Мир Үсөнбаев, КР Эл артисти, Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын директору: «КӨШӨГӨНҮ ЖАПКЫЛА» ДЕГЕН КӨРСӨТМӨ БЕРГЕН ЭМЕСМИН»
(Замирбек Үсөнбаев)
Өткөн саныбызда “17-ноябрда өткөн Омардын концертинде филармония концертти бүтүрбөй көшөгөнү жаап салды” деп жазганбыз. Макаладан улам Маданият министрлиги, андан өтүп филармония жетекчилиги дүрбөлөңгө түшүштү.
– Омардын менеджери – Миргүл деген кыз бизге келип, «мага жардамдашып койсоңор» дегенинен макул болгонбуз. Филармонияда концерт берүүнүн убактысы 2 саат. Ал эми көшөгөнү жаап салган балдар тиешелүү жазасын алышты. Мен тараптан «көшөгөнү жапкыла» деген көрсөтмө болгон эмес. Бирок өз убактысынан өтүп кетсе да, концертти уланта беришиптир. Бизде мындай учур сейрек, биринчи жолу болуп жатат. Анан “бут тосуулар болду” деп интервью бергени туура эмес. Мен Омардын чыгармачылыгы менен тааныш болсом да, ал ырчыны ошол концерттин алдында көрдүм. Омарды колдогонум үчүн филармонияда концерт коюуга уруксат бергем. 1500 адам филармонияга батпайт, сыйымдуулугу 1100 эле кишилик. Көшөгөнү эмнеге жабышканын ушул жерде иштеген балдар айтып беришсин,- деди Мир Үсөнбаев.
Маданият ордосунун кызматкерлери: «Келишим боюнча концертке 2 саат убакыт берилген. Алар слайд-шоу, анан демөөрчүлөрүн жарнамалап отуруп кеч башташты. Айтылган убакыттан 1 саат 10 мүнөт ашып кетти. Анын 10 мүнөтүн филармония кошуп берди. Эгер 2 ыры калса, бир аз убакыт кошуп берели деп турганбыз. Сурасак, дагы 6-7 номери бар экенин айтышты. Эми ар бир ыр 3-4 мүнөттү түзсө деле бир топ убакытка созулат да. Туптуура 3 саат 10 мүнөт дегенде гана көшөгөнү жабууга аргасыз болдук»,- деп билдиришти.
Филармонияда ырдайм деген ырчылардын кулагына күмүш сырга! Концертиңер 2 сааттан ашпашы керек. Филармония 10 мүнөт белекке берет, андан да ашып кетсең, мага демектен Машаяк болсоң да көшөгө жабылат! Мына ушундай, туугандар.
Бурул Исмаилова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Туура, мага ушул тартиптери абдан жакты. Ушинтип анан тактыкка конбосок, эртен эле оозго алар бирден бир МАДАНИЯТ УЙУБУЗ спорт ордосунун кейпин кийип калышы ыктымал.
концертти баштаганда минут, сааты менен башаташ керек, эл да конот ошого кечикпестен...30-40 минут обу жоктонушуп кеч башташат анан албетте ушундай болот... бирок Омардын конц. мындай окуя болбосо жакшы болмок экен...
Ырдап жатса кошогону жаап койгондору туура эмес,Филармониянын бир жери кемип кетеби жарым саат кошуп койсо.
баардык убакыт рекламага кеткен турбайбы,
Баягы эле Кыргызчылык да,концерт буткучо кошогону жаппай эле койсо болмок.Филармониянын сахнасы нан,чоп,суу сурабайт го,ичи тарлыктын да чеги болот.
Filarmonijanyn jetekchileri saatyna karap arendasyn alyshsa bolmok,kancha kop saat bolso oshoncho kop akcha tushot ,any jumushchulardyn majanasyna koshup kojso bolot da.
бул жакта Омардын менеджери начар иштеген. бут баарын билип тактап койгондо минтип филармонияны да озун да жаманатты кылбайт болчу
Омор талантуу жигит, канча бут тоссо да артка кайтпайт. Ушунчалык эле маданиятсыз адамды ким койду экен ал жерге жетекчи кылып? Омардын концерти болоор куну тактыкты билип калышыптырбы? Бул кылгандары туура эмес. Замирбек Үсөнбаевден мындайды куткон эмес элем. Озу деле сахнанын адам го.
Катачылыктар болбой койбойт. Бирок Замир мырза таланттуу, онорлуу адамды колдоп койсо болмок экен, мынтип жумушчуларга шылтаганы жон гана жоопкерчиликтен качканы. Ансыз деле Омардай жандуу ун менен ырдаган жаш ырчыларыбыз саналуу гана да.
Филармониянын кызматкерлеринин бул жоругу көрүүчүлөрдү сыйлабагандыгы.
концертти уюштурган менеджер куноолуу, канча саат болот ,такташ керек эле да , 2 саатка деп анан 3 саатан кийин да журо бербей , филармониянын кызматкерлери ушунчалык так болсонор эмне учун бир дагы башта кошого жабылган эмес? концерт ар дайым кеч башталат го бизде !!!! Омарды эл сыйлайт !!! силер элди сыйлашынпр керек болчу !!! саатын узуртса деле болмок !!! Ото томон маданияттуу аддамдар иштейт турбайбы филармонияда ?!!!
Омарды сыйлайм ырчы катары, бирок бул чон сабак Омарга эле эмес, калган биздин ырчыларыбызга, ар бир ишти так жана айтылган убагында кылуу керек. Бизди (кыргыздарды) ушинтип кондуруш керек. Боло берет дей берип баш аламандыкка эле кетип атабыз...
А ,
koncertte men bolgom,ech kandai 3 saat bolgon emes, 2saattan ancha myncha awkandyr. bul jalgan suilogondon uyalsa bolmok direktor. anan bul jerde ech kimdin kunoosu jok,bir gana filarmonia kunoolu, bul koralbastyk dep atalat. omardyn menejeri jash kyz menin biliwimche, birok jaw bolso dagy uwundai chon iwterdi atkaryp jurgonuno azamat dep gana aita alam. Omar azamatsyn, orkunun ossun.
Филармониянын башынан эле убакыт саатка катуу талабы бар. Бул жай Спорт Ордосуна окшоп концертти кеч баштабайт. Филармониядагы концерт ар дайым тактыгы жана уккулуктуулугу менен айырмаланып келген. Анын устуно, мен озум бул жерге концертке коруучу катары коп барып алардын тактыгын билемин. Андыктан эч кандай деле бут тосуу болгон эмес деп ойлоп жатам.