25-26-ноябрда Астанада панкратион боюнча Евразиянын жана Дүйнөнүн чемпиондук куру үчүн айыгышкан мелдеш өттү. Мелдешке Кыргызстан, Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын мыкты мушкерлери катышып, 65, 70, 80 килограмм салмактык категориялар боюнча мыктылар аныкталды.
Өзгөнү коюп, өзүбүздү айтсак, бул мелдеште Белек Абдижапаров (80 килограмм салмакта) Евразиянын чемпиондук курун жеңип алды. Эске салсак, бизден 4 мушкер аттанып, дагы бир мушкерибиз Барибай уулу Медетбек (70) Дүйнө чемпиондугу үчүн кармашта финалда жеңилүүгө дуушар болду. Калган экөө биринчи айлампада эле «учуп кетишкен».