Мен корей тасмаларын жаштар гана көрөт го деп ойлочумун. 50 жаштагы бир эженин “Сен кереметсиң” сериалын күнү-түнү уктабай көрүп бүтүргөм” дегенин укканда таң калгам. Чын эле бул тасмаларды көрүп отуруп, баласынын ыйлаганын укпай калгандар да бар экен. Демек, түштүк кореялык ырчы, актёр жана модель Жан Гын Соктун жашоосу сиздер үчүн кызыгуу жаратат.
Туулган жылы – 1987-жыл, 4-август
Туулган жери – Түштүк Корея, Танян уезди, Чхунчхон-Пукто провинциясы
Баалаган актёру – Жеки Чан
Кыздарда баалаган сапаты – Чынчыл, акылдуу, стилдүү
Девизи – “Мүмкүн эмес болгон нерсе жок!”
Тартылган тасмалары – “Сен кереметсиң” (“Ты прекрасен”), “Бөбөк жана мен” (“Малыш и я”), “Бактылуу жашоо” (“Счастливая жизнь”), “Мэри түнү менен жок болду”(“Мэри не было всю ночь ”) жана башка. Мультфильмдерде дагы үн коштогон. Мисалы, “Байлык планетасы” (“Treasure Planet”), “Нико жана жылдыздарга карай жол” (“Niko & The Way to the Stars”).
«АКТЁРЛУК – МЕНИН ЖАШООМ»
Кыздарга окшогон сулуу корей актёрлорун көрүп алып суктанып, ошондой жигиттерди издеп жүргөн кыргыз кыздары азыр көп экени анык. Сиздер сүйгөн корей актёру Жан Гын Сок бир үй-бүлөнүн жалгыз баласы. Бул жылдыз актёрлук кесипти тандап алып, ушул жаатта талыкпай эмгектенип келет. Бирок ал кичинесинде башка кесиптин ээси болууну да самачу экен. Ак халат кийип элдин өмүрүн сактаган дарыгер болууну, машинаны жанындай жакшы көргөндүктөн айдоочу болууну, чочконун этин сүйгөндүктөн эт дүкөнүн ачууну да кыялданган учурлары болгон. Азыр болсо, “актёрлук – менин кыялым жана жашоом” дейт актёр.
Гын Сок 6 жашка чыкканда ата-энеси үйүн сатмай болушат. Тамды ала турган кардар таланттарды тандоо боюнча агент болуп иштегендиктен, ал кичинекей Гын Сокту көрүп, шыр эле аны моделдик агенттикке окутууну сунуштайт. Ошондон баштап моделдикке аралашып, 10 жашка чыккандан тарта телесериалдарга тартыла баштайт. Алгачкы ирет “Бакытты сатуу” ("Selling Happiness") деген телесериалга тартылат.
МЕКЕНДЕШТЕРИ АГА ЭМНЕГЕ ТААРЫНЫШАТ?
Мектепте япон тилин өз алдынча үйрөнө баштайт. Жогорку класска келгенде англис, япон тилдерин өздөштүрүү үчүн Жаңы Зеландияга барып 1 жыл окуйт. Бир жылдан кийин эле ага Кореядан тасмага тартылуу сунушу түшөт. Андыктан мекенине кайтууга туура келет. Ага “Токтобо-4” ("Nonstop-4") деген телеберүүдөн роль сунушташкан. Бул ролун жакшы ойнодум деп айтпайт, бирок ушул учурдан баштап өзүн актёрлук жактан өнүктүрүүгө күч жумшай баштаган. 2005-жылы тартылган “Прагадагы сүйүшкөндөр” ("Lovers in Рrague") япон телесериалында президенттин уулунун ролун ойногон. Бул роль ага популярдуулук алып келип, актёр күйөрмандарды топтойт. 2006-жылы Гын Сок япон экрандарына кире баштайт. Япон телеканалында “Бир кабыл алынбай калган чалуу” ("Оne missed call final") деген коркунучтуу тасмада дудук жигиттин ролун аткаруу үчүн жаңсоо аркылуу сүйлөшүүнү үйрөнгөн. Ырчы катары дебютун да Японияда жасаган. Буга ал “Японияда өзгөчө бир музыкалык стиль бар. Ал стиль мага жагат, мага жарашат” деп түшүндүрөт. Япон элине жакын болуп, ал өлкөгө көп каттагандыктан, Кореядагы күйөрмандары кээде ага таарынышат.
Гын Сок өзүнө “бардык нерсемди жоготуп алсам, мени кимдир бирөө эстээр бекен?” деген суроону көп узатарын айтат. “Атак деген самындын көбүгү сыяктуу, ал тез жана оңой эле жок болуп кетиши мүмкүн. А келечек дайым белгисиз” дейт ал.
«ЮБКАЧАН КЫЗДАР ТАТЫНАКАЙ КӨРҮНӨТ»
Ушул эле жылы 7-сентябрда ММКларда “Жан Гын Сок менен атактуу япон модели Макиму экөө сүйлөшүп жүрүшөт” деген сөз тараган. “Мындай күлкүлүү ушактарга комментарий бергим келбейт” деп жооп кайтарган актёр. Жеке жашоосу туурасында сүйлөшкөн кызы бар болсо да, аны коомчулукка жарыялабай турганын айтат. “Мен андай мамилелерди сүйүктүүмдү коргош үчүн болсо да сыр сактайм” деп айтканы бар. Мындан тышкары ушул убакытка чейин эч бир кыз менен сүйлөшпөгөнүн белгилейт.
Журналисттерге берген интервьюсунда алгачкы сүйүүсүн эске салып, “Жаңы Зеландияда окуп жүргөн учурда бир кыз мени назик тышкы көрүнүшүм үчүн сүйөрүн айткан. Кыз да мага жаккан. Бирок биринчи жолугушууда эле ал мага интимдик мамиле сунуштаган. Бул нерсе мени коркутту. Ошон үчүн мен аны менен жолукпай коюуну чечкем”.
Гын Сок идеалындагы айымын мындайча сүрөттөйт: “Кызга караганда биринчи эле анын көздөрүнө көңүл бурам. Көз – адамдын жан дүйнөсүнүн күзгүсү, ал чоң мааниге ээ. Эгер көзү менен эмоциясын бере алган кызга жолуксам, кармана алмак эмесмин. Мага сулуу, бат тил табыша алган, боорукер кыздар жагат. Кыз юбка кийсе андан да жакшы. Анткени юбка кийген ар бир кыз татынакай көрүнөт. Чыныгы сүйүүгө сөз келгенде, аны баары эле таба албайт. Мен өзүмдүн жарымымды жолуктурсам, анда шыр эле үйлөнмөкмүн. Аялымдын шоу-бизнестен болушун каалабайм. Артисттердин бош убактысы дээрлик болбойт. Мага көп көңүл бөлгөн, мени колдогон, бардык маселелерин мени менен бөлүшкөн айым керек”.
КЫЗЫКТАР
Перизат Музуратбекова
star@super.kg