Жакында эле депутат Дастан Бекешов катышкан рейдде кол тийбестик талону менен жол эрежесин бузган адам кармалган. Мындай талонду Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев бергени маалым болгон. Көп өтпөй эле ИИМ Дастан Бекешовдун 1980-жылкы агасы Руслан Бекешовдун 8 ширеңке кутусуна салынган баңгизат менен кармалганы тууралуу маалымат таратты.
Депутаттын айтымында, бул анын Ички иштер министрлигин сындаганы үчүн жасалган саясий чабуул. “Адатта, ИИМ кармалгандар тууралуу маалыматта адамдын аты-жөнүнүн баш тамгаларын гана берет. Бирок агамдын аты-жөнү ачык-айрым жазылып, маалымат кеңири таратылганы алардын мага каршы жасаган чабуулун айгинелейт”,- деди ал.