Бир канча күндөн бери Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынан келген 100гө чукул адам Балыкчыда «Кумтөр» алтын казып алуучу ишканасына каршы митингге чыгышууда. Алардын негизги койгон талабы – 2009-жылы экс-премьер-министр Игорь Чудинов кол коюп, Кыргызстан менен “Камеко” ишканасы ортосунда түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу. “Түшкөн пайданын 70 пайызы Кыргызстанга берилиши керек. Алардын экологияга жана Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абаддын жашоочуларынын ден соолугуна тийгизген зыянын аныкташ керек”,- дейт “Кумтөр” элдики” кыймылынын башчысы Самат Алиев.
Ал эми “Кумтөр” ишканасы митингчилердин ашуу алдындагы базанын жолун тосуп алгандыгы түз эле бюджетке түшө турган каражаттын азайышына түрткү болорун билдирүүдө. Ошол эле учурда “Кыргызалтын” ишканасынын башчысы Осмонбек Артыкбаев: “Бул акциянын артында кандайдыр бир күчтөр тургандай сезилип жатат. Албетте, биз митингчилердин талабын карап чыгууга даярбыз, бирок буга убакыт талап кылынат”,- деди.