КЕЛДИБЕКОВ ЭЭРДЕН ШЫПЫРЫЛАБЫ?

Өткөөл мезгил өз соңуна чыгып бара жатат. Буга Жогорку Кеңештеги чоң жаңжалдын башталышы айкын далил. “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев спикер Ахматбек Келдибековдун кызмат учурунда кетирген бир топ катачылыктарын эске алып, ага ишеним көрсөтпөө менен төрагалыктан кетирүү керектигин айтып чыкты.

“КӨЛБАЕВДИН “КАПРИЗДЕ” БОЛГОНУН БИЛБЕГЕМ”
Жылдын башынан старт алган ЖКнын төрагасы Ахматбек Келдибековдун ызы-чуулуу окуялары телеканалдардын эфиринен, гезит беттеринен түшпөй келет. “Жаңы жылды криматалык Камчы Көлбаев менен тосуптур” деген кептен бери аны четке каккан же далилдеген адам болгон эмес. “Ата Мекендин” фракциясында бул маселе кабыргасынан коюлганда Ахматбек мырза: "Каприз" деген – чоң эс алуучу жай. Канчалаган адам келет ал жерге, өтө чоң зал да. Мен Көлбаевдин ал жерде экенинен кабарым да жок эле",- деп актанды. Билбегени чын болсо, спикер менен криматалыктын бир залда отурганын билбеген жан сакчылары, баарынан да төраганы кайтаруучу УКМКнын кызматкерлери эмнени карап жүргөнү белгисиз.
Депутат Жоомарт Сапарбаев спикер кетирген бир топ катачылыктарды эсептеп, айрыкча анын миллиондогон сомдорду сапырып жүргөн чет өлкөлөргө болгон сапарларын белгиледи. “Келдибеков Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Жаныбек Бакчиев менен Орусияга жеке учакта барып келип, ага 70 миң доллар сарпталган”,- деди депутат. Коомчулукка жарыяланбаган бул сапар сабак болбогон чыгар, спикер кийин Түркияга да жашыруун барып келгендиги айтылган. Буга да кебелбеген Келдибеков “менин аттуу-баштуу досторум көп, алар өздөрү учак менен келип мени алып кетип турушкан” деп жооп берди.

ЭКИ ЖАК БИРИ-БИРИН СОТКО БЕРИШЕТ
Компроматтын артынан компромат жааган бул жыйын Ахматбек Келдибеков менен Өмүрбек Текебаевдин бири-бирин "сотко беребиз" деген билдирүүсү менен аяктады. “Ата Мекен” фракциясы “биз спикердин кызматтан кетишин талап кылабыз” деген бүтүм чыгарышты. Мунун баарына төрага “Текебаев менин ордума барыш үчүн уюштурду” деп жар салууга жетишти. Бирок көп өтпөй эле Өмүрбек Текебаев “эгерде Келдибеков спикерликтен шыпырылса, мен өз атымдан анын кызматына барбай турганымды билдирем” деди. Демек, бул чууну кызмат үчүн эмес, “ата мекенчилердин” милдетин так аткара албаган аткаминерлер менен болгон күрөшү десе болчудай.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
zikonostra
2011-12-05 20:57:42
Текебаевке беришсинчи кандай иштейт экен, королу. Ушу кишинин баг ачылбады тегеле. Тобо...
0
Fatimka
2011-12-05 21:12:29
бийликтен Ахматбековго окшогондорду кетириш керек. Ал озу учун иштеген киши. эл учун эмес.
0
Fatimka
2011-12-05 21:13:39
Т.е. Келдибековду.
0
Diana-16
2011-12-05 22:06:02
Кыргызда мындай соз бар ит уро берет кербен журо берет дегендей анын сынарындай Текебаевди итке салыштырып койдум мен бир туруп Бабановко дагы ушундай сын пикир айтып урду эле далилдей алган жокко куноосун Текебаевдин ушундай оорусу бар окшойт мезгил мезгили менен кармап турган
0
Diana-16
2011-12-05 22:09:58
Fatimka эмнеге кетириш керек бир причинасын айтчы Текебаевге окшоп жон эле былжырай бербей
0
Shaki
2011-12-06 11:23:58
Diana-16, Tekebaev ele emes Ata meken partiasy kotorup,Akmattyn mai baskan kozun ach deship chyrkyrap jatyshat,mamlekettik budgettke chygym keltirgeni faktylar m-n aityshyp jatkanyn okugan joksunbu,je senin da kozundu mai basyp kaldy bele?
0
Kagan
2011-12-06 13:53:13
Diana-16, Бул компроматтарды жеке эле Текебаев которгон жок Ата - Мекен пртиясы которуп жатат (туура кылат иштей албаган депутаттарды кетиртиш керек бул жеке эле Келдибековго тиешелуу эмес...)
0
iamfirst
2011-12-06 13:13:30
Шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт, Ата-мекен партиясы бардык далилдер менен Келдибековду козго сайып жатпайбы. Эрте эле тескери анализ жургузо бербей кубо бололу, аягына чыгышса экен.
0
makkg
2011-12-06 18:12:53
Bul Atambaevdin dagi bir metodu. Tekebaevdi saga bolo beret suyloy ber dep buyruktu berdi da.Anan al biljirap jatat. Atambaev Ahmetbek menen ishtey albashina kozu jetip turbaybi. Bardigi ele kayra ele Akaev, Bakievdin biyliginen ayrimasi jok biylik ornotulat . Karap tursanar ishenbesener
0
bolot.88
2011-12-06 18:59:42
бул текебаев дегенинер качан болбосун кимдир бироого каршы.тынч жашабайт экенда.Уят омуке байке.
0
akylbekkg
2011-12-07 09:23:49
Ахмат давно кетиш керек болчу! Мунун баары чындык!Муну кетирип эле эмес атып салса да аздык кылат!
0
mirka
2011-12-07 20:57:45
келдибеков ошондой болсо аны текебаев эмес президент иштен алыш керек коз алдында болуп жаткан коррупцияны атамбаев байкабамыш болуп койсо анда олгонубуз ошол, тиги бийликке келсин-муну бийликке коюлу деген кошаматчылар кана эми тигини коррупционерди иштен алгыла деп оздоу чыкпайбы пикетке
0
Шаиста Шатманова
2011-12-08 11:05:03
mirka, Президент спикерди бийликтен албайт, депутаттар чечет аны. Анын устуно "Капризде" Ахматбек Келдибеков менен Камчы Колбаевдин жолукканы далилденди. Бул Келдибеков учун эн чон минус. Бугунку спикерлик кызматы учун эле эмес, дегеле карьерасы учун. Буга чейин бийлик тоболдорунун кримдуйно менен байланышы бар деп айтылып келсе да далилдер менен аныкталган эмес, Жаныш Бакиевден башкасыныкы. Келдибековдун "быкыйлары" расмий турдо далилденип калды. Бул жалпы Кыргызстан учун да уят иш.
0
mirka
2011-12-07 20:59:06
атамекенчилерге келдибеков жакпаса чыккыла митинге, ачарчылык жарыялагыла антпесенер эргулдар ээрден тушпойм дейт
0
mirka
2011-12-07 21:00:34
тфу-тфу-тфу политика эмес балитика, туз адамды да ушакчы жинди кылат... тфу-тфу-тфу алыс эле бололу силерден палитиктер.
0
Acer
2011-12-08 10:38:32
Бакиев акасынын озу экен го. Ойунда туболукко отурам дегендей кылып жатат го. Анан дагы Капризде Колбаев менен бирге болуп калганын байкабай калган имиш. Дубайга Колбаева менен бирге бир рейске отуруп калганы кокустук имищ. Вот умник элдин баарын озундой ойлойт окшойт.
0
Aksandyk
2011-12-08 19:10:46
бул Атамбаевдин иши деп ойлойм,себеби Президент озуно ишенген адамды койотта ал ишенгени Текебаевда,эсинерде болсо Атамбаев у.н Текебаев Президенттиктен баш тарткан эле,эми Атамбаевден жооп болуш керекта
0
sher099081
2011-12-11 00:15:51
Чукусанар баарынан сасык бок чыгат! (окуп жаткан сенинда...!)
Сырттан карап сынчы болуп силерда чукуй бербей эртенки кунду ойлосонор...
0
№ 474, 2-8-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан