Үй-бүлөмдөн, эки баламдан кол үзүп бурулуп кеткеним дагы деле жанымды жай таптырбай келет. Арманымды элге айтып, жүрөгүмдөгү өксүктөн жеңилдейин деп чечтим.
– Жаш элем, а балким, акылсыз болсом керек. Мындан 27 жыл мурун көптөгөн жаштар катары окуумду аяктап, турмушка кадам шилтедим. Күйөөм Темир экөөбүз кол кармашып, бала-чакалуу болдук. Күнү-түнү эки жумушта иштеген Темир мен үчүн бардыгына даяр эле. Билбейм, негедир Темир үчүн мен анча деле күйүп-жанчу эмесмин. Балдарымдын атасы катары сыйлачумун, андан артык сезим жок эле. Уулдуу болгонубузда тимеле койнуна кубанычы батпай, колумду сууга салдырбай бакты. Мен болсо “эрте келдиң, кеч келдиң” деп эле чыр салганга өттүм. Темир баарына чыдап жашачу, анткени мени чындап сүйчү. Эки жылдан кийин Айпери аттуу кыздуу болдук. Үйдө эле көр оокат менен алыша бербестен, мен да иштейм деп чыктым. Темир башында “иштебей эле койчу, мен эле багам” дечү. А мен үчүн көптөн күткөн боштондук эле. Чоң ишканалардын бирине эсепчи болуп орношуп, бат эле ишке көнүп кеттим. Бирде эрте, бирде кеч келгениме Темирдин жини келип, катуу уруша баштадык. Мага эрегишип ичип да алчу болду, кол көтөргөн учурларга да туш болдум. Күндөрдүн биринде бетим көк-ала болуп жумушка барсам, жетекчим бөлмөсүнө киргизип алып, такып сурай баштады. Мен болгонун болгондой айтып берип, бир сыйра ыйлап алдым. Ошондон баштап жетекчим жанымдан чыкпай калды. Жетекчим экөөбүздүн мамилебиз курчуп, көңүлдөш болуп кеттик. Бул ишим билинген соң ажырашууга туура келди.
Күйөөм балдарымды талашып жүрдү. Балдарымды алгач андан тартып алгам. Тууган-уруктукуна да батпады, мен экөөнү бага албай, акыры Балдар үйүнөн жай табышты. Анткени менин экинчи күйөөм (жетекчимден кол үзүп, кыялымдагы мырзаны тапкам) “балдарың менен жашай албайм” деп ачык айтты. Темирден талашып алган балдарды “бага албай калдым” деп алып барыштан намыс кылдым.
Сүйүү деген нерсени экинчи турмушумдан гана билдим. Анын көзүнүн агы менен тең айланып, балдарымды да унутуп койдум. Күндөрдүн биринде тарбиячы эже чалып:
– Балдарды атасы алып кеткени жатат, сиз атасы жок дебедиңиз беле, эмне үчүн аны жашырдыңыз?- деди.
Балдар үйүнө барсам, Темир балдарын алып кетип жаткан экен. Эч нерсе айта албастан, бөлмөдөн качып кетүүгө шаштым. Көрсө, окуя мындай болуптур. Темир КамАз айдап иш кылчу. Алыс жолдон келе жатып жолдун боюна унаасын таштап, ашканага кирет. Кызым интернаттан качып чыгып, көчөдөн атасынын машинасын таанып калат. Байкесин ээрчитип келе калайын деп кетсе, ал учурда атасы кетип калган болот. Ошентип, биринчи жолкусунда атасы менен табышпай калышат. Үмүтү үзүлбөгөн эки балам күнүгө ал ашкана жактагы жол боюнда отуруп күтмөй болушат. Баламдын үмүтү үзүлүп, ал жолдун боюна кызым жалгыз келе баштайт. Ошентип, алар туура бир айдан кийин жолугушуптур. Муну мен кийин уктум.
Темир үйлөнүп, дагы эки уулдуу болгон. Мен экинчи турмушумдан балалуу боло албадым, анын айынан күйөөм мени таштап, башкага үйлөнүп алган. Азыр жашым дагы барып калды. Жалгыздык жанымды кыйнап, өзүмдү кечире албай келем. Силерге кайрылганымдын себеби, аз да болсо жеңилдеп, анан жаштарга бул окуя сабак болсун деп ойлодум. Үй-бүлө – ыйык, аны сактагыла.
Үмүт
Мальвина Уметбекова
koom@super.kg