Атай Өмүрзаков: «ГОЛЛИВУДДАН СУНУШ ТҮШТҮ»

Өзгөчө бийи менен дүйнө элдерин четинен багындырып келе жаткан Атай Словакиянын борбору – Братиславада өткөн “Чехия-Словакияда таланттар бар” сынагын жеңип, 100 000 евронун ээси болуп кайтты. Биз да Атайды гүлдесте, кучак толо кубаныч менен тосуп алдык.

– Атай, кыргыз элиңе дагы бир даңк алып келдиң, куттуктайм!
– Рахмат. Бул долбоорго жайдан бери эле катышып жүрөм. Өзүңүздөр билгендей, жайында 1-турга катышып келгем. Сынакка досум Милан чакырган болчу. Ошол досум 1-турдан финалга чейин жардам берди. 1-турда кыргыз бийине окшоштуруп бийледим. Бирок ушул жактан казак музыкасын алдым, анткени мага ылайык келген кыргызча заманбап музыка таппай койгон элем. Ал эми жарым финалда калыстар өздөрү “Валлини” бийле” деп суранып туруп алышты. Финалга жаңы бий тартуулаганга убакыт тар болуп калгандыктан, “Периште менен шайтан” деген бийимди кичине өзгөртүп бийлеп чыктым. Чынын айтканда, көрүүчүлөр тура калып кол чаап, аябай колдоо көрсөтүштү.
– “Лас-Вегаска чехтердин атынан сахнага чыгуудан баш тартты” деген маалыматтар тарап жатат...
– Негизи, бул сынактан уткан адам Лас-Вегаска жолдомо алып, ал жактан өзүнүн талантын көрсөтмөк. Эгер Чехиянын атынан талантымды тартуулай турган болсом, Лас-Вегаска баруудан баш тартам. Мен кыргыз элимдин атынан гана сахнага чыгам.
– Байгеңди эмнеге коротууну пландап койдуң?
– Албетте, байгемдин 70 пайызын апама берем. Ал эми калганын бий үйрөтүп жаткан балдарга жумшайм. Алар да учурда чет жерлерден сынактарга чакырууларды алып жатышат.
– Бул сынактан кийин Голливуддун бир белгилүү продюсеринин сунушунан баш тартыптырсың...
– Ооба, сунуш түштү, атүгүл мени Леди Гагадай дүйнөлүк деңгээлге чыгарам деди. Бирок мен башынан эле айтып келе жатпаймынбы, бийди таштайм деп. Эми өзүмдүн бардык энергиямды бизнес иштерине арнайм.

Бахияна Сатылганова

 Кыстарылган видео 
Атай Өмүрзаков сүйүнүчү менен бөлүштү
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (41)
arzuu1
2011-12-06 20:45:07
Азаматсын Атай, сендей жигиттерибиз бар экенине кубанабыз. Бийчи болсон да, бизнесмен болсон да сени ийгилик гана коштосун!
0
Arsew
2011-12-07 05:23:09
Атай утуп алган акчанды,эми эмнеге кетирсем деп башын айланып жатса керек,Атай унутпа жетим осуп жашаган балдарды дагы...бирок азаматсын Атай оркундоп осо бер!!!
0
gulkg
2011-12-07 11:11:55
atai barakelde,soz jok..kyrgyzymdyn sendei jigitteri kop bolsun.seni mn syimyktanabyz..
0
Mirlanbek1405
2011-12-07 21:41:24
Азаматсың Атай!Өнөрүң өркүндөй берсин!
0
dina
2011-12-08 14:51:36
Атай, супеееееееееееееееееееееееер!
0
asankaigy
2011-12-08 17:11:59
Azamatsyn Atai men da iylagym kelip ketti suyungonumdon Atai men da balamdy saga okshop biyleshin kaalaimyn
0
talgat_kg
2011-12-08 17:27:34
Ну вообще красавчик,Молодец -Атай!!!!!!!!!Я очень рад что у нас есть такие патриоты!!!!!!!желаю побольше здоровья,успехов,счастья,всего всего хорошего что есть на земле !!!!!!творческих успехов тебе Атай!
0
nolvan
2011-12-08 17:53:14
Азаматсын атай. Ийгилик сага
0
KGTaLaS
2011-12-08 23:07:25
Азаматсын Атай!баш тартпай эле бара берсен болмок да
0
ajara140295
2011-12-09 23:16:35
Биринчи жолу сени БАРАКЕДЕден коргондо эле сенин азыркы денгээлге жетишини сезгенмин. Ийгилик!
0
aksy
2011-12-10 20:33:46
Talantty sonun bala,birok biidi tashtaim,biznesti onyktyrom degeni maga jakpady,kandaidyr bir bailykka jetyy ychyn biilegendei tuiulup jatat!!!
0
kyrghyz
2011-12-12 02:22:33
Молодец Атай! Научи остальных танцевать!
0
elkaelka
2011-12-21 06:06:50
rahmat Atai!!! utushundu ugup alyp suiungonumdon yilagym kelgen.azyr da okup atyp jashyldanyp kettim.saga germaniyadagy kyrgyzstandyk nemisterden choon salam!!!
0
stafs
2012-02-15 18:38:56
Алтыным кыргызча суйлогон оозунан ананайын! Сенин биринчи бийинин коруп, суйунгонумон кол чап, ыйладым эле... Биз сени менен сыймыктанабыз! Азаматсын! Ийгилик жана ден соолук каалайм!
0
shayr4ik.kg
2012-03-17 15:10:42
азаматсын Атай !
0
№ 474, 2-8-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА