«Күүгүмдүн» күйөрмандары күткөн күн да келип, тасманын 4-бөлүгү экранга чыкты. «Эдвард менен Белланын тагдыры кандай болот? Белла вампирге айланабы? «Күүгүм» качан бүтөт, деги?» деген суроолор сизди кызыктырып жатабы? Анда мындай суроолорго төмөнкү макала жооп берет.
Жанры – Драма, фантастика
Режиссёру – Билл Кондон
Продюсери – Вик Годфри, Стефани Майер, Карен Розенфельт
Сценарийди жазган – Стефани Майер
Оператору – Гильермо Наварро
Композитору – Картер Бёруэлл
Башкы ролдордо – Роберт Паттинсон, Кристен Стюарт, Тейлор Лотнер
Тасманын узактыгы – 1саат 57 мүнөт
Бюджети – 127 миллион доллар
Өлкөсү – АКШ
Бет ачары – 2011-жыл,17-ноябрь
БЕЛЛАНЫН ӨМҮРҮ КОРКУНУЧ АЛДЫНДА
Ошентип, Эдвард менен Белла тоскоолдуктарга карабай түбөлүк бирге болууну чечишет. Үлпөт тоюнун алдында кабатырланган Белланы Эдвард жылуу сөздөрү менен жубатып, сүйүктүүсү менен өлүм ажыратмайынча чогуу болорун айтып, ант берет.
Бразилиядагы бал айында өткөргөн кумарлуу күндөрдүн натыйжасында Белла кош бойлуу экенин билип, таң калуу менен кабыл алат. Анткени түйүлдүк кандай ымыркай экени баарына белгилүү эле. Ал же толук адам эмес, же толук вампир эмес, ортодогу жан болмок. Белла өмүрүнө коркунуч туулганына көз жумуп, наристесин жарыкка алып келүүнү туура көрөт. Эдвард “Белла, бул тукум сени жок кылат. Бул жандык үчүн сенин организмиң алсыздык кылат. Ал үчүн мен сенден кече албайм. Төрөбөй эле кой!” деп, бирок аны оюнан кайтара албай коёт. Ошентип, Белла Ренесми аттуу кыздуу болуп, төрөт учурундагы кыйынчылыктан улам эсин жоготот. Эдвард Белланы өзүнө келтирүү үчүн анын колу-бутун тиштеп чыгат. Ал эми Каллендердин кыздуу болгонун уккан кубулма карышкырлардын уруусу келип, алардын үйүн курчап алышат. Мындай кооптуу абалда Белланын досу Жейкоб жардамга келип, кубулма карышкыр досторунун мизин кайтарат. Анткени Жейкоб Белланын наристе кызын көрүп, анын көз карашына таасирленет... Тасма Белланын вампирге айланышы менен аяктайт.
ДҮЙНӨНҮ «КҮҮГҮМ» КАПТАГАНДА...
Мына, көпчүлүк сүйүп көргөн “Күүгүм” тасмасынын акыркы бөлүмдөрү тартылып бүтүп, өз финишине жетип калды. Эскерте кетсек, алгач бул хит тасма 2008-жылы жарыкка чыгып дүйнөнү багынтса, тасмадагы каармандардын ролун аткарган актёрлор Роберт Паттинсон, Кристен Стюарт, Тейлор Лотнер Голливуддун атактуу актёр-актрисасына айланышкан болчу. Биринчи жолу “Күүгүм” 2008-жылы, ал эми экинчиси – “Күүгүм. Жомок. Жаңырган ай” 2009-жылы, 2010-жылы “Күүгүм. Жомок. Тутулган ай” фильмдери чогулуп, дүйнөлүк сатыктан 1,8 миллиард доллар чогултушкан. Ал эми “Күүгүм. Жомок. Агарган таңдын” биринчи жана экинчи бөлүгү тартылып бүтүп, 1-бөлүгү учурда элдин сынына коюлган кези. 2-бөлүгү 2012-жылы жарыкка чыгары маалым.
ЭКИ БӨЛҮГҮ БИР УЧУРДА ТАРТЫЛГАН
“Күүгүм. Жомок. Агарган таңдын” 1- бөлүгүн тартууну 2010-жылы 7-ноябрда башташкан. 1-бөлүгү менен катар эле 2-бөлүгү да тартыла баштаган. Негизги окуялар Бразилиянын Рио-де-Жанейро жана Парати, Канаданын Ванкувер шаарларында жана АКШнын Луизиана штатында тартылган. Жалпысынан тартуу иши 101 күндө бүткөн. Эки фильмди бир мезгилде тарткан тартуучу топ үч өлкөнүн ар кайсы шаарларында чачырап жүрүп, бир топ эле кыйынчылык тартышкан.
Фильмдин продюсерлеринин бири Вик Годфри: “Режиссёр Билл Кондон менен иштешүүдөн чоң ырахат алдым. Чынында, өз ишин мыкты билген профессионалдар эмнени каалап жатканыңды айттырбай түшүнүшөт. Тартуу тобунда “Оскар” сыйлыгын алган мыкты оператор Гильермо Наварро, атайын эффекттердин үстүндө иштеген Жон Брунолор бар болчу. Жонго болгон кызыгуум “Аватардан” кийин күчөгөн эле. Ушундай дүйнөлүк кинематографиянын көзүрлөрү фильмдин жаралышына аралашып жатканда тасманын мыкты болорунан кымындай да күмөн санаган жокмун”,- дейт.
АКТЁРЛОР «ГОНОРАР АЗ» ДЕП ТААРЫНЫШКАН
Кино жаратуучуларга экинчи пландагы актёрлорду бекитүү кыйынга турган. Режиссёрлор Каллендердин үй-бүлө мүчөлөрүн ойногон актёрлордун курамын ошол бойдон эле калтырууну каалагандыктан, алар менен бир топ сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин гана макулдугун алган. Эске салсак, “Күүгүмдөгү” экинчи пландагы актёрлор “башкы каармандардын гонорары биздикинен үч эсе көп” деп арызданып чыккан жайы бар.
ЧЕКТЕН АШКАН КҮЙӨРМАНДАР
Бразилияда тартуу учурунда жергиликтүү күйөрмандардын Роберт Паттинсон менен Кристен Стюарт токтогон мейманкананы курчап алып, колдоруна плакаттарды кармап кыйкырып турушканы тартуучу топту таң калтырган. Аталган жайды мындай күйөрмандардан 250дөн ашуун адам коруп турган.
Лунара Бекиева
kino@super.kg