

Турдугүл Каримова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Маек - Элдар Айтматов: "Биринчи акчамды скрипка ойноп тапкам"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
BelkaBoB
2011-11-28 09:24:24
вау, вау, вау... красавчик...)
0
Аида
2011-11-28 15:51:17
32 ге чыгып 33 ко кетип жатыптыр го .
0
ulutchul
2011-11-30 13:57:50
Улуу жазуучубуздай,мындан ары оз олконо кызмат кылууна тилектешмин.айтмакчы 01-декабрь менин да туулган кунум,мен да сурот тартканга кызыгам,бирок мен архитектор болдум,дал келип калганына кубанычтамын.
0
Bakulia
2011-12-02 22:52:08
Uilonbogon bolso eken :))))) , kalp ele bolso da kuioom bolup kalsa ekeeen dep mechtat etip koigonu
0
Shairgul
2011-12-09 13:18:38
Мекенинди суйууго уйроткон улуу жазуучуга ыракмат!
0
xxx-xxx
2012-02-19 07:19:00
egerde mekenini chin suigondo ele kirgizcha suilomok ele seler syimiktanbai ele koigula bala atanin jolun joldobogonu korunup turat minake orustashkan kirgizdar mekenin suigon jiti korunboitkooo kuiorman kirgizdar.
0
№ 473, 25-ноябрь - 1-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан