БИРИНЧИ КАНАЛ КИМДИ СОТКО БЕРЕТ?

Орусиянын биринчи каналы “Высоцкий. Бар экениңе рахмат” (“Высоцкий. Спасибо, что живой”) тасмасын мыйзамсыз көчүрүп таратып жиберген пираттык сайттарды жоопко тартуу суранычы менен прокуратурага кайрылды. Аталган арызга Биринчи каналдын продюсери Константин Эрнст кол койгон. Эске салсак, аталган фильмдин бет ачары декабрь айынын башында болмок. Андан соң фильмдин негизинде сериал тартылып, аталган каналдан көрсөтүлмөк. Мындан сырткары Константин Эрнст фильмдин продюсерлеринин бири экени белгилүү. Жогорудагы жагдай тасманын сатыкта киреше табуусуна таасирин тийгизеби же жокпу, күтө туралы.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
nukesh
2011-12-05 14:44:15
Россияда деген мыйзамсыз кочуруп алуу деген жайнайт бирок жазасын берсе жакшы болмок
0
Aikena
2011-12-05 18:49:32
соонун кино экен))ыйлапда жибердим
0
№ 474, 2-8-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан