2009-ЖЫЛЫ БИЗДИ ЭМНЕЛЕР КҮТӨТ?

Кыргызстанда кандай окуялар болуп өтөт?

Ар бир жыл ар кандай окуяларга бай эмеспи. Андыктан, жыл аягында арт жакка кылчая карап, эмне окуялар болгону тууралуу жыйынтык чыгарабыз. Ошол эле кезде “келерки жылы бизди эмнелер күтөт?” деген суроо кызыктырбай койбойт. Бул жаатында Бишкектеги көзү ачыктар менен төлгөчүлөргө кайрылган элек. Алардын 2009-жылга карата божомолдору төмөнкүчө болду...

  • Февралдын 27-28деринде табият кырсыктарына байланыштуу окуялардын болуп өтүүсү мүмкүн.
  • Март-апрель айларында бийлик талашуулар күчөйт. Бийликте орун алмашуулар жүрөт. Бул көбүнчө министрликтерге тиешелүү.
  • Бийликтегилердин 5-6 чактысынын өмүрүнө коркунуч туулушу мүмкүн.
  • Жаз, жай айларында оппозиция күчүнө кирет. Оппозиция биригип, алардын көп максаттары ишке ашат. Ортого криминалдык күчтөр аралашып, коомду бир аз кооптондурат.
  • Кылмыштуу топтордун арасында тирешүүлөр курчуп, өз ара атышуулардын болуусу мүмкүн.
  • Жаз, жай айларында митингдер болот. Бул көбүнчө Ошто жана Чүйдө күтүлөт.
  • Терракт, жардыруулар болбойт.
  • Каржылык кыйынчылыктар январда жана августта күтүлөт. Кээ бир товарларды сырттан киргизүүгө тыюу салынат. Жайында чек ара убактылуу жабылышы мүмкүн. Андыктан, товарлардын баасы кымбатташы ыктымал.
  • Ошто, Нарында, Таласта кен байлыктардын ачылуусу күтүлүүдө.
  • 13-15-августта авто, авиакырсыктардын, жаратылыш кырсыктарынын болуп өтүшү ыктымал.
  • 21-27-ноябрь аралыгында жаракатка кабылуулардын көп болуу­су мүмкүн.
  • Жыл ичинде дем алуу органдарынын ооруларынан сырткары тери жана аллергиялык оорулар өсөт. Аллергиянын жаңы түрүнүн чыгышы ыктымал. Сибирь жарасынын очоктору чыгышы мүмкүн. Мал ылаңдары көбөйөт.
  • Диний кагылыштар болбойт. Бирок, бул жаатта Жалал-Абад жана Чүй облустарында майда жаңжал­дардын чыгуусу мүмкүн.
  • Жаздын аягында ун тартыштыгы байкалып, сырттан алынып келинет. Ундун жана ун азыктарынын баалары орточо деңгээлде өсөт.
  • Жазында Ош, Жалал-Абадда суу каптоолордун болуусу ыктымал. Ошондой эле, жазында кар көчкүлөр жана жер көчкүлөр жүрүп, адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирген учурлар Ош-Бишкек жолунда жана түштүк аймактарында күтүлүүсү мүмкүн. Адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирбеген жер титирөөлөр жаздын ортосунда жана жайдын аягында Таш-Көмүрдө, Алайда, жайдын башталышында Таласта жана көл аймагында болушу ыктымал.
  • Жыл ичинде маданиятка көп көңүл бурула баштайт. Чыгармачылык жаатта өсүүлөр болот.
  • Кыш ызгаардуу жана суук болот. Кар калың болбойт. Жазында жаан көп жаайт. Үшүк аздап жүргөнү менен, анчалык зыян келтирбейт. Жайында бир аз кургакчылык өкүм сүрөт. Күзүндө түшүм жакшы болот.
  • Мугалимдердин айлыгы кө­бөйү­шү мүмкүн.
  • Эркек балдар көп төрөлөт.
  • Жыл ичинде ички, тышкы миграция күчөйт.

Дүйнөдө күтүлүүчү окуялар

Белгилүү орусиялык астрологдор Павел Глоба, Ирина Звягина, Михаил Левин, Сергей Шестопалов, Александр Имширагич жана башкалардын 2009-жылы дүйнөдө боло турган окуяларга карата божомолдору төмөндөгүдөй:

Жыл жаңы мыйзамдарды кабыл алуунун же башкаруу жаатында жаңылыктардын киришинин жылы болот. Саясатта дээрлик диктатура өкүм сүрөт. Негизинен, консерваторлор бийлик жүргүзүшөт. Жылдын башында коомдо бийликке каршы массалык чыр-чатактардын же радиациядан массалык уулануулардын болушу мүмкүн. Дүйнөлүк кризис уланып, 2010-жылы системалуу болот. Кризис 2020-жылы гана аяктайт.

Жыл ичинде медициналык жабдыктарды жана компьютерлерди чыгаруучу ишканалар, ошондой эле темир жолго жана телекоммуникацияга тиешеси бар фирмалардын иши алга жылып, капчыктары калыңдайт. Жолу болуучуларга сүрөтчүлөр, кол өнөрчүлөр, акын-жазуучулар да кирет.

Жана да…

  • Бир нече өлкөлөр ортосунда куралдуу жаң­жал­дардын болушу мүмкүн.
  • НАТО жана БУУ позицияларын карап көрүп, башкача өзгөртүшөт.
  • Илимий ачылыштар болуп, кээ бир өлкөлөр ал ачылыштарды колдонууга өтөт. Мисалы, арзан, таза энергияны иштеп чыгарууну.
  • Ааламда саясый системалардын, идеологиялардын алмашуусу жүрөт.
  • Американын таасири алсызданып баштап, дүйнөлүк лидерлик Кытайга оойт.
  • Жазында жана күзүндө дүйнөдө суу каптоолор көп болот.
  • Январда жана апрелдин аягында кризистин анык “даамы” татылат.
  • Январдан тартып жаңы мыйзамдар, жаңы саясый лидерлер пайда боло баштайт.
  • 9-январда Орусиянын аймагында терракт же жардыруунун болушу мүмкүн.
  • 27-марттан тартып 15-апрелге чейин коомдо агрессивдүүлүк жана зомбулук, согушчул маанай өкүм сүрөт. Майда жаңжалдардын болуп өтүшү күтүлөт.
  • 9-15-апрель аралыгында Орусиянын Ыраакы Чыгышында чоң жер титирөөлөр, ал эми Кавказда терракттын болушу мүмкүн.
  • Орусияда оңчулдар партиясы кайрадан Думага келиши мүмкүн.
  • Августтун башынан (06.08.09) тар­тып дүйнөлүк экономикалык кризис курчуй баштайт.
  • Ноябрдын ортосунда кайсы бир материкте согуш же аскерий аракеттердин болуусу мүмкүн.
  • Украинада күтүлбөгөн өзгөрүү­лөр, шашылыш аракеттер жүрөт. Пикеттерден улам августта Украинанын Конституциясына өзгөрүүлөр кириши мүмкүн.
  • Жыл ичинде тери жана аллергиялык оорулар өсөт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 322, 2-8-январь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан