АЛЫСТЫ ЖАКЫН КЫЛГАН SUPER.KG

Суперстандагы кызыктуу темалардын бирин окуп жатып “Алысты жакын кылган сотка” деген заманбап макал окуп калдым эле. Бул макалды өзгөртүп, “алысты жакын кылган www.super.kg” десем жаңылбайм. Дегеним, биздин сайт мекенинен алыс жүргөн кыргыздарды жакындатып, достоштуруп жаткан кези. Бул ирет сайтыбыздын колдонуучуларынын дагы бир көңүлдүү жолугушуусу Москвада болуп өттү.

Канча мезгилден бери сайтыбыздын тургундары таанышып, достошуп, жолугушуп жүрүшөт. Кыргызстанда болобу, Орусия, Австрияда болобу, мекендештерибиздин башын бириктирип, тааныштырып, кээ бирлерин түгөй кылып табыштырып жатканыбызга чын эле ичибиз жылыйт. Москва шаарындагы суперстандыктардын чыдамсыздык менен күткөн кезектеги жолугушуу күнү келип, аны бир укмуш өткөзүшкөнү форумдагы кызуу талкууга алынган темадан билинүүдө.
Жагымдуу кече 26-ноябрда, Москвадагы ресторандардын биринде өттү. Чет өлкөдөгү суперстандыктардын катары күн санап өсүп жатканын ушундан байкасак болот. Анткени бул жолку жолугушууга отуздан ашуун колдонуучу келген экен. Уюштуруу боюнча тизгинди колуна Arstan, Timurkg, Burana, Otkurbek аттуу супер “шустрый” форумчуларыбыз алышкан. Катуу даярданышкан бейм, кече көңүлдүү өтүш үчүн атайын сценарий түзүп алышыптыр. Анда боорду эзген оюндар, залдын чаңын чыгарган бийлер менен коштолуп, кече шаңдуу уланган.
Дагы бир кызыгы, Суперстандын тургундары форумдагы ар кандай күлкүлүү быйтыктарды туурашып бири-биринин көңүлдөрүн көтөрүшкөн. Ал эми Burana аттуу форумчу “бул кечени “Супер-Инфо” деген жазуусу бар таттуу тортсуз өткөрө албайбыз” деп ошондой жазуусу менен торт даярдаткан экен. “Биз зирек жаштарданбыз. Баарына жетишебиз, ишке да, оюнга да” деген super.kg сайтынын Москва шаарындагы колдонуучулары таң атып калган кезде тарашыптыр.
Кайда болсоңор да аман жүргүлө деген тилектерибиз менен көп адамдардын достугуна көпүрө болуп берип жатканыбызга дагы бир ирет кубандык.

Гүлзат Мамытканова
info@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
LoLoPePe
2011-12-05 10:59:48
osol kun soonun otkon bolchu da =)
0
shairbek
2011-12-05 11:21:19
ообада лолопепе
0
Arstan
2011-12-05 15:02:58
Оо сонун болгон,дагы эле сагынып жатам достор силерди.

Айткандай 24- декабрьда дагы Жаны жылдык жолугушуу болот буюрса.
0
LoLoPePe
2011-12-06 18:07:52
Arstan, men birinchi baram da baikeou ;D
0
Arstan
2011-12-05 15:06:27
Гульзат рахмат алтын карындашым.
0
mirka
2011-12-05 15:41:01
чын эле дагы жолугушуу болобу? 8964 505 73 02ге чалып коюнуздарчы уюштуруу иштерине комоктошууго даярмын!
0
Modeshanyi
2011-12-05 18:03:11
Oi molodsy!
0
zarkokul
2011-12-05 18:33:41
jakwy jakwy,sonun ottu a tak!
0
bakytbek07
2011-12-05 21:30:35
ооба алысты жакын кылгын super.kg бар бол super .kg
0
anjelei
2011-12-06 00:12:41
алыста иштеп жургон кезде, ушундай достор менен жолугуп эс алсан, эс алгандай болосун. Кийинки жаны жылдык жолугушууну да мыкты денгээлде откоробуз деген ишеничтемин. )))
0
shairbek
2011-12-06 23:40:57
Күч кубатты сизге берсин Анжелей,Бизди дагы чакыруу кагазын жөнөтүп койсоңуз 89859636047 номерине
0
gulkg
2011-12-08 11:36:05
menda kowulgum kelet sizderge,birok men kitaidamynda.......molodcy baa beremsizderge..
0
№ 474, 2-8-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА