ӨЛТҮРҮП, ЦЕМЕНТТЕП САЛЫШКАН

Токмок шаарында уккан кишинин үрөйүн учурган окуя болду. 25 жаштагы жигитти өлтүрүп, көмүп, үстүн цементтеп салышыптыр. Бул окуянын күнөөкөрлөрү да иштесе ишке тойбой турган жаш жигиттер. Бирок алар жумуш кылып колун жоорутпай, арам акча менен күн көрүп келишкен.

ӨЛГӨНДӨР СҮЙЛӨБӨЙТ
9-ноябрда Токмок ШИИБине Алимов Илгиз Рахимжанович аттуу жигиттин туугандарынан анын 3 күндөн бери дайынсыз экендиги тууралуу арыз түшкөн. Алардын айтымында, Илгиз 6-ноябрда кечки саат сегиздерде үйдөн өзүнүн Сузуки үлгүсүндөгү автоунаасы менен чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Көшөгөнүн артында калган окуя төмөндөгүдөй болуптур.
6-ноябрь күнү Николай Поздняков (өзүн Амбаев Ислам Ламидович деп тааныштырчу экен), Давран Мирякубов жана Акмаль Нартоджиев Илгиз Алимовду Чүй районуна караштуу Арал айылынын жанына чакырышкан. Автоунаа сатып иштеген Илгиз Акмаль менен мурунтан тааныш эле. Алардын жаман оюн байкабай бейкапар келген Илгиздин эсин электрошокердин жардамы менен оодарышып, скотч менен колу-бутун таңып, Токмок шаарындагы Чапаев көчөсүндө жайгашкан Николайдын батирине алып келишет. Илгизди ата-энесине телефон чалдырып, алардан 5400 доллар сурашат. Акчаны Илгиздин досу алып келип, машинанын полигинин астына таштап кетет. Талап кылган акчаны алган алар Илгизди биротоло жок кылууну чечишет. Анткени Илгиз аларды тааныгандыктан, баары бир айыбын ачып коёт деп ойлошот. Ал эми өлгөн адам сүйлөбөйт эмеспи...
Ошентип, кылмышты жашыруу максатында аны өлтүрмөкчү болушат. Давран менен Николай алгач Илгиздин оозу-мурдун скотч менен таңып салышкан. Дем жетпей жатканда Николай муунтуп өлтүрүп, үйдүн жер төлөсүнө ташташат. Өздөрүнүн айтымында, өлүк жер төлөдө эки күн жаткан. Андан кийин аны көмүп салууну чечишет. Давран жалданып иштеген эки адамды 1000 сомго жалдап келет. Алар үйдүн алдындагы урап калган дубалдардын ортосуна эки метрлик чуңкур казышат. Ал эми сөз болуп жаткан үчөө өлүктү казылган чуңкурга таштап, үстүнө цемент куюшкан. Андан соң төрт дубалдын бир капталын чуңкурдун үстүнө уратып салышкан. Илгиздин кийимдерин өрттөп жиберишип, үчөө Бишкек шаарына келип, Чыгыш-5 кичирайонунан күнүмдүк берилүүчү батирде жашап турушкан.
Өлтүргөндүн эртеси Акмаль Илгиздин автоунаасын Токмоктон Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичирайонуна айдап келип таштаган. Дагы бир күндөн кийин машинаны таштаган жерге кайра барып, башка автоунаанын номурун уурдап Алимовдун автоунаасына тагып айдап чыгат. Аны Аламүдүн айылындагы “Чекиш-Ата” базарынын жанына токтотуп, ачкычын ыргытып жиберет. Алардын ою боюнча, бул иш тынчыганда Кыргызстандан чыгып кетмекчи экен. Бирок 10-ноябрь күнү ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери аларды колго түшүрүштү.

“БАРЫМТАГА АЛЫП, АКЧА ТАЛАП КЫЛЫШКАН”
Бул факт боюнча ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын мүлк кылмыштарын ачуу бөлүмүнүн башчысы Бек Бекмуратов баяндап берди.
– Илгиз дайынсыз болгондон төрт күндөн кийин бизге бул фактыга байланышы бар делген адамдар тууралуу маалымат түштү. Алардын өздүгүн аныктап, Бишкек шаарындагы Чыгыш-5 кичирайонунда күнүмдүк берилүүчү батирде жашырынып жаткан жеринен кармадык. Алар Токмок шаарынын тургундары: 1988-жылы туулган Поздняков Николай Геннадьевич (мурун 4 жолу соттолгон), 1983-жылы туулган Мирякубов Давран Тургунович (мурун 2 жолу соттолгон) жана 1988-жылы туулган Нартоджиев Акмаль Акрамович (бул да мурун соттолгон) болуп чыкты. Булар жашаган батирден 2800 доллар табылып, үчөө тең аталган кылмышка тийиштиги бар экендигин мойнуна алып, көрсөтмө беришти. Маалымат алынган соң ыкчам тергөө тобу түзүлүп, кармалгандар айткан дарекке, Токмок шаарындагы Поздняков жашаган үйгө бардык.
Токмок ШИИБинин кызматкерлери, соттук-медициналык эксперттердин жана ӨКМнын куткаруучуларынын катышуусу менен Алимовдун өлүгүн казып алдык. Анын денесинен көптөгөн жарааттардын, колуна кирип кеткен кишендин издери байкалды. Оозуна чүпүрөк тыгып коюшуптур. Соттук-медициналык экпертизанын жыйынтыгында Алимовдун муунтулуп өлтүрүлгөнү аныкталды. Бул кылмышка байланыштуу далил буюм катары Алимовго таандык өзү менен кошо жоголгон Сузуки автоунаасы Аламүдүн айылынан табылды.
Кылмышкерлер “өлтүрөбүз” деп коркуткандан кийин Алимов өзүнүн туугандарына телефон чалып, 5400 доллар алып келип беришин суранган. Алимовдун бир досу анын туугандарынан акча алып, ал айткан даректе турган автоунаанын полигинин астына таштап кеткен. Акчаны алып, кылмышын жашырыш үчүн барымтадагы Алимовду өлтүрүп салышкан. Акмаль Нартоджиев дегени Алимов менен жакын тааныш болгон. Алимов ага “сен бул кылганың үчүн баары бир түрмөгө отурасың” дейт. Алардын жанында турган Поздняков “мени эмне кыласың?” деп сураса, “сен да отурасың” дептир. Ошондо Поздняков Алимовду муунтуп өлтүрүп салыптыр. Ал мурун “Гермес-профи” спорт клубунда төрт жыл машыккандыктан, алдуу-күчтүү жигит экен.
Азыр кармалган үчөөнүн мурун да кылган кылмыштары ачылып жатат. Мирякубов жана Поздняков ушул эле жылдын 31-октябрында Бишкек шаарындагы казинолордун биринде ойноп, акчаларын бүт уттуруп коюшкан. Анан үйлөрүнө жетип алыш үчүн Туңгуч кичирайонундагы короодо турган жеринен Д.Өрүковго таандык Жигули автоунаасын уурдап айдап кетишкен. Ал автоунаа Токмок шаарынын тургуну Руслан Мирякубовдун үйүнөн чачылган түрүндө табылды. Кант шаарындагы каракчылыкка тийиштиги бар экендиги тууралуу да маалыматтар бар, азыр ошол маалыматтардын үстүнөн иштеп жатабыз. Булардын мындан башка да көптөгөн кылмыштарга тийиштиги бар болушу мүмкүн. Алардын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 123-берене (адам уурдоо) жана 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Өлтүрүп, цементтеп салышкан
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (60)
caky
2011-12-01 02:53:42
E Kudai,uwun4alyka da barywaby?Korobuz emi Sot emne degen Gyjyntyk 4ygararyn.Ak4anyn arty m,n akkonuldu bolup ketpegile.KGda ak4a bolso ele baardyk iwti buturso bolot.
Kudaidan korkkula...
0
AIZAJANKA
2011-12-01 16:49:44
Ичин ачышат экен, жап-жаш, татынакай бала экен. Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун. Туугандарына терен кайгыруу айтам. ЭХ :-(
Бул баланы тааныбасам да козумдун тегерегинде жаш айланып отурам

0
maku1986
2011-12-02 15:22:25
мындай иттерди атууга кетириш керек жанагы олтургон немелердин улуту эмне
0
Knt
2011-12-03 01:15:59
ehhh,ulut4ul bolboiun deisin,birok arga jokkkk!!!!uwu super infodon uwu syiaktuu makalalardy okugam,kylmyw boiun4a,owo makalada dele bawka uluttun aibandary bol4u,bir jaw kyrgyz kyzyn zorduktagan,e blin kyrgyz elim oigonolu!!!!myndai juro bersek,bul aibandar bawka 4ygyp alat go!!!!
0
nurlan_10101087
2011-12-03 10:03:28
бизде эч ким законду тоготпой калды окшойт,,,
заман эмес эле адамдар кайда баратат, тарбиянын жоктугу, тартипти окмот тарабынан катуу кармаш керек
0
operaledi
2011-12-03 14:46:46
Смертная казнь и только. Чтобы другим неповадно было.
0
nus
2011-12-03 17:07:51
ээ кудайым адамдар эмне болуп баратабыз?коруп окуп ыйладым дем алышым кыйын болду копко унута албасам керек.байкуш бала жайы жаннатта болсун.бир туугандарынын кайгысына шериктештим.кылмышкерлерге ар кандай жазада аздык кылат.супер инфо эмнеге алып чыктынар тем более видеону?бирок буга окшогон окуялар биз билбеген толтура болуш керекгоооооооо
0
chopik7
2011-12-05 03:57:53
кудай сакта! Жаман болуптур. Учоо тен мурда соттолсо, эми мынтип бироонун омурун кыйып жатса, буларга бул жашоодон орун жок десе да болот. Олтуруш керек!!!
0
OMG
2011-12-05 09:43:08
Adam emes eken da bular..... kyinap olturush kerek ozulorun skochtop jivoi komup kyinash kerek ITTER!!! I voobshe Kazinolordu jogotush kerek Kyrgyzstandagy oshiakttan kotogon adamdar buzulup bashynyn baary kazino akcha bolup buzulup atyshat, Chertovyy KAZINOLORDU Jabysh kerek ushundai Itterdi kyinap olturush kerek.
0
Arsew
2011-12-07 05:38:39
Акыркы кундору олклбуздо мыкаачылык кобойуп кетти.Мунун себеби емнеде?Ушундай кудайдан да корпогон адамдар болот экен.Эми булар оз жазасын алыышаарю
0
Nova
2011-12-16 16:10:37
Атыш керек мындайларды!!! Булар бул дуйнодо эле эмес акыретте да жазасын алышат, ал жерде уже эч теке не поможет, акча, связи дегендер
0
jhanibek
2011-12-30 20:02:14
берите пример от ошских, какого хрена эти уроды убивают наших парней.. национализм это патриотизм
0
malik_19-94
2012-02-27 21:07:38
jakwy nerse
0
Tamila
2012-06-19 08:20:58
Турмодо кыргыздар корсотот кордукту
0
Tamila
2012-06-19 08:25:34
Турмодон тируу чыгышрайт барибир,ал жактан корсотот буларга кордукту
0
№ 473, 25-ноябрь - 1-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан