ТООКТОР ЖУМУРТКА ТУУБАЙ КАЛСА... ТООК БАГУУ БОЮНЧА КЕҢЕШТЕР

Базарда тооктун этинин жана жумурткасынын баасы кымбат. Анын үстүнө алар химикат кошулган азыктар менен багылат. Эгер экологиялык жактан таза тоок этин жана жумурткасын самасаңыз, анда тоок багыңыз. Тоок багуунун жолдору, пайдасы жана чыгашасы канча экенин карап көрөлү.

ТООККАНА
Мисалы, 20 тоок багууга ылайыкталган тооккананын аянты:
Узундугу – 3 метр
Туурасы – 2 метр
Бийиктиги – 1,5 метр
Терезелери чакан, аба алмашып туруш үчүн вентиляция мору болушу керек.
Төрдөгү тоок конуучу бакан бийик орнотулат, кийинки бакандардын бою улам жапыз боло берет. Башкача айтканда, тепкич түрүндө жайгашып, аралыгы 15-20 сантиметр болушу шарт. Тооктор конгондо ортосу ийилип кетпеш үчүн тирөөчтөрдү орнотуп коюңуз.

Жумуртка туучу жай

  • Тооккананын бир бурчуна саман төшөп жайгаштыруу керек.
  • Саманды улам жаңыртып туруу зарыл.
  • Бир айда бир жолу дуст сээп, дезинфекциялоо кажет.

Аштоо. Жыгачтан жасалганы жакшы. Бийиктиги – 5-7 сантиметр, туурасы – 10 сантиметр, узундугу – 2 метр.
Суу куюу үчүн идиш. Ичине тооктор түшүп кетпегендей болгону жакшы.

Тооккананы тазалоо.

  • Кыгын бир айда эки-үч жолу чыгарыңыз. Эгер сыртка (короого) эртең менен коё берилип, кечинде гана тоокканага кирсе, анда айына бир жолу тазалап койсоңуз жетиштүү.
  • Ай сайын дуст сээп, акиташ менен хлордун аралашмасын сууга чылап, кургак жер калтырбай чачып чыгуу керек (1 литр сууга 3 грамм кошулат жана ал 1 чарчы метр аянтка жетет). Бул тоокканадагы мите курттарды жок кылууга жардам берет.

ТООКТУН ТОЮТУ

  • Данды (жүгөрү, буудай, арпа) дайыма майдалап берүү.
  • Жемдин 2-3 түрүн аралаштырып берүү жакшы.
  • Көк чөптү байлап, боо кылып тооккананын ачык короосуна илип коюу.
  • Картошка, сабиз, пияз, сарымсак калдыктарын кайнатып, жем менен аралаштырып, жибитип берүү.

Кышында
Суукта тооктор этинен түшүп кетпеши үчүн:

  • Жүгөрү, буудай, арпа өңдүү даны катуу өсүмдүктөрдү сууга чылап, жумшартып берүү.
  • Сафлорду (май алына турган өсүмдүк) жумасына 2-3 жолудан берип туруу.
  • Күн караманын, сафлордун майы сыгылып алынгандан кийинки жемди (күнжара) берүү.
  • Дайыма жылуу суу берип, муздагын төгүп салуу керек.
  • Көп түрлүү витаминдерди (мультивитамин) берүү (бирок жумасына бир гана жолу, себеби булар өтө күчтүү витаминдердин кошулмасы).

ТООКТОР КАЧАН ЖЕТИЛИП, ЖУМУРТКА ТУУЙ БАШТАЙТ?
4,5-5 айдан кийин тооктор жумуртка тууганга жарап калышат. 8-10 мекиянга 1 короз кылып бир топ түзүү керек. Короздун 3 жашка чейинкилери алдуу-күчтүү деп эсептелинет. Тоок жылына орто эсеп менен 150 жумуртка тууйт. Ал эми жумуртка алуу максатында иштеген тоок фермаларынын кээ бирлеринде бул көрсөткүч 365ти түзөт.

ВЕТЕРИНАРДЫК ЖАРДАМ

  • Эмдөө

Бул үчүн атайын «Н 120» вакцинасы колдонулат. Эки айлыкка чейинки жөжөлөрдүн таноосуна (тумшугундагы) бир тамчы тамызылат. Ал эми эки айлыктан жогоркулардын төш этине шприц менен куят. Аталган вакцинаны 100 тоокко ылайыктасак, анда 1 литр суу кошулат. Бул тооктун иммунитетин жакшыртат. Эмдөө жылына эки жолу жүргүзүлөт.

  • Аскаридоз (ичеги мите курту)

Аталган ооруга каршы 10 тоокко 1 таблетка «Альбен» дарысын берүү керек.

ТООГУҢУЗ ЖУМУРТКА ТУУБАЙ КАЛДЫБЫ?
Негизинен, тооктор июль жана август айларында туубай калышат. Аталган эки ай ичинде тооктор түлөшөт. Ушул учурда тооктун организминдеги кубат толугу менен жүндөрүн калыптандырууга кетет. Мындай көрүнүш 2 айга чейин созулат. Ал эми жумуртканы жакшы берген тооктордун түлөп түшүшү октябрь, ноябрь айларына туура келип, 2 жумага чейин гана созулат да, кайра тууй башташат. Ошондой эле семирип кеткен тооктор да туубай калышат. Анткени тооктун организминде калий, фосфор заттары азайып, жумуртканын кабыгын пайда кыла албай калат. Мындай учурда кадимки борду берсеңиз болот. Ал эми атайын жумуртка алуу үчүн чыгарылган жемдер тооктун организмин талкалап салат. Себеби анын курамына ар кандай химикаттар кошулат. Тоок фермалар болсо аталган жемди колдонуп, анан тоокту бир жылдан кийин этке өткөрүп салышат.
Башка убактарда жумуртка туубай калса, тоют, жылуулук начар деп билсеңиз болот. Камалып турган тоокторго убак-убагы менен жүгөрү, арпа жана витаминдүү көк чөп сыяктуу тоют берилбей калганда жумуртка берүүсү азайып кетет. Эң ыңгайлуу температура катары 15-20 градус жылуулук эсептелет. Бул үчүн тооккана күндүн нуру түз тие тургандай салынышы керек. Тооктор 30 градустан ашкан ысыкта да туубай калышат.
Ызы-чуу болгондо тооктор стресске кабылышат. Бул көрүнүш жем-чөп жетишпей ачка калганда, короздор топ талашып урушканда жана сырткы чөйрөдөгү ызы-чуулардын таасири астында пайда болот. Бул дагы өз кезегинде тооктун ден соолугун начарлатып, жумуртка бербей калуусунан да коркунучтуу, анын өлүмү менен аякташы мүмкүн.

ТООК БАГУУ ПАЙДАЛУУБУ ЖЕ ЧЫГАШАЛУУБУ?
18 мекиян жана 2 корозду багууда чыгашасы көппү же пайда алып келеби, эсептеп көрөлү.

Чыгаша:
1 тоокко бир күнгө 120 грамм жем керектелет. Ал эми бир жылда 43 килограмм жем талап кылынат. Базарда орто эсеп менен жемдин (жүгөрү, буудай, арпа жана башка) баасын жалпылап 15 сом дейли. 20 тоок бир жылда 860 килограмм жем талап кылат.
860 кг жем х 15 сом=12 900 сом.

Пайдасы:
1 мекиян орто эсеп менен жылына 150 жумуртка берет.
18 мекиян х 150 жумуртка =2700 жумуртка.
2700 жумуртка х 6,5 сом (орточо баа)=17 550 сом.
Тоок эти керек болгондо базардан бүтүн тоокту 350-400 сомго алгыча, союп алсаңыз, эт даяр.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Asus84
2011-12-05 11:31:59
ммм тоок багыш да искусство турбайбы, уйлуу болсом жер тамда жашап калсам буйруса багам тоок
+2
ALBIKA
2011-12-05 14:53:38
Айыл жеринде ар бир уйдо тоок багылат.Андыктан айыл эли учун пайдалуу кенеш экен.кээде короону толтуруп тоок кылсан бир убакытта кырылып калат.Эмдоолорун да билип алган он го...
0
elif
2011-12-06 01:04:38
Kirgizdar jalkoo bolot degen sozgo keede ınangım kelet,antkeni ushunday charbachilik kilsa tamagin da dayar,ishin da dayar.Azir kimden surasan ish jok, ish jok deshet,bashka janilik uga albaysin.Chindiginda karasan bardik olkodo ishsizder chekeden tabilat,Mina Turkiyanin ozundo ele ar kunu kabarlardan korsotot ish jok dep mitingge chikkandardi,bir jakka ketip jatsan korosun joldu tosup alishkanin.
Rossiyadan kelgen mindegen orustar dele bar ish izdep kelgen,a biz RFge kachabiz ish izdep.
0
nuradyl88
2011-12-06 12:10:36
бул шаар жеринде башкача айтканда бир ордунда камап бага турган шартта корсотулуптур. айыл жеринде кунуно бир тоок 120 граммдын жарымын жесе озун бактылуу эсептесе керек...
+2
bopos
2011-12-06 15:37:54
да,жакшы кенеш экен,рахмат супер инфо.ал эми nuradуl88 сиз жанылышасыз,айылда 120граммдан да коп жейт болуш керек.анткени огородун бары жем,эгер айылда жашаган туугандар болсо сурап коргуло.ал эми элифтин айтканы да туура жалколугу жалкообуз,чын эле тоок багып байыса да болчудай.
0
DeFoChka
2011-12-07 13:45:16
Мен 200тоок баккам го))))) бир жылдары
0
M.Lancer
2013-07-21 15:11:59
мен 6000 сомго 20 тоок сатып алып бага баштадым
анан ичинен 2 короозу бар
пайдасын эсептегендге баскан тоокторду кошпой калыптыр
эгер 2 тоогун эле басып 10дон 20 жожо кошулса 6000 сомун аклалды дей бкр
0
kg-bala87
2015-03-10 21:10:17
туугандар Инкубатор менен жожо чыгарып иш кылса кандай болот аябай кызыгып сатып алайын деп атам
0
№ 474, 2-8-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан