Британиялык “Heat” журналы 30 жашка чейинки эң бай британиялык шоу-бизнес өкүлдөрүн аныкташты. Тизмеде 1-орунга Гарри Поттердин ролунан багы ачылган актёр, 22 жаштагы Дэниел Рэдклифф татып, жыл ичинде 80 миллион доллар киреше тапканга жетишиптир. Ал эми ушул эле фильмде роль жараткан актёрлор Эмма Уотсон менен Руперт Гринт 4-5-орундарга илинишкен. 2-орунду Кира Найтли 47 миллион доллар менен камсыздаса, учурда атагы таш жарган Роберт Паттинсон 38 миллион доллар таап, үчилтикке илинген.