БИШКЕКТЕГИ ФОРУМЧУЛАР КИНОГО БАРЫШТЫ

Бишкектеги суперстандыктар да бири-бирин сагынышып калышканбы, айтор, «Күүгүмдүн» премьерасынын шылтоосу менен кинотеатрдан кезигүүнү туура көрүштү.

Adalsvards, solnyshko, muratali, nurjigit, akusya, andormeda, Janayim, Programmer, Giza, kutu, Takeshbek, Kubanychbekkagan, Sara, Fianit деген никтер менен Суперстанды “чаңыткан” колдонуучулар иш күнүнө карабай шаарыбыздын ири кинотеатрларынын биринде жолугушту. Жумуштарын жыйыштырып коюп шашылып келгендер да болбой койгон жок. Форумчулар жагымдуу жагдайда “Күүгүм” тасмасын көрүшүп, соңунда түнкү Бишкекте сейилдеп, сагынычтарын таратып кайтышты.
Бул кезигүү сагынычтын моокумун кандырбаган көрүнөт. Себеби таркап бара жатышып 12-13-декабрь күндөрү Спорт Ордосунда өтүүчү “Жылдын суперлери” тандалган “Супер-Инфонун” концертине баралы деп сүйлөшүп жаткандарын кулагым чалды. Албетте, каалоочуларга эшик ачык!

Гүлзат Мамытканова
info@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
OMG
2011-12-05 10:03:42
aaaa iiii men bilgen emesmin siler forumchular ekeninerdi emi bildim, Molodsy men da KGide bolsom siler menen barmakmyn =)
0
arlekino
2011-12-05 10:54:17
бизге деле айтып койбосунарбы((((( таанышып калат элек...
0
Zverchik
2011-12-05 16:01:20
А Оштогуларчы?
0
Arstan
2011-12-05 17:31:17
Ой азаматтар десе озумдун досторум го
0
Modeshanyi
2011-12-05 17:42:09
molodsy!
0
anjelei
2011-12-06 00:21:20
азаматтар, тез-тез жолугуп тургула.
0
LoLoPePe
2011-12-06 18:12:54
fotonor biroo elebi =(
0
solnyshko
2011-12-08 17:08:58
хе хе,форумчулар мындан кийин да кезигип туралы.....
0
№ 474, 2-8-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан