Кылт эткен жерден эле пайда тапкысы келгендердин саны барган сайын көбөйдү. Бул каарманыбыз чоң киши эмес, каршылык көрсөтө албаган жеткинчектерди алдап, коркутуп, баалуу буюмдарын илип кетчү экен. Кызыгы, ал өзү деле19 гана жашта.
“БООРУКЕР” ЭЖЕГЕ ИШЕНИШИП...
Ысык-Ата райондук милиция кызматкерлерине “белгисиз адам 2-3-класстын кыздарынын алтын сөйкөлөрүн, уюлдук телефондорун тоноп алып жүрөт” деген арыздар көп түшө баштаган. Арыздарды караган оперкызматкерлер шектүү адам бир сценарий менен, балдарды мектептин жанынан же көчөдөн тоноп жатканын байкашат. Издөөдөгү адам балдарга дайыма алардын ата-энесин тааный турганын саймедиреп, жакшы адам болуп ээрчитип баратып, “жолдо жаман адамдар турушат, коркунучсуз болушу үчүн сен баалуу буюмдарыңды мага каттырып кой” деп алдай турган. Наристенин дүйнөсү баёо жана ишенчээк эмеспи. Ач кенедей жабышкан немеге уюлдук телефонун же алтын сөйкөлөрүн берип коюшуп, алдап кеткен “боорукер” эжесин "качан келет?" деп бир нече саат бою күтүшчү. Биздин каармандын курмандыктары көздөрү шишигенче ыйлап үйүнө кетүүгө аргасыз эле.
Ошентип, “дайыма эле арам жол менен оңой акча таап жүрө берем” деген оюн таш каап, Чүй ОИИБинин кызматкерлери тарабынан көптөн бери кичинекей балдарды тоноп жүргөн адам акыры кармалды. Ал эч жерде иштебеген, окубаган 19 жаштагы Айнура Жумабаева аттуу Токмок шаарынын тургуну болуп чыкты. Тергөөдө аныкталгандай, Айнура бир нече жолу мектептин кенже классынын окуучуларын алдап, жанындагы уюлдук телефондорун, алтын буюмдарын тоноп жүргөн экен. Сөйкөлөрүн, уюлдук телефондорун тоноткон кыздар Айнураны "ушул тоногон" деп көрсөтүп беришкен. Учурда Ысык-Ата РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан тоноо беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
ТОНОГОН ФАКТЫЛАР
Айнура учурда убактылуу кармоочу жайда отурат. Камеранын алдында берилген суроолорго төмөнкүчө жооп берди:
– Аты-жөнүң?
– Жумабаева Айнура Токтобаевна.
– Кайсы жылы туулгансың?
– 1992-жылы.
– Кайсы жакта төрөлгөнсүң?
– Таласта.
– Милиция эмне үчүн кармады эле?
– 167-берене менен.
– Качан, эмне кылдың эле?
– Эч нерсе эсимде жок.
– Эмне менен алектенесиң?
– Эч жерде иштебейм, окубайм.
– Бүгүнкү күндө кайда, ким менен жашайсың?
– Токмокто. Күйөөм менен.
– Качан турмушка чыктың эле?
– Үч ай, ой, үч жума болду.
"Милиция кызматкерлери “алтын буюмдарды тоногон” деп айтып жатышат, кененирээк айтып берсең..." деген суроого жооп берүүдөн баш тартып койду.
“7 ФАКТЫГА ТИЙИШТИГИ БАР ЭКЕНДИГИ АНЫКТАЛДЫ”
Чүй ОИИБинин маалымат кызматынын башчысы Карима Аманкулова буларга токтолду:
– Атайын жүргүзүлгөн иш-чаранын натыйжасында 16-ноябрда Чүй ОИИБинин жана Ысык-Ата РИИБинин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан мектептин кенже классынын окуучуларын тоноп жүргөн Айнура Жумабаева аттуу Токмок шаарынын тургуну кармалды. Азыркы учурда анын тоноо жана алдамчылык боюнча 7 фактыга тийиштиги бар экендиги аныкталды. Ал 2-3-класстын окуучуларынын уюлдук телефондорун, алтын сөйкөлөрүн чечип алып турган. Бир жолу окуучуларды тоноо максатында мектепке жаңы мугалим катары киргендиги да маалым болду. Азыркы учурда ал Ысык-Ата РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.
Бул кыздан жабыркагандардын саны дагы өсүшү мүмкүн. Жабыркагандар болсо, Ысык-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө төмөнкү телефондор боюнча кайрылыңыздар: (0312) 61-69-07, (03132) 5-21-47
БАЛАНЫ ДА САКТЫККА ҮЙРӨТҮҮ КЕРЕК
Сиздин балаңыз кылмышкерлердин курмандыгы болуп калбасын десеңиз, кээ бир эрежелерди кармануу зарыл.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg