ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Ооганстан

“ТАЛИБАН БОЛБОЙМ!”
Өлкөдө кылмышкерлердин жана террорчулардын нормалдуу турмуш өткөрүүсү үчүн атайын курстар үйрөтүлөт. Ал Англия тарабынан каржыланып, 10 миллион доллар турган атайын программанын алкагында жүргүзүлмөкчү. Ага ылайык, түрмөдөгү террорчулардан тарта мыкаачы баш кесерлерден бери амнистияланат. Эркиндикке чыккан кылмышкерлер үч ай тынч жашоо боюнча сабак окушуп, ар бири 150 доллардан стипендия да алып турушат.
Программага катышуунун негизги талабы – “Талибан” террордук уюмга кантип мүчө болуп калдыңыз?” деген суроого кагаз түрүндө жооп берүү саналат. Курсту аяктаган соң “Талибан болбойм!” деп ант ичишет.

Орусия

“ТАЖИКМИН! МЕНИ ДЕПОРТАЦИЯЛАГЫЛА!”
Москва шаарында тажиктердин зордоп өз мекенине жөнөтүлүшүнө каршы акция өттү. Акцияны орус улутунун өкүлдөрү уюштуруп, түз эле Федерациялык миграция кызматынын имаратына келишкен. Катышуучулар “Мен тажикмин! Мени депортациялагыла!” деп жазылган тактайларды кармашып, курулушчу жана көчө шыпыргычтардын формасын кийип чыгышкан. Алар муну менен эле тим болбостон, имараттын короосун шыпырып, терезелерин жууй башташкан.
Эске салсак, Орусияда тажиктерди кармап, массалык түрдө депортациялоо Тажикстанда эки орусиялык учкуч колго түшүрүлгөндөн улам башталган.

Иран

"АМЕРИКАЛЫКТАРГА ЭЭРДИН КАШЫН ТААНЫТАБЫЗ" ДЕЙТ...
Эгерде Израиль Иранга кол салса, анда Иерусалим 150 миң баллистикалык ракетанын чабуулу астында каларын Ирандын Коргоо министри Ахмад Вахид билдирди. Ошол эле учурда Иранга АКШ да кол салуу ыктымалдыгын белгиледи. “Иран Ооганстан же Ирак эмес. Америкалыктар бизге кол салса, анда өзүнөн көрсүн. Биз аларга согуш кандай экенин көрсөтөбүз”,-деди. Мындай учурда АКШнын Түркияда жайгашкан ракетага каршы коргонуу борбору да бомбалоого дуушар болушу мүмкүн.

Испания

ИЙГИЛИК ЖЫЛМАЙГАН ОППОЗИЦИЯ
Жакында болуп өткөн парламенттик шайлоодо Мариано Рахой баштаган элдик партия жеңип чыкты. Алар шайлоочулардын 45 пайыздык добушуна ээ болуу менен оппозициялык партиялардын шайлоодогу эң чоң ийгилиги аталды. Анткени буга чейин бир да жолу оппозиция азыркыдай парламенттеги 350 орундун тең жарымынан көбүрөөгүн ала алышкан эмес. Ийгилик элдик партияга Испаниянын 17 облусунун 11ин башкаруу укугун берүү менен өкмөт башчынын ордун ээлөө жана министрлер кабинетин түзүү мүмкүнчүлүгүн да берет.

Өзбекстан

"КРИМДҮЙНӨНҮН БОССУ" ЖУПУНУ ТОЙ БЕРДИ
Өзбек кримавторитети Салим Абдувалиев Ташкенттеги “Навруз” ресторанында уулу Жасурдун үйлөнүү тоюн белгиледи. Авторитетке “Өзбексавдо” соода башкармалыгынын башчысы Зафар Файзиевдин небереси келин болду. Эки тарап тең мультимиллионер болгонуна карабастан, той өтө жупуну өткөнү айтылууда. Орусиядан бир гана юморист Михаил Галустян чакырылып, өзбектерден Даврон Гоипов, Шахзода жана Юлдуз Усманова ырдаптыр. Эмнегедир Райхон ырдайм деп сахнага чыкса, микрофонду карматпай ордуна отургузуп коюшуптур. "Викиликс" сайтында илинген маалыматтарга ылайык, Салим Абдувалиев – “өзбек кримдүйнөсүнүн боссу” деп саналат.

Турдугүл Каримова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
nnk1-09
2011-12-05 15:49:35
nas Rsbek akmatbaev Kamch Kolbaev Vodalas rulet 4e etot sartskiy mafiosnik!!!!!!
0
TROYA
2011-12-05 16:41:56
Bizdin gezitte ozbektin bossubu mossubu emne kylyp jurot boldu eken ee kaisy ozbektin gezitinde bizdin bosstor jurot boldu beken?
0
MaksKG
2011-12-09 16:41:03
Айла жок буларда иштеш керекда .
0
№ 474, 2-8-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан