АТ АРЫБАС, ГУС ХИДДИНК КАРЫБАС БОЛСОЧУ!

Атактуу голландиялык машыктыруучу Гус Хиддинк пайгамбар жашынан өтсө да, “Хиддинк алжыды, доору бүттү” деген кептерди төгүнгө чыгарып келген. Бирок Түркияны «ЕВРО-2012ге» чыгара албай, түрктөр аны менен келишимди үздү. Ишсиз калган Хиддинкке бир нече командалар «куда түшүп» жатса да, убактылуу эс алууну туура көрдү.

Туулган жылы – 1946-жыл, 8-ноябрь.
Туулган жери – Варссевелд шаары, Голландия.
Лакап аты – Сыйкырчы.
Жетишкендиктери – Футболчу катары баса белгилөөчү ийгилиги жок. 492 ирет майданга чыгып, 77 гол киргизген. Машыктыруучу катары клубдар арасында ПСВны машыктырып, 5 ирет Голландиянын чемпиондугун жана УЕФАнын Чемпиондор Лигасын уткан. Курама командалар арасында Орусия менен «Евро-2008де» 3-орунду ээлеген.
Үй-бүлөлүү. 2 уулдун атасы. Голландияда жашайт.

ЭМНЕ ҮЧҮН СЫЙКЫРЧЫ?
Футболдо машыктыруучунун ролу чоң экени талашсыз. Бирок көпчүлүк учурда ал оюнчулардын көлөкөсүндө калат. Гус көпчүлүктөн айырмаланып, өзүн мыкты менеджер катары көргөзө алды. Футбол орто өнүккөн өлкөлөрдү лидерлердин катарына кошуп, өзү да атак-даңкка жетти (Сыйкырчы аталып калышынын себеби ушунда. Корея, Орусия сыяктуу командаларды футболдук державага айлантуу – көпчүлүктүн колунан келе бербеген иш). Машыктыруучу деген кесиптин да аброюн өстүрдү.
Хиддинк учурда планетабыздын эң таанымал адамдарынын бири. Муну ага жолугууга өлкө президенттери келе баштаганынан көрсөк болот. Мисал келтирсек, спорт тили менен айтканда, ал аутсайдер болгон Түштүк Кореяны 2002-жылкы мундиалдын жарым финалына чейин жеткирсе, орусиялыктарга Европа чемпиондугунун коло медалдарын алып берди. Кызыгы, голландиялык адистин балалык кыялы такыр башка эле.

КЫЯЛЫ – ФЕРМЕР, КЫЛЫГЫ – ФУТБОЛ
Генерал кезинде катардагы жоокер болгондой эле Хиддинк да футболчу болгон. Анын бул чөйрөгө аралашуусуна атасынын кесиби себеп десек болот. Анткени атасы шаардык клубда футболчу жана мектепте дене тарбия мугалими болуп эмгектенчү. Ошол себептүү анын 6 уулу, анын ичинде Гус да 12 жашында жергиликтүү клуб – «Варссевелддин» футболдук академиясына окууга кирген. 21 жашында голландиялык “Де Графсхап” клубу менен профессионалдык келишимге кол коёт. Ошентип, чоң футболго жол ачылганда ал ПСВ, НЕК жана Американын “Вашингтон Дипломатс”, “Сан-Хосе Эртквейкс” клубдарында топ тоголотту.
1979-жылы Дене тарбия институтун аяктап, мектепте сабак бере баштаган. «Ат айланып казыгын табат» демекчи, Хиддинк 1981-жылы алгачкы клубу “Де Графсхапка” кайтат да, ойноочу-машыктыруучу (бир эле учурда машыктыруучунун да, оюнчунун да ролун аткарат) болуп калган. Көп өтпөй ПСВнын машыктыруучулар кеңешине кирип, 1987-жылы клубга башкы машыктыруучунун ордуна дайындалган. Алгачкы сезонунда эле Чемпиондор Лигасын жана өлкө чемпиондугун утуп, өзүнүн мыктылыгын көргөзө алган Гус кийин Түркиянын “Фенербахче”, Испаниянын “Валенсия”, “Реал”, “Бетис” сыяктуу клубдарында ийгиликтүү иш алпарган.
Балалык кыялдар унутулбайт эмеспи, Хиддинк кичинесинде жылкы багылган фермага көп баргандыктан, фермер болууну кыялданганын жашырбайт.

СҮЙҮҮ ЭМЕС, ДОСТУК!
Футболдон тышкаркы жашоосуна келсек, Хиддинк Ине Бёмкес аттуу айымга баш кошуп, Марк жана Майкл деген уулдуу болгон. «Жубайлар 30 жылдай чогуу жашап, ажырашты» делгени менен, расмий түрдө ажырашканы тууралуу маалымат жок. Учурда Хиддинктин жүрөгүн кара терилүү модель, өзүнөн бир топ жашка кичүү Элизабет аттуу айым бийлеп келет. Түгөйлөр 10 жылдан бери жарандык никеде жашашат. Бирок абышка Хиддинк «бул сүйүү эмес, жөн гана достук» деп тырышканы тырышкан. Атүгүл сүйүктүүсү тууралуу суроо узаткандарды кагып коёт.

ТЕНТИП ЖҮРҮП ТАПКАН ПАЙДАСЫ
Гус аке жарым өмүрүн мекенинин тышында өткөргөн. Төмөндө дербиштей дүйнө кезип жүрүп кандай пайда тапканын карап көрсөңүз болот.
Түштүк Корея. 2002-жылкы мундиалда Кореяны жарым финалга чыгарганы үчүн ал өлкөнүн алгачкы чет элдик ардактуу жараны аталып, Чежудо аралынан вилла белекке алган. Андан тышкары Кореянын бардык шаарында такси менен бекер жүрүүгө жана “Korean Air Lines”, “Asiana Airlines” компаниялары тарабынан бекер учууга шарт түзүлгөн. Ошондой эле Кванжу шаарындагы стадиондордун бири анын ысымын алып жүрөт.
Австралия. Жашыл континентте Хиддинк популярдуулугу жагынан кенгурудан кийинки эле орунда турат. Азыр да улуттук курама команданын оюндары “Гус жок, сөз жок!”, “Биз Гуска ишенебиз!” деген ураан менен коштолот.
Орусия. Орусияда Гус аке Гус Иваныч атка конуп, миллиондогон акчалардан тышкары «Эмгек сиңирген машыктыруучу» наамы менен сыйланган. Орусияда «арак ичесизби?» деген суроого «жок, мен орус эмесмин» деп жооп бергени көп айтылат.
Түркия. Бул мусулман өлкөсү Сыйкырчы Густун саякатынын акыркы аялдамасы болду көрүнөт. Ал түрктөрдүн ишенимин актап, «ЕВРО-2012ге» жолдомо утуп бере албады. Натыйжада, келишими мөөнөтүнөн мурда бузулуп, акчасыз калды.
Голландия. Хиддинк туулган жерине сыймык жаратты, албетте. Кызыгы, ал өлкөнүн казынасына сот аркылуу 45 миң евро айып пул төлөгөн. 2006-жылы Хертогенбос шаардык соту аны 2003-жылдан тарта өлкөгө салык төлөбөгөнү үчүн күнөөлүү деп таап, ушундай өкүм чыгарган.

ХИДДИНКТИН...
Жактырганы... Испан виносу, чоң теннис жана тил үйрөнүү. Эне тилинен тышкары англис, немис, француз, жана испан тилдеринде түш жоруйт.
Ийгилигинин сыры... Бул тууралуу Бразилия курама командасынын экс-башкы машыктыруучусу Карлос Дунга: “Хиддинктин ийгилигинин сыры – ал башта жергиликтүү футболду изилдеп чыгат да, өз фантазиясына эмес, оюнчулардын абалына карап команда түзүп, ийгиликке умтулганында”,- дейт.
Кирешеси... Хиддинк эң көп акча төлөнгөн машыктыруучулардын катарына кирет. Анын жылдык маянасы Орусияда жүргөндө 7 миллион евро болсо, Түркияда 3,7 миллион еврону түздү. Андан озгон жалгыз машыктыруучу – Фабио Капелло (Англия курама командасынын машыктыруучусу, жылдык маянасы – 8,8 миллион евро).

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 474, 2-8-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан