Эне... Үч тамгадан турган бул сөздө не деген мээрим жатат?! Бул жолу биз көгүлтүр экрандын жүзү болгон Гүлшан эженин кымбаттуу энеси тууралуу сөз кылмакчыбыз. Гүлшан эже апасын эстеп, ичиндеги сагынычын айтат.
“ТАЕНЕМ ҮРКҮНДӨ БАЛДАРЫН САКТАП КАЛГАН”
– Балалыгым Кыргызстандын бермети – Ысык-Көлдүн жээгинде өттү. Биз 11 бир тууганбыз, 7 кыз, 4 уул. Ынтымактуу, бири-бирине күйүмдүү ата-энеден биз дагы ошол сапаттарга эгедер болуп чоңойдук деп ойлойм. Апам жөнүндө кеп кылардан мурун таенем жөнүндө айткым келет. Анткени биздин тарбиябызга таенемдин да салымы зор. Өзү ушундай мээнеткеч аял эле, башынан көп нерсе өтүп, турмушка бышкан экен, эми ойлосом. Үркүн убагы болуп, кытайлар кыргыз кыздарын бир чака буудайга алмашып, ачкалыктан каза таап жатканда бүтүндөй үй-бүлөнү сактап калганын көп айтчу. Эл үрккөндө таенем үй-бүлөсүн алдыга салып ийип, өзү артынан туз-майын белине түйүп ала кеткен экен. Кийин түндө, элдин баары уктаганда балдарынын оозуна майдан, туздан салып койчу экен. Элдин баары ооруп турса, таенемдин балдарынын өңү жакшынакай. Буга таң калып, кызыгып, “балдарыңды эмне кылып багып жатасың?” деп сурашчу экен. А апам төрт уулдун кенжеси, жалгыз кыз болгондуктан, атын Кенжекан коюшуптур. Таенем айтып калчу, “Кудайдан “кыз бере көр” деп суранып жатып араң жеткенбиз” деп. “Кыз катуу сүйлөбөйт, кыз деген назданып жүрүш керек” деп көп айтчу таенем. Анын кир жууганына айылдын баары таң калчу. Шейшептерди беш-алты сыйра чайкап, анан аны катуу силккенде “тарс-тарс” деген үндөр чыгып турчу. Кирди жайганда да өзгөчө жайчу, аны жөн эле жайып койбостон, кооздоп жайып чыкчу. Мындай эненин колунда өскөн кыз, албетте, турмушта тың чыгат экен.
“АТ АРАБА МЕНЕН АЛЫП КЕТКЕН”
– Апам 19 жашында турмушка чыгыптыр. Атам экөө бири-бирин жактырып жүргөн экен. Кийинчерээк атам досу экөө ат арабасын аябай жасалгалап келип, алып кеткен экен. Апам жалгыз кыз болгону менен, катуу тартипте чоңойгон. Бирок өзү эркелеп өспөсө да, бизге болгон мээримин төккөнгө аракеттенчү. Мүнөзү жумшак, бирөөгө катуу сүйлөп же көңүлүн калтырганы эсимде жок.
Апам өзү тың аял болгондуктан, чачына ак түшүп же бүкүрөйүп таяк деле кармаган жок. Ооруп же кыйналып жатам деп такыр айтчу эмес. Кашы-көзү кара, баскан-турганы шамдагай, дене-мүчөлөрү келишкен, сулуу аял эле.
“АПАМ БЕРЕКЕЛҮҮ ЖАН ЭЛЕ”
– Мектепти аяктап, шаарга окууга өттүм. Окуумду да ийгиликтүү аяктап, радиого практикант диктор болуп орноштум. Ошентип иштеп, биринчи маянамды аларым менен үйгө жөнөдүм. Анда чай деген нерсе өтө тартыш эле, жакшы чайдан алып, апама бир чоң жоолук, көйнөгүнө ылайыктап мата, атамдын башына ак калпак, үстүнө көйнөк, жолдон дагы таттуу майда-чүйдө алып бардым. Ошондогу апамдын сүйүнгөнү азыркыга чейин көз алдымда. Кийин апам “сенин белектериңди айылда бир ай майрамдаганбыз” деген. Айылга барган сайын апам жемпиринин бир жеңин кийбестен, бир бутун кийбестен алдыбыздан чуркап тосуп чыкчу. Апамды эстегенде дароо эле буркураган чайы келет. Андай чайдын даамын эч жерден таба албадым. Ал эми сүрсүгөн эттери менен чучугунун даамы башкача болчу.
Жаны тынбай күн менен чогуу туруп, караңгы түнгө чейин оокат менен алышчу. Тамак-ашка кенен, колунан берекеси ашып-ташып турган аялдардын бири эле. Атам да апамдагы ушул сапатын абдан баалачу. Кээде конокко барып калганда дасторкондун үстү жайнап, жакшы даярдалбаса, атам андан ооз тийбей койчу. “Пейили тар экен, апаңардай болуп эле баарын жадыратып жасабайбы” деп сүйлөнүп да калчу. Түнгө чейин колунан жип-ийнеси түшпөй сайма сайып, кийиз жасачу.
“МАГА КЕЛЕ ЖАТЫП ЖҮРӨГҮ ТОКТОП...”
– Апамдан кыштын ызгаарлуу күндөрүнүн биринде айрылып калдык. Анда мен кичүү кызымды төрөгөнүмө 20 күн эле болгон. “Кызыңды көрүп келем, буюрса, келем” деп ниеттенип жаткан. Тилекке каршы, мага жетпей калды. Көзү барда “ий, ушу мен ооруп-сыркоолобой, бала-чакамды кыйнабай, тынч эле кетсем экен” дей берчү. Апамдын ал тилеги орундалды окшойт. “Кичине сасык тумоолоп калды” деп эжемдер айтканынан “шаарга жөнөтүңүздөр” дегем. Мага келем деп аябай камданыптыр, жолдон Балыкчыдагы эжемдикине кайрылып, ошол жактан жүрөгү токтоп калыптыр. Ошентип, апам менен коштошо албадым. Азыркыга чейин негедир апамды күтүп, жок экенине эч ишенгим келбейт.
Бул жашоодо ыйык бир гана – эне, ошон үчүн көзү барда сыйлап, жылуу сөзүбүздү айтканга жетишсек дейм.
Мальвина Уметбекова
koom@super.kg